БҮТПӨЙ КАЛГАН СПОРТТУК АЯНТЧАНЫН КУРУЛУШ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Баткен районунун Көк-Таш айылында спорттук аянтчанын курулуш иши башталды. Аянтча 2007-жылы башталып, каражаттын жоктугунан дубалы тургузулуп, токтоп калган эле. Учурда жергиликтүү элдин, жаштардын демилгеси менен курулуш кайра колго алынды. Буга чейин аянт мектеп окуучулары үчүн деп пландаштырылып келсе, эми элдин демилгеси менен эл үчүн курулууда.
Бул демилгени өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Жеңиш Разаков колдоп, резервдик фонддон 280 миң сом акча бөлүп берген. Мындан сырткары Баткен районунун акими жана Баткен ОИИБи да акчалай жардам көрсөтүшкөн. Бөлүнгөн акчага керектүү курулуш материалдары алынып, эл өз колдору менен салышууда. Айыл жаштары кезек менен иштеп жатышат. Бул тууралуу Көк-Таш айылдык кеңешинин төрагасы Курсаналы Халматов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Спорт аянтынын эл үчүн мааниси чоң. Жаштарды сергек жашоого үндөп, жаман нерселерди жасоого бөгөт коёт. Бизде клуб да жок. Андыктан спорттук аянтчада маданий иш-чараларды да өткөрүүгө ыңгайлаштырып куруп жатабыз. Биз чек арада жашагандыктан, эки элдин мамилесин чыңдоодо маданий-спорттук иш-чараларды өткөрүүдө чоң мааниге ээ. Бул аянтты ушул жылдын сентябрь айына бүтүрүп, ачылыш аземин 1-сентябрга пландаштырып жатабыз.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан