Ушул жылдын 6 ай аралыгында Нарын облусу боюнча 2735 бала төрөлдү. Былтыркыга салыштырмалуу 19 балага көп. Өлүү төрөлгөн ымыркайлар облус боюнча 6 айдын ичинде 37ге жетип, былтыркы жылдын 6 айына салыштырганда 10 балага көбөйгөн. Балдардын чарчап калуусунун себеби эненин кош бойлуу мезгилдеги абалына байланыштуу экенин айтышат дарыгерлер. Ооруканада каза болгон ымыркайлардын саны 19 болуп, бардык көз жумган балдардын 36,5 пайызын түзөт. Бир күнгө жетпей стационарда облус боюнча 2, үйдөн 2 бала чарчаган. Ошондой эле кенже балдардын өлүмү Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда өсүүдө. Ал эми 6 айда 2 эненин өлүмү катталган. Экөө тең Бишкек шаарында каза болушкан, алар Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда катталышкан.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg