5-август күнү Лейлек районунун Катраң аймагынын Өзгөрүш айылы тараптагы тоолордо швейцариялык туристтер Шевалье Мазал, Синьель Седрик, Кляйн Мона аскада калышкан. 6-августта Дароот-Коргон айыл аймагынын Эчкили-Таш айылындагы турфирманын атайын даярдалган альпинисттери жана ӨКМнын 3-издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары тик учак менен барышты. Алар окуя болгон жерден туристтердин экөөсүн табышкан. Туристтер ӨКМнын куткаруучуларынын коштоосунда лагерге түшүрүлүп, абалдары жакшы. Бирөөсү (аял) аскада асылып калып каза болгон. Учурда Өзгөрүш айылындагы аскада асылып калган Кляйн Мона аттуу туристтин жансыз денесин түшүрүү иштери уланууда.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg