Жакында Казакстандын Боровое шаарында эрежесиз эр уруш боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү Эл аралык фестиваль жыйынтыкталды. 6 салмактык бөлүктө өткөрүлгөн мелдеште Азия чемпиондугунун куру ойнотулуп, кыргызстандыктар ири жеңиш олжолоп келишти. Актилек Жумабек уулу (75 килограмм салмакта) Азия чемпиону аталса, Канат Келдибеков (65) күмүш медаль тагынды. Ошондой эле Бакыт Бекбоев (85), Эрлан Нурбек уулу (70), Кайрат Орозакунов (80) да өз салмактарынын чемпиону болушса, Максат Кайдыбаев (60) менен Мелисбек Балтабаев (70) күмүш тагынышты. Нурбек Турсуналиев (80) колого арзыды. 4 алтын, 3 күмүш, 1 коло жана Азиянын чемпиондук наамын ала келген Кыргызстан курама командасы командалык эсепте биринчи орунду ээледи.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg