УЕФАнын курамына кирген мамлекеттердин журналисттеринин добушунун негизинде 2013-жылдагы «Европанын мыкты футболчусу» наамына талапкер 3 футболчу аныкталды. Алдыңкы үчтүктү Лионель Месси, Франк Рибери жана Криштиану Роналдунун ысымдары түздү. Бул наам кимге буюрары 29-августта билинет. Кызыгы, алдыңкы ондукка бул сыйлыктын былтыркы жылдагы ээси Андрес Иньестанын ысымы кирбей калды. УЕФАнын версиясы боюнча «Европанын мыкты футболчусу» быйыл 3-ирет аныкталат. Аны биринчи болуп 2011-жылы Лионель Месси утса, 2012-жылы Андрес Иньеста утуп алган.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg