Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айылындагы Навои атындагы орто мектептин ашканасы оңдоодон өткөрүлүүдө. Ага кеткен каражат жергиликтүү бюджеттен сарпталып, жалпы 1 миллион 700 миң сомду түздү. Бул боюнча райондун акими Таалайбек Долдоев маалымдады. «Бул мектепте 887 окуучу жана 63 мугалим бар. Жалпысынан мектеп заманбап техникалар менен камсыз болуп, талапка жооп бере турган шартта. Жаңы ашканасы сентябрь айында ачылат»,- дейт Т.Долдоев.
Уулбү Каныбекова
jalalabad@super.kg