ИЗДЕЙМ СЕНИ

«АТА-ЭНЕМДИ ТАПСАМ ДЕЙМ»
– Мен, Жырга­лов Айбек Оңол­бекович, 1993-жылы 29-мартта тө­рөл­гөм. Апамдын аты-жөнү Алмаш Жыргалова (атын так билбейм). Ош шаарында жашаган экенбиз, атам экөө ажырашып кетишкен. Мен апам менен анын төркүнүнө, Ысык-Көлгө кеткенбиз. Ак-Суу, Жаңы-Арык деген жерлерде жүргөнүм эсимде. Биз менен кошо Бакыт деген агам да болгон, ал экөөбүз энелеш бир тууган болушубуз керек. Апам турмуш-тиричилик деп бизди өзү менен кошо Бишкекте, Ысык-Көлдүн ар кайсы жерине жумуш болсо ошол жакта алып жүрдү. Апам ичкиликке берилип кеткендик­тен, агам мени өзү менен кошо алып жүрүп кардыбыздын камын көр­чүбүз.
Бир күнү агамды бейтааныш киши окутам деп Сокулук району болуш керек эле, ошол жакка алып кеткен. Азыр ойлосом, ал киши Бакыт агамдын атасы окшойт. Агам кеткенден кийин мен да үйдөн качып Бишкекке келдим. Ошол учурда 6-7 жашта болчумун. Бишкекте көчөдө жүрсөм, милиция кызматкерлери кармап, мени убактылуу кармоочу жайга камап коюшту. Издеп келген эч ким болбогондуктан, атамдын Ошто экенин айтканымда мени Ошко которуп салышты. Бул жерден да мени эч ким издебегендиктен, 2001-жылы Өзгөн районунун Мырзаке айылындагы Марат Разаков атындагы жетим жана кароосуз калган балдар үйүнө тапшырышкан. Ал жерден 2012-жылы окууну аяктадым. Ата-эне, тууган-урук керек экен, ата-энемди, Бакыт байкемди издөөнү чечтим.
Атам тууралуу да маалыматым жок. Апамдын айтуусу боюнча, атамдын аты Оңолбек, Ош шаарында жашачу экен. Ата-энем же агам тууралуу билгендер болсо, ка­барлап койсоңуздар.

Тел.: 0778-29-29-17, 0559-58-52-50

«ГРУППАЛАШТА­РЫМДЫ ИЗДЕЙМ»
– Мен, 2010-11-жылдары Каракол шаарында чачтарачтын окуусун­да окуган группалаштарым Рахат, Айнура, Ырыс, Айдананы издейм. Эгер менин катымды окусаңар, мага телефон чалып коюшуңарды өтүнөм.

Нурбек Мырзабеков,
тел.:  0778 46-62-70

«ӨЗ АПАМДЫ КӨРГҮМ КЕЛЕТ»
– Мен 1978-жылы 23-ноябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунда төрөлгөм. Кичинекей чагымда азыркы ата-энем багып алган экен. Кийин документтеримди жоготуп жиберип, апам төрөт үйүнө кайрадан күбөлүк алганы барса, «өз энеси Калемкан Суранбаева» деп жазылыптыр. Азыр ошол өз апамды табам деген үмүт менен издеп келем, ага жолугуп, көргүм келет.

Динара Адылова, тел.: 0772 94-28-03

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:(0312) 47-43-43

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
dastan1405
2013-08-15 11:39:35
Urmatuu Super info. Menin atym Gulsana. Men 1965 jyly tuulgan Shaiyr ejeni izdeim, Ozunun tuulgan jeri, Ozgon raionu Ilichovka aiylynan bolot. Turmushka chykkan aiyly oshol ele Ozgon Raionunun Cheremushka ailylyna chykkan. Oshondo bilishimche 4 balasy bar bolchu. Cheremushka aiylynda Kaineneni menen birge jashashchuu. Azyr mumkun Moskva shaarynda bolushu mumkun. 2006 jyldary Moskvada ishtechu. Eger ejeni bilgender bolso maga kabarlap koiunuzdardy suranam. Tel. 0702627434, 0703767796.
0
admin_media
2013-08-15 11:41:03
dastan1405,
Саламатсызбы! Бул жерге эмес, жогоруда турган электрондук дарекке кат жазып жибериңиз.
0
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан