Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү Сасык-Булак айылында 5 үй-бүлөнүн ар бири 3-4 бөлмөлүү, бардык шарты бар батирлерге көчүп киришти. Үй 2010-2011-жылдары жол куруучуларга салынган. Жол куруучулар кетип калгандыктан, айылдык кеңештин депутаттарынын жана айыл өкмөтүнүн чечими менен биротоло жардамга муктаж үй-бүлөлөргө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 5-августта Талас райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Кубатбек Алапаев билдирди. Ал эми аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Сапаралиев «Батирлерде бардык зарыл болгон шарттар бар. Жаш үй-бүлөлөр батир үчүн төлөнө турган акыдан да бошотулган, болгону пайдаланган электр энергиясынын акысын төлөп турушса эле болду» деди.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg