Кызыл-Кыя шаарына жардам катары акыркы 3 жыл аралыгында Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан 20 миллион сомдон ашык жардам көрсөтүлгөн. Анын 2 миллион сому шаарды таза суу менен камсыз кылууга жумшалган.
Элге билим берүү жаатында Жин-Жиген айылындагы 14-15-кичи райондордогу 2 мектептин курулушуна колдоо көрсөтүшкөн. Мындан сырткары ооруканаларга жардам көрсөтүлүп, шаардын райондоруна 4 мечит курулган. Көрсөтүлгөн жардамдарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясында депутаттар Саид Баюмиге «Кызыл-Кыянын ардактуу тургуну» деген наам берүү жөнүндө чечим кабыл алышты.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg