СОЛТОН-САРЫДА ЧАБАНДАР МАЙРАМЫ ӨТТҮ

Бизде майрам көп эмеспи. 1-августта Нарын районуна караштуу айыл өкмөттөрдөгү чабандардын майрамы болуп өттү. Райондун борборунан чыгып 2 сааттан ашык жол жүрүп, айтылуу Солтон-Сары жайлоосуна жетип келдик.

ЖАЙЛООДОГУ ОЮН-ЗООК
Жайлоодо өткөн майрамда толкундангандарды көрүп «Ак илбирстин тукуму» («Кожожаш») фильминдеги Мундузбайдын тою көз алдыма тартылды. Биринчи эле көзгө ар түрдүү автоунаалар илинет. Жөн эле «машина базар». Майрамга Нарын районундагы чабандар, ардактуу атуул­дар, аттуу-баштуу аксакалдар жана алыскы жайлоого жетүүгө мүмкүнчүлүгү барлар келишти.
Топураган көк бөрүчүлөр улакты бири-бирине камгактай ыргытып, тээ алыстан чаңдатып оюн көр­сөтүп жүрүшөт. Көрүүчүлөрдүн кыйкырык-сүрөөнү кулак жарчу­дай. Райондун жана облустун ыр­чы-чоорчулары да ошол жерде концерт коюп жатышты. Жылына бир жолу мындай тойду уюштуруу облус жана ар бир район үчүн салтка айланып баратат. Бул жолу Нарын району Солтон-Сары жайлоо­сунда өткөрсө, кийинкилеринде Кочкор району Соң-Көл жайлоосунда, Ат-Башыныкы айтылуу Арпа же Босого жайлоолорунда өткө­рүлөт.

«ЧАБАНДАР КАРДЫ КҮРӨП ЖАТЫП ТОЮТ КАМДАШТЫ»
Мал киндиктүү Теңир-Тоо жергесинин тургундары оюндарга да карк болушту. Майрамдын жүрүшүндө кыргыздын улуттук ат оюндары, көк бөрү, кыз куумай, тыйын эң­мей, кыргыз күрөшү, эр эңиш жана салбуурун уюштурулду. Облустагы өк­мөт­түн ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков же­ңүүчүлөрдү, эмгеги менен элге алынгандарды куттуктады. Айта кетсек, Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургуну, фермер Абдыкалык Сариевге, Ак-Талаа районунун тургуну, фермер Жумаке Рыскелдиевге «Нарын облусунун ардактуу атуулу» наамын ыйгарып, төш белгилерин такты. Андан сырткары өкмөттүн өкүл­чүлүгүнүн Ардак грамоталары менен Эмгекчил айылынан Кыдың Элтуйбасов, Казан-Куйган айылынан Токтобек Бусурманкулов, Кара-Кужур айылынан Автандил Кашкаров сыйланышты. Майрамда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары ЭМИЛБЕК АЛЫМКУЛОВ менен чакан маек курдук.

– Эмилбек мырза, майрамды уюштурууга канча каражат кетти?
– Нарын районуна караштуу айыл өкмөттөрдүн чабанда­ры үчүн майрам өткөрдүк. Облустук Өнүктүрүү фондунан майрамды уюштурууга 100 000 сом бөлүнгөн. Андан сырткары жеке ишкерлер, чабандар өздөрү да уюштуруу иштерине активдүү катышышты.

– Учурда облус боюнча малдын саны канча? Жайда жааган кардан жабыр тарткандар канча болду?
– Быйыл июнь айында Солтон-Сары, Чоң-Кара-Ку­жур, Кичи-Кара-Кужур, Соң-Көл жайлоолорунда кар жаап, бир топ майда жандыктар жана бодо малдар өлүмгө учураган. Табигаттын мындай кырсыгына туруштук берип, мал-жандын калганын бир канча жерди кол менен күрөп, жердин бетин ачып беришип, малга тоют камдашып, күнү-түнү эмгектенген чабандар аман алып ка­лышкан. Жааган кардан малдын чабырлары, суукка туруштук бере албагандары болуп, жалпы облус боюнча 1000ден ашык майда жандык жана 50-60тай бодо малдын өлүмү катталган. Бир жарым сутканын ичинде кайрадан күн тийип, жер караргандыктан, малдын калганы аман калган. Мындай көрсөткүчтөн кийин учурда жалпы облуста 980 000 майда жандык, 270 000 уй жана топоздор,
145 000 жылкы туягы багылат.

Майрам жыл сайын уланабы?
– Чабандар үчүн жылына бир жолу майрам уюштуруп берүүнү салтка айлантып келе жатабыз. Эми алдыда Соң-Көл, Босого жайлоолорунда уюштурууну пландоодобуз.

Майрамды уюштурууга Облустук Өнүктүрүү фондунан 100 000 сом жана жеке ишкерлерден
50 000 сом каралып, ошондой эле каалоочулар да бир нече майда жандыктарды чыгарышкан. Айтор, улуттук ат оюндарда жеңген деле, жеңилген деле кой бөктөрүп кетишти.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан