3-4-августта Арменияда эркин күрөш боюнча Олимпиада оюндарынын күмүш медалчысы Степан Саргсяндын урматына арналган эл аралык мелдеш болуп өттү. Ага кыргызстандык спортчулар да ийгиликтүү катышып кайтышты. Биздикилерден мыкты көрсөткүчтү 66 килограмм салмакта Улукман Маматов көрсөтүп, күмүш медаль менен кайтты. Ал эми Базар Базаргуруев (60), Иннокентий Иннокентьев (74) жана Айаал Лазарев (120) коло медаль менен чектелишти. Эске салсак, коло медаль тагынган 3 балбан тең «Бээжин-2008» Олимпиадасына катышкан. Ортодо бир Олимпиадалык цикл өткөн соң, тагыраак айтканда, 5 жылдан кийин баягы олимпиадачылар үн катып отурушат.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg