Гүлнур Асанова:«КОМУЗУМА КАЗАК ПРЕЗИДЕНТИ ДА СУКТАНГАН»

Ар бир адамдын түрдүү кызыкчылыктары бар. Бирөөлөр дүйнө кезгенди жактырса, айрымдар ар кандай буюм-тайымдарды чогултууну адат кылышат. Буюмдарды коллекциялагандардын катарын актриса, ырчы Гүлнур Асанова да толуктайт.

«3 ЖЫЛДАН БЕРИ КОМУЗ ЧОГУЛТАМ»
– Мен бир эле эмес, бир нече буюмдарды коллекциялап келем. Алардын бири – комуз. Чогултканыма 3 жыл болуп калды. Учурда топтомумда 12 комуз бар. Экөө азыр оңдолууда, бирөөсү дайыма машинамда жүрөт. Арасында Курманбек Бакиев белек кылган комуз да бар. Булардын ичинен эң өзгөчөсү – домбра-комуз. Бет жагы домбрага окшош, көлөмү да чоң, бирок аркасы жалпак чабылган кадимки комуздай. Бир жолу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен казак жергесине барып калдым. Ошол домбра комузумду алып алган элем. Ырдап бүткөнүмдөн кийин ал «сен домбра черттиңби?» деп сурап калды. «Жок» деп колумдагы комузумду көрсөтсөм, «ким ойлоп тапса да, мыкты идея экен» деп суктанган.
Негизи, комуздарымдын дээрлик баарын Орзубай деген уста чабат. Ал мага эле эмес, кыргыздын көрүнүктүү комузчуларына да чаап берет.
Буларга өзгөчө деле кам көрбөйм. Чаңын сүрткөнүм гана болбосо, ашыкча көзөмөлдү деле талап кылышпайт. Эң башкысы, ар бирин убагы менен чертип, күүгө салып турганды унутпайм. Антпесем, кийин күүгө келбей кыйнашат.

«ЧЕТ ӨЛКӨДӨН МАГНИТСИЗ КАЙТПАЙМ»
– Комуздан сырткары муздаткычка жабыштырылуучу магниттерди чогултуу да адатым. Чет өлкөлөргө чыккан сайын мындай магнитсиз кайтпайм. Көпчүлүгү Түркия, Франция жана АКШдан алынып келингендер. Үч жыл ичинде 34 даана чогултупмун. Кыргызстандын герби түшүрүлгөнү бар эле, анымды бирөө көтөрүп кетиптир. Аябай ыза болдум. Булардын ар биринин өзүнчө тарыхы бар. Мисалы, Техас штатынын желеги чагылдырылган магнитти кыйынчылык менен алгам. Кыргызбыз да, алам деген күнү арзанын издеп жүрө берип ала албай калдым. Кайтарымда маанайым жок отурсам, Сайра эже (Момунбаева) «сага эмне болду?» деп сурап калды. Ага магнит албай калганымды айтсам, «жүрү, мен да алышым керек» деп жөнөп калды. Учакка отургузуу башталып калган. Экөөбүз аэропортто магнит издеп жүрөбүз. Акыры таап, сатып алып, жаным тынчыган. Кичинекей градусниги бар. Сатып аларда анысы иштесе керек деп ойлогом. Бирок жайы-кышы 60 градусту көрсөтүп тура берет го (күлүп).

Каарманыбыз булардан сырткары мектеп босогосун аттагандан берки алган дипломдорун, мактоо баракчаларын жана улуттук стилде жасалган күмүш зер буюмдарын да сактайт. «Дипломдорумдун баары керебетимдин тушунда, сыйлуу жайда сакталып турат. Арасында чет элдик сынактардан алгандарым да бар. Ар кечте бул сыйлыктарымды көрүп, кылган аракетимдин, эмгегимдин жемиши деп сүйүнүп алам. Ал эми топтогон күмүш зер буюмдардын саны азырынча аз. Буюрса, бул буюмдарды өмүрүмдүн аягына чейин коллекциялайм. Булардын андан кийинки тагдыры эмне болорун көрө жатарбыз» деп күлдү Гүлнур Асанова.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Комузума казак президенти да суктанган"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (68)
aza-8585
2013-08-16 15:01:05
Саламатсынарбы Коментарий ээлери,Окуп чыгып тан калдым бир чети! Алтын кыздар бир аз болсо да журогунорду тазалагылачы,эмнеге жакшы жагын жакшы деп айталбайбыз! Мен Гульнурду жакындан тааныйм, досумдун карындашы бболот.Кичинесинен бери кантип чонойгонунан бери билем.Мен айтсам жарашат кемчилигин,жакшы жактарын себеби ото жакын тааныйм.Оз козубуз менен коруп анан жазсак,чындыкка жакыныраак болот дейм.Адамкерчиликтуу,ыймандуу,таланттуу кыз.Чет олкого достук фестивальдарга коп катышат
0
jazy
2013-08-19 01:36:34
aza-8585,мен силерге кошулам башка ырчыларга Караганда 100%жакшы ырдайт талантына баа бериш керек менжакындан таныбайм бирок как ырчы актириса катары жакшы билем нукура кыргыз кызы чыгармачылык ийгилик Гулнурга
0
aza-8585
2013-08-16 15:12:13
Ал нерсе кыргызды таанытуу эмеспи,конкурс менен достук фестивальдын айрымасы бар.Достук фестивальда ар бир мамлекет ич ара достукту чындоо,оз ара алакада болуу,чыгармач-к жактан биргелешип иштоо ж.б. Кыргыздын желеги башка мамлекетте желбиресе жаманбы!? Кичинекей кезинен баштап Кыргызстанда откон конкурсттарда женуучу болуп келет. Ал нерселерди мактанып деле айтпайт.Мектепти,ЖОЖду кызыл менен буткон.Анан эмнеге жакшы жагын айлалбайбыз,ушул нерсе окунучтуу да!Башкаларды деле сындап эле олтурабыз.
0
aza-8585
2013-08-16 15:20:44
Тесерисинче аларга жакшы создор менен дем бесек,алар онорлоруно онор кошулмак,оргуштап иштешмек! Чыг-лык инсандарга ошол эле керек!Жакшы создорубузду эмнеге аяйбыз билбей калдым.Ытымак, ыйман жашасын ар бирибиздин журогубуздо!Ансыз да Кыргызстан кенедей олко!Бирдик менен алга жылабыз да!!!
+1
Nurzada88
2013-08-16 17:50:49
aza-8585, Туура айтасыз. Коро албастыктын айынан баарыбыз тентиреп башка олкодо журобуз. Бироо жакшы иштеп, ийгиликтерди жаратса коро албай бут тособуз, телеге чыгарбай коебуз, даже кууп жиберебиз. Кантсек болот достор? Ойлонолучу?
0
tolik
2013-08-16 21:12:28
Гулнурга кааларым озуно ылайыктуу ыймандуу,камкор,омурлук жолдош каалайм! Гулнур мен суктанган,сыйлаган айым. Жашоонуз ар дайым НУР болсун!

0
Alondra12
2013-08-17 01:57:54
Nukura kyrgyz kizi! 5 berem
0
azia9393
2013-08-17 02:10:24
талантыныз ташкындай берсин))
0
otin
2013-08-17 10:00:36
А мага жагат бул кыз жигити болом куда кааласа
0
ledifech
2013-08-18 02:04:45
Негизгиси оз бактысын тапсын, ушакчылар толтура бул жашоодо. Ал знаменитиая болгон учун ушунча ушактап жатышат. Коро албастык сезимдери менен.
0
wwwww
2013-08-18 08:41:53
ичин куйсо туз жала
0
Rostov-on-Don
2013-08-18 16:05:27
Иштерине ийгилик,бактылуу кыздардан болушунду каалап кетемин!
0
Gulnura92
2013-08-18 22:02:16
Саламатсызбы? Коро албастар коп экен го. Тан калдым. Мактоочу эле кыз экен. Мен сыймыктандым, мынча коп жетишкендиктер бар экен деп ойлобопмун, азамат. Нукура Кыргыз. Алга! Былтыр кафе "Фаизадан"коргом абдан жонокой кыз, Расул кызы,Акулованын кызынан караганда кыйла ыймандуу жана тузугуроок
0
Gulnura92
2013-08-18 22:05:40
Жага бербейт эле жага бербейт дейсинар, так далили жок эле, эхх кыргыздар ичинер тар да! Озунор ошол денгээлге жетип алып суйлосонорчу
0
Emilbek.kg.ru
2013-08-18 22:08:00
Бироону сындагандан башканы билбеген байкуштарга боорум ооруйт, бечералар, кудай ошентип силерди башка адамдардын ийгилигин, бактысын, жетишкендигин коро албас кемпай кылып жаратып койуптур да...
0
jazy
2013-08-19 01:22:16
Гулнур азаматсын кыргыз эли сени менен сыймыктанат комузун колунан тушпосун сага чыгармачылык ийгилик коро албагандар оозуна келгенди ооттой беришет аларга конул бурба кыргызда жакшы макал бар иттер уро берет кербен журоберет биз сени мн сыймыктанабыз сенин ырларынды аябай жакшы коробуз суйуп угабыз кооптогон чыгармаларды кутуп калабыз ардайым ийгилик коштоп журсун !!!!
0
Ernis198826
2013-10-16 14:40:37
Нукура кыргыз кызы.ийгилик сизге
0
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан