КАРТОШКАНЫН ЖАНА БУУДАЙДЫН ЖАҢЫ СОРТУ ӨНДҮРҮЛҮҮДӨ

Талас облусунун бийик тоо арасында жайгашкан Көпүрө-Базар айылында картошканын жана буудайдын жогорку түшүм берүүчү жаңы түрү өндүрүлүүдө. Аталган айылдын тургуну, фермер Ороз Курамаев Чүйдүн чарбаларынан картошканын «Альпен Гольд», «Желли» деп аталган сортторун алып келип, бийик тоолуу аймакка, башкача айтканда, тоо климатына чыдамдуу картошканын жаңы сортторун алууда. Журналисттер үчүн уюштурулган атайын маалымат-турдун жүрүшүндө адам бою менен тең өскөн картошка көпчүлүктү таң калтырбай койгон жок. Анын үстүнө быйыл облуста картошка калдырканын (чипсы) чыгаруучу завод курулуп жаткандыктан, аталган сорттогу картошкалар ошол заводдун талаптарына жооп берет экен.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2013-08-18 15:44:30
Баракелде!
0
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан