ПАРАПЛАН КАНАТ БҮТҮРҮП, КӨКТӨ СЫЗДЫРАТ

Илимий тилде айтканда, акрофобия (бийиктиктен коркуу) сизде да бар чыгар. Бул фобияңыздан арылууга Бишкектен 20 чакырым алыстыкта жайгашып, кардарларын параплан менен атайын 300-1000 метр бийиктикке чейин учуруп, жерге түшүргөндөр жардам бериши мүмкүн.

БАШ СӨЗ ОРДУНА
Сурай-сурай парапланчыларды Бишкектен болжол менен 20 чакырым алыстыкта жайгашкан "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси тараптан таптык. Мындай алыстык да адреналинге суусап тургандарга жолтоо боло албайт. Биз барганда эс алуучулар 300-1000 метрлик бийиктикке учуп жатышыптыр. Эмоцияларын ката албай, көктө айры куйрук, жорунун баарын үркүтүп, үнүнүн болушунча кыйкырып жаткандарга туш болдук. Биз да бул сезимди баштан кечирдик. Баалары 300 метрден секирүү 1000 сом, 1000 метрден секирүү 4000 сом. Абага көтөрүлүү жалгыз эмес, инструктордун коштоосунда гана ишке ашат.

ЖЕРДЕН 300 МЕТР БИЙИК
Алгач өз унаабызды калтырып, тоого чыгууга ылайыкташкан унаага отуруудан баштадык. Тоо бооруна чыктык да, учууга даярдык көрө баштадык. Учууда 16 жаштан 70 жашка чейинки курак каралат. Ага кошумча уча турган адам өзүнө ишенип, соо абалда болуусу керек. Ошол маалда толкундануудан улам чеке тердеп жатканына карабай башка кийген каска терди да, толкунданууну да эселеп арттырып койду. Курчанып байландык да, жел күтө көктү карап туруп, акырын абага көтөрүлдүк. Аба жирей учуп баратканда өпкө-боор үзүлүп кетчүдөй сезимге тушугасың. Ага карабай калтыраган үн менен адисибиз Денис Фатеевге суроо узаттык:

– Өз алдынча учууну канча убакытта өздөштүрсө болот?
– 3-4 жолу учкандан кийин өзүңө ишене баштайсың. Ошол учурда адистин кереги жок болуп калат.

– Сиз канча бийиктикке учуп көрдүңүз эле?
– Дүйнөлүк рекордду түштүк африкалык Нэйвил Хюлет 502 чакырым бийиктикке учканда койгон. Мен өзүмдүкүн убакыт менен эсептеп, 5 саат 24 мүнөт абада жүрүп жеке рекордумду койгом.

– Кандайча биздин тоолорду тандап калдыңыздар?
– Биз Орусиянын көп жеринде болгонбуз. "Кыргызстандын тоолору өтө ылайыктуу" дегенди угуп, бул жакка келгенбиз. 5-6 жылдын жүзү болду, элди учуруп, алардын эмоцияларын кошо көрүп келебиз.

– Киши биринчи жолу мотору жок парапланда абага көтөрүлгөндө кандай абалда калат?
– Биринчи, албетте, өтө коркушат. Анан эсине келгендеги биринчи аракети үнүнүн болушунча кыйкырууга багытталат.

КЫРСЫК ДА БАР
Параплан Германиянын товары. Абага көтөрүлүү каражаттарынын ичинен эң жеңили (5-7 килограмм). Баасы болсо 1000 евродон жогору. Шамалдын согушуна жараша саатына орточо 20-70 чакырым ылдамдыкты кармайт. Парапландын мүмкүнчүлүктөрү аба ырайынан көбүрөөк көз каранды. Дельтапландан айырмасы, мотору жок, материал жана шамалдын жардамы менен абага көтөрүлөт. Бул спорт түрүндө кырсык да катталбай койбойт. Туура эмес конуу, бир нерсеге урунуу дегендин баары аны башкарып бараткан кишинин тажрыйбасынын жетишсиздигинен же аба ырайынын кескин өзгөрүп, параплан эркке көнбөй кеткенинен келип чыгат.

1-КАДАМ
Параплан жерге жайылып, жиптеринин чиеси жандырылат. Адис атайын кийим, эс алуучу болсо атайын рюкзак сымал жабдыкты кийип, белдерин курчанышат.

2-КАДАМ
Парапландын атайын материалдан жасалган бөлүгү өйдө көтөрүлүп, адис шамалдын багытын билет. Сиз биринчи ирет учуу алдында турсаңыз, адистин тапшырмасын күтүп, даяр турушуңуз керек.

3-КАДАМ
Адистин чечими менен учабыз. Бул жерде 2 ыкма бар. Же шамал багытына жараша көтөрүп алып жөнөйт же шамал «илип» кеткенге чейин тоо кырынан чуркоого туура келет.

НЕГИЗГИ МАКСАТ – ФЕДЕРАЦИЯ ТҮЗҮҮ
Параплан деген аталыш «парашют» жана «план» деген сөздөрдөн келип чыккан. 1964-жылы Стив Снайдер аттуу куруучу канаттуу парашюттарды иштеп чыгып, бул парашюттар 70-жылдары укмуш популярдуу боло баштаган. Альпы тоолоруна чыккан альпинисттердин да керегине жараган. Ортодо бир топ эволюциядан кийин параплан келип чыккан. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында 1980-жылдары пайда болуп, алгач Орусияда колдонулган. Кыргызстанга 5-6 жыл мурун келип, азыркыга чейин федерация түзүү аракетинде жүрүшөт.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Адамга канат бүтүргөн параплан
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Jamalym
2013-08-19 19:23:52
Парашюттан секиргим келип журот менин дагы.Параплан дагы жакты.Буйруса кыялым орундалып калаар.Рискованный спорттун турлорун жактырам :)
0
Aizat_1991
2013-08-22 21:52:04
Коркуудан да кызыгуум женип кетти. Менин да параплан менен учкум келип жатат.
0
№ 563, 16-август-22-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан