Үстүбүздөгү жылдын 2-августунда Ысык-Көл облусунда сегиз түгөйдүн үйлөнүү үлпөтү бирге өттү.
Күндүн күнөөкөрлөрү бул жолу экөө эмес, он алты болгону менен айырмаланды. «Кыргызстан – бекем жана бактылуу үй-бүлөлөрдүн өлкөсү» деген ураан менен «Куттуу коломто» долбоору демилге көтөрүп, жаштарга той өткөрүп беришти.
Кыз-күйөөлөр кооздолуп жасалгаланган автобус менен Каракол шаарын айланып, сейил бакта жайгашкан эстеликтерге гүлчамбар коюшту. Бул тойду уюштурган «Куттуу коломто» долбоорунун жетекчиси БАКЫТ ЮСУПОВ:
– Азыр жаштар арасында ажырашуулар көбөйүп бара жатат. Ала качуу же кимдир бирөөнүн кысымы менен үйлөнгөндөр четтен табылат. Ошол себептен «Куттуу коломто» долбоорун ойлоп таап, ишке киргиздик. Май айында жалпы Ысык-Көл облусу боюнча сынак жарыялаганбыз. Алгач үйлөнүүнү каалаган жаштардын бирөөсүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондорду кабыл алсакпы дегенбиз. Бирок кийин ал оюбуздан кайттык. Башкы талаптар үйлөнүүнү каалаган кыз-жигиттин жаш курагы 18-35 жашка чейин болуп, эки тараптын ата-энелеринин макулдугу керек болчу. Сынак толук бир ай жүргүзүлүп, 18 жуп долбоорго катышууга арыз беришкен. Үч ай убакыт иштеп, 2 ай атайын жаштарга «Өкүнүчсүз нике» деген аталыштагы курс өткөрүлдү. Тажрыйбалуу адистер жаштарга аял менен эркектин ролу, үй-бүлөдө кирешени ким таап, ким сарпташы керек, сүйүү деген эмне, жашоодо романтика керекпи деген өңдүү бир катар суроолордун тегерегинде сабак өтүштү.
Жалпысынан бизге 18 жуп кайрылса, алардын ичинен азыр сегизи гана баш кошууда. Кээ бир ата-энелер түшүнүп-түшүнбөй же жаш курагы туура келбей, акырында сегиз жуп менен иштедик. 2-августта аларга үйлөнүү тоюн уюштуруп бердик. Тойго Каракол шаардык администрациясы, демөөрчүлөр, уюштуруучулар жана үйлөнүп жаткандардын ата-эне, туугандары болуп 250 адам чакырылган. Дагы бир өзгөчөлүк, той эч кандай ичимдиксиз өттү. Тойго кеткен каражаттын 99 пайызын долбоор көтөрдү. Үй-бүлө курган жаштарды мындан ары да долбоордун кызматкерлери көзөмөлдөп, өз кеңештерин берип жардамдашып турушат.
Жүзүнөн кубаныч төгүлгөн бактылуу жаштарды кепке тарттык.
НУРАЙЫМ АБЫЛОВА, колукту:
– Жарнамадан «Куттуу коломто» долбоору тууралуу угуп, келип анкета толтуруп койгом. Бир күнү уюштуруучулар телефон чалышып, биз долбоорго өткөндүгүбүздү айтышты. Үлпөт көйнөгүн кийүү ар бир кыздын кыялы болсо керек. Менин да ошол тилегим орундалды.
ЖАНЫБЕК МУСУРКАНОВ, күйөө:
– Жубайым мага күтүлбөгөн жерден сюрприз кылды. Буга чейин үйлөнсөк да, нике күбөлүгүн ала элек болчубуз. Долбоордун бардык уюштуруучуларына ыраазычылык билдирем.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg