ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 12 КИШИ ЖАБЫР ТАРТТЫ

3-августта болжол менен саат 13:30 чамасында Ысык-Ата районунда 4 автоунаа катышкан жол кырсыгы болду. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, Тойота Королла автоунаасынын 18 жаштагы айдоочусу К.Константин аттуу Бишкек шаарынын тургуну Бишкек-Кемин унаа жолунун 5-чакырымында баратып Хунь-Янь үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны ашып өтөм деп каршы келе жаткан Мерседес Спринтер кичи автобусу менен сүзүшкөн.
Сүзүшүүнүн айынан 28 жаштагы Р.Азамат башкарып келе жаткан кичи автобус аңтарылып, ал эми жеңил унаа жүк ташуучу унаанын капталына урунган.
Бусиктин артынан келе жаткан дагы бир Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобус токтогонго жетишпей, ал да урунган.
Жол кырсыгынын кесепетинен ар кандай жаракат алып ооруканаларга 12 киши жеткирилген. Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Ысык-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү иликтөө жүргүзүп жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
fialka_90
2013-08-13 10:41:42
кудай сактасын
0
uvay
2013-08-13 15:58:06
ошондойлорду уксам машинага отургум келбейт.раса корком,кудай бир сактаптыр.
0
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан