3-августта түнкү саат үчтөр чамасында Аламүдүн районунда бир нече адам мас болуп кафенин кардарлары тарапка тапанчадан ок атышкан. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, бул окуя «Алматы» кафесинин жанында катталган. Чүй ОИИББинин оперативдүү тергөө тобу СОБР кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерге барышып, кароо жүргүзүүдө 54 гильза жана 1 ок табылган. «Перехват» планы киргизилип, анын алкагында Хонда Степвагон автоунаасы кармалган. Машинанын ичин тинтүү учурунда колдонулган 1 гильза табылып, тартылып алынган. Мындан сырткары
30-32 жаштардагы Ош облусунун 5 тургуну колго түшүрүлүп, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан «ээн баштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg