Чүй облустук ИИББинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Сокулук районунда бирөөнүн автоунаасын уурдап, кийин өрттөп жиберген» деп шектелген 26 жаштагы тургун кармалды. 5-августта милицияга 36 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 20-июлда короосунда турган ВАЗ-2101 үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөө уурдап кеткендигин билдирген. Белгилүү болгондой, кылмышкер автоунаанын каптал терезесин талкалап кирип, зымдарды тийиштирип от алдырып уурдап кеткен. Кылмышкер уурдалган жигулини бир нече күн айдап жүрүп андан соң кылмышын жашыруу максатында машинаны өрттөп жиберген. Издөө-иликтөө иштеринин натыйжасында оперлер тарабынан бул кылмышка шектелип арыз жазган адамдын чала таанышы, 26 жаштагы Сокулук районунун тургуну Ж.В. кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg