ТАЛАСТА ЭЛДИК ДЕМИЛГЕ МЕНЕН ТАЗА СУУ КИРГИЗИЛДИ

Чат-Базар айылындагы Камчыбек Алпаев атындагы көчөгө элдик демилге, ашар жолу менен таза суу тартылды. Бул тууралуу аталган райондун Ү.Өмүралиев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Козубек Айталиев билдирди. Анын айтымында, 50 түтүн көп жылдардан бери таза суу жоктугуна байланыштуу кыйналып келишкен. Ошол себептен аталган айылдын жаштары «Иштерман» жылынын алкагында демилге көтөрүшүп, идеяны ишке ашырышкан. «1 миллион сомдон ашык жумушту айыл эли өздөрү аткарышты. Бул суунун тазалыгын санэпидемстанциянын кызматкерлери текшерип, тийиштүү алдын алуучу иш-чараларды көрүшүп, уруксат беришти. Мындан тышкары демилгелүү жаштар учурда көчө бойлорун толук жарыктандыруу боюнча аракеттерди көрүп жатышат»,- дей К.Айталиев.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан