«Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат» деген сөздү азыр сиздер менен чогуу далилдейбиз. Шоу-бизнес өкүлдөрүнө тарых, адабият, анатомия жана логика боюнча суроолор берилди. Жана да берилген макал-лакаптын аягын улоо. Эгер каарман суроого так жооп берсе 2, жооп бере албаса 0 упай алат. Даана, таасын айтылган жаңы макал-лакап ойлоп тапса 1 балл.
АСЕМА
– Адам эли менен барктуу...
– Эл жери менен барктуу.
Туура жообу: Өрдөк көлү менен барктуу. 1 балл.
– Мискейге эмне батпайт?
– 2 баш батпайт.
Туура жообу: Өзүнүн капкагы. 0 балл.
– Мукай Элебаевдин Октябрь төңкөрүшүнө чейинки кыргыздардын абалын сүрөттөгөн чыгармалары?
– Билбейт экем.
Туура жообу: "Узак жол" жана "Кыйын кезең". 0 балл.
– Алим хан ким болгон?
– Кокон ханы болсо керек.
Туура жообу: Кокон хандыгын бийлеген, Нарбото бийдин уулу. 2 балл.
– Организм жана анын органдарынын түзүлүшү, формасы жөнүндөгү илим?
– Анатомия.
Туура жообу: Анатомия. 2 балл.
Жыйынтыгы 5 балл.
БАКЫТ БАЙСАРИЕВ
– Адам катасыз болбойт...
– Жашоо маселесиз болбойт.
Туура жообу: Көлчүк бакасыз болбойт. 1 балл.
– Кайсы айда 28 күн бар?
– Февралда, негизи бардык айда эле бар.
Туура жообу: 12 айда тең бар. 2 балл.
– Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун кыргыз аялдарынын элесин чагылдырган чыгармасы?
– Адабияттан анча жокмун, ушуга жообум жок.
Туура жообу: "Зайыптар". 0 балл.
– Алымбек датканын атасынын аты?
– Алымбек улуусу.
Туура жообу: Асан бий. 0 балл.
– Чоң кишинин скелети болжол менен канча сөөктөн турат?
– 200гө жакын.
Туура жообу: 220.0 балл.
Жыйынтыгы 3 балл.
ТАТА УЛАН
– Акылдуу карыя...
– Билбейт экем.
Туура жообу: Агып жаткан дарыя. 0 балл.
– Адам ач карын канча жумуртка жей алат?
– Тойгончо жей алат.
Туура жообу: Бирди гана, анан ашказан ач карын болбой калат. 0 балл.
– Сардарбек Рыскуловдун мүнүшкөрлөр тууралуу китеби эмне деп аталат?
– «Кара куш».
Туура жообу: "Кара шумкар". 0 балл.
– «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси канчанчы жылы ачылган?
– 2000-жылы.
Туура жообу: 2000-жылы.2 балл.
– Адамдын жүрөгүнүн салмагы канча?
– Адамдын муштумундай, 200 грамм.
Туура жообу: 250-300 грамм. 0 балл.
Жыйынтыгы 2 балл.
АИДА КУЛУЕВА
– Адалсынган молдонун үйүнөн...
– Билбейт экем.
Туура жообу: Алты камандын башы чыгыптыр. 0 балл.
– Машина жүрүп бара жатканда кайсы дөңгөлөк айланбайт?
– Бардыгы айланат да.
Туура жообу: Запастагы. 0 балл.
– «Саякатчы бала», «Үчүнчү шар» аңгемелери кайсы жазуучуга таандык?
– Мындай аңгемени окуган эмесмин.
Туура жообу: Кусейин Эсенкожоев. 0 балл.
– Атаке баатыр ким болгон?
– Чүй өрөөнүн башкарган бий.
Туура жообу: Чүй өрөөнүндөгү сарбагыш уруусунан чыккан бий. 2 балл.
– Чоң адамдын ичке ичегилеринин узундугу канча болот?
– 3-3,5 метр.
Туура жообу: 3-3,5 метр. 2 балл.
Жыйынтыгы 4 балл.
АЙНУРА САЛАХИДИНОВА
– Акчалуунун колу ойнойт...
– Амалдуунун башы ойнойт.
Туура жообу: Акчасыздын көзү ойнойт. 1 балл.
– Эгер жамгыр жаап жатса, коён кайсы эшиктин алдында отурат?
– Үйдүн эшигинин алдында отурат.
Туура жообу: Суу болгон эшиктин алдында. 0 балл.
– «Күүнүн сыры» кимдин жыйнагы?
– Казат Акматов.
Туура жообу: А.Токомбаев. 0 балл.
– Анжиян көтөрүлүшү качан болгон?
– 1898-жылы.
Туура жообу: 1898-жылы. 2 балл.
– Чоң адамдын организминде канча литр кан болот?
– 5 литр.
Туура жообу: 5 литрге жакын. 2 балл.
Жыйынтыгы 5 балл.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg