«ООРУ МЕНЕН АЛЫШСАМ ДА АКЫНДЫКТЫ ТАШТАБАЙМ»

Каарманыбыз Талас районуна караштуу Калба айылында жарык дүйнөгө келген. Ооруганына карабай айылдын орто мектебинде кыргыз тили, адабияты сабагынан мугалим болуп иштейт. «Мени оорукчан деп кемсинткендер да бар» деген 24 жаштагы Азиз Батыркулов тагдырын айтып берди.

– Азиз, кепти акындыкка болгон сапарыңдан баштасак...
– Мындан 6 жыл мурун алгачкы «Көк асман» аттуу ырым облустук гезитке чыккан. Андан соң сыналгыдан, үналгыдан, башка гезиттерден чыга баштады. Акын болуп калуума өзүмдүн тагдырым себепчи болду десем болот. Анткени 6 жаш курагымда аттан кулап катуу жаракат алгам. Бир бутум, бир колум иштебейт. Бирок «мен ушундаймын» деп Жаратканга наалат келтирип, тагдырыма таарынбайм. Ооруну эмгек менен жеңгенге аракет кылам.
2010-жылы облустук деңгээлдеги жаш акындардын сынагында 1-орунду ээлеп, Түгөлбай Казаковдун колунан баш байгени алгам. Бул жерде менин демиме дем кошкон дагы бир нерсе бар. Асан Токоев атындагы жаш акындар ийриминин окутуучусу, биздин устатыбыз Койчуман Тыналиев көз жумардын алдында мага керээз калтырган. Ал «менин баштаган иштеримди сен улантып, андан ары өнүктүрүп кетериңе көзүм жетет» деп мага ишеним арткан. Учурда ушул керээзди аткаруу үчүн бүт аракетимди жумшап жатам. Буюрса, күз айларында аталган ийрим кайрадан өз ишин баштайт. Оору менен алышсам да акындыкты таштабайм.

– Тилегиң орундалсын. Эми сөздүн нугун жеке жашооңо буралы...
– Асел аттуу сулуу менен кол кармашып жашап жатканыма 3 айдын жүзү болду. Асел менен атамдын эжеси тааныштырды. Телефон аркылуу 6 ай сүйлөшүп, анан үйлөндүк. Ага чейин жакындарыбыз кыздар менен тааныштырып, бирок алар «сен оорукчан турбайсыңбы» деп чанып коюшчу. Бул сөз мага катуу тийип, кийинкилерине таанышууга барбай да койдум. Жубайым Асел өзүмдөн 4 жаш улуу. Ушул ортодогу 4 жаш кээ бир адамдар үчүн өтө маанилүү болуп, кээде үйдөгү «аба ырайы» да бузулуп кетет. Аны эсепке албаганда экөөбүз бактылуу жашоо кечирип жатабыз. Акындардын алпы Алыкул Осмонов айтмакчы, оорукчан деп кемсинтпегиле, оорукчан болсом да сүйүүгө, ыр жазууга кудуретим жетет дегим келет.
Асел үйүмдүн босогосун жаңы аттаганда «Сен менин Золушкамсың» деген ырымды окуп бердим эле, ошол ырды бүгүн сиздерге да окуп берейин:

Жазында жолуккансың,
Жадырап аткан таңсың.
Жүрөктү жандандырган.
Сен менин Золушкамсың.
Көп эле өзүң мени,
Калкалап болушкансың.
Кайталап айта бербейм,
Кадимки асыл жансың.
Азыр сен жанымдасың,
Апаппак жоолукчансың,
Анткени жомоктогу,
Сен менин Золушкамсың.

– Жашоодогу сага тирөөч болгон адамдар кимдер?
– Мен аттан кулап, оор абалда жатып, кыйын күндө калганымда чоң атам менен чоң апам дайым жанымда болушту. Ошол мезгилде доктурлар мени «адам болбойт» деп коюшуптур. Ооруканада көп жаттым, алар менден үмүт үзүшкөн жок. Ал кишилер менин жашоомдогу жөлөнөр аска-зоом, аларсыз өмүрүмдү элестете албайм жана элестетким да келбейт.

– Акындын мекен тууралуу төрт сап ырын уксак?
– Борбордо ооруканада жүргөндө жеримди, Таласымды сагынып бир ыр жаздым эле, окуп берейин:

Сен мени сагындыңбы,
Таласым?
Мен сагындым жыпар
жыттуу талаасын.
Эки колун жайып күтүп
жаткандыр,
Алыстагы бир калемгер
баласын.
Карачы, эй, абасынын
тазасын,
Киндик каным тамган
жерим – Таласым.
Өз айылыма бир эс алып
кетейин,
Жүрөк толгон кусалыгым
тарасын.

– Ушул ырыңдан кийин акындарга эргүү көбүнчө кайсы убакта келет деп сурагым келди?
– Ыр акынга айттырбай келет. Кээде окуучуларга сабак өтүп жатканда келет, кычап. Кээде аябай чарчап келип, магдырап уйкусурап жатканда келет. Бирок «бир аздан соң же эртең жазам» деп эске тутуп койсоң деле эртеси ал элести, ал образды таппай каласың. Учуп кетет, кармай албай каласың.

– Өмүрдөгү өкүнүчүң эмне?
– «Адамдын жумшагын адам жейт» деген туура айтылган сөз экенине ишендим. Ушуга байланыштуу бир окуя айтып берейин. Бир жылы мен автомектепке тапшырып, артыкчылык менен ийгиликтүү аяктадым. Анан айдоочулук күбөлүк аларда тиешелүү органдарга барганда эле маселе жаралды. Алар «сенин колу-бутуң жакшы иштебесе, жакшыраак баса албай жатып айдоочулук күбөлүктү эмне кыласың?» деп жолго салышты. Ошондо катуу сындым. Жаман абалда калдым.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
asil-08
2013-08-12 11:42:26
эч кемситкенге сынба азамат бала экенсин ойлогон оюн ишке ашсын
0
gutler
2013-08-12 13:31:37
Азиз,4 жаш улуу болсо эч нерсе эмес. Колуна кол,бутуна бут болгон келинчегин азамат,бактылуу болгула. Дени, карды соо туруп,озунон 10,15 жаш улуу аялдарга уйлонгон уяты жоктор деле журотго,эч кандай погоданын озгоруусуно конул бурбай эле. Сага да бир жолу бакыт!
0
gutler
2013-08-12 13:33:58
"Золушка"-ырын жакты,сонун чыгыптыр.
0
danilka
2013-08-12 13:40:43
Ырларды сонун экенго
0
allan
2013-08-12 15:52:42
Аман бол!Айдын он беши карангы болсо,он беши жарык болот,демекчи.Мындан наркы жашоон жалан жакшылыктар менен коштолсун!
0
Jamalym
2013-08-13 01:54:05
Азиз,силерге бакыт каалайм.Коломтонордун оту очпосун эч качан.Коро албагандардын козун куйгузуп жашагыла.Эшиктеги погода алмашса да уйунордун погодасы жылуу болсун.Кемсинткендерге колун шилтеп кой,конул бурбасан женесин.
0
Shekerbek
2013-08-13 14:48:35
бирок талантын бар экен кайгырба!
0
nur_kg94
2013-08-13 20:42:56
ийгилик аллах бакыт берсин моладетс
0
aizada.0809
2013-08-14 07:25:04
okuuchu kezde ele chygyn bar ele, talantyn orkundop oso bersin klasstash. Asel ekoon baktylu bolgula.
0
Misi
2013-08-14 15:49:02
Азаматсын. Талантына таазим.
0
Misi
2013-08-14 15:50:31
Бактылуу болгула!
0
Nurzada88
2013-08-17 23:36:02
Алла Таалам озуно куч-кубат берсин!Бактылуу бол! Талантына таазим!
0
aizi85
2013-08-18 00:42:38
Азизбек ушунчалык создорунду окуп козумо жаш алды эч качан кемсибегин дайыма алдыга карай умтулгун. Жубайын менен кол кармашып суйуунор очпосун суйуудо жашка карабайт адамдар озунун козу менен эмес,сенин козун менен карасын жубайынды ошондо сен аны канчалык суйоорунду билишет. Бактылуу болгун кудайым колдосун.
0
Kumpulu
2013-11-27 17:39:35
Сага албан-албан ийгиликтерди каалайм. Жашоо бирде ачуу, бирде таттуу болот. Андыктан эч нерсеге сынба, колуңдан келбеген нерсени келтирип,алга жүрө берсең акыры элдер сени көрүшөт,баалашат жана сыйлашат. Убагында Алыкул атабыздын да башынан оор окуялар өткөн.Тун наристесинен, сүйгөн кызынан ажыраган. Бирок да тагдырдын оор сыноосуна карабастан тарыхта из калтыра турган чыгармаларды жазып кетти.
0
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан