Бул аптада ажолордун тегерегинде спорт жаңылыктары катталды. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 7-августта КРнын Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановду жана шахматчы, шахмат боюнча 11-августта баштала турган Дүйнө кубогуна катышуу алдында турган Михаил Марковду кабыл алып, ийгилик каалады. Ушул эле күнү Орусиянын президенти Владимир Путиндин дзюдо боюнча биринчи машыктыруучусу Анатолий Рахлин оорудан улам көз жумду. Путин Рахлиндин колуна 1964-жылы келип, 10 жыл тарбияланган. 75 жашка келген машыктыруучу 100дөн ашык спорт чеберин жана бир президентти тарбиялаган.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg