10-августта super.kg порталынын колдонуучулары кезектеги спорттук жолугушууну "Pavo" бильярд залында өткөрдү. Бул күнү аталган порталдын кызматкерлеринин, активдүү форумчуларынын демилгеси менен 4-бильярддык мелдеш өттү.
ЧЕМПИОНДУК КҮРӨШКӨ 16 КИШИ КАТЫШТЫ
Мелдешке катышуу үчүн эртең менен саат ондо бильярд клубга бул спорт түрү менен жакындан тааныш 14 форумчу чогулду. Алар Realliver, Ozgonduk-jigit, Umka220190, Boto, Forester, AshatMJ89, 9092nn, PassionarXXI, Strateg, Almaz Shaadaev, Aziret-92, Maximus, SVD522 жана Dina болушту. Оюндар олимпиадалык систем боюнча өтүп, 14 форумчунун катарын "тамашоучу" жигиттер Самат Эркинбеков менен Эмил Эсеналиев толукташты. Ал эми колдоочу топту Chagylgan, Nursaikal, Inoplanetyanin, Aguni түзүштү. Мелдештин калыстык милдетин бильярд боюнча белгилүү машыктыруучу Ильяз Адамов аркалап, биринчи кезекте чүчүкулак боюнча атаандаштарды аныктап берди.
ЖАКШЫ СТАРТ, ЖАКШЫ ЖЫЙЫНТЫК
Мелдеште өзгөчө баса белгилеп койчу 3 жагдай катталды. Биринчиси, Dina жана Umka220190 деген никтер менен кирген кыздарыбыз жигиттерге тең тайлаша оюн көргөзүп жатышты. Экинчиси, мелдештин ийгиликтүү башталышы. Анткени бильярд столунда биринчи жорголотулган кызыл шар түз эле бурчтагы тешиктен орун алды. Муну Ильяз Адамов мелдештин жакшы башталышы деп жооруду. Үчүнчүсү, ушул мелдеш үчүн атайын түнү менен жол жүрүп Өзгөндөн келген Ozgonduk-jigit`тин оюн көрсөтүп кетүүсү болду.
Ошентип, түшкө жетпей мелдеш старт алды. Ар бир оюн 3 партиядан туруп, жеңгендер андан ары финалга карай жүрүшкө чыгышты. Негизинен, финалда жолукчу эки кишинин бири мелдеш бою такыр жеңилбеген болот. Бири, алгачкы оюндарда уттуруп койгондордун ичинен суурулуп чыгат. Бул мелдеште Forester жеңилгендердин ичинен суурулуп чыгып финалга чыкса, Passionarxxi мелдештин башынан аягына чейин бардык атаандаштарын утуп чемпион аталды.
Самат Эркинбеков:
– Мелдеш күчтүү болду. 2 оюн ойноп экөөнү тең уттуруп жибердим. Негизи, убакыттын жоктугунан бильярд ойной албай жүргөм. Активдүү форумчулар менен ойногон, баарлашкан жакты. Буюрса, убакыт таап форумга да жаза баштайм.
P.S. Бильярддын шылтоосу менен жүз көрүшкөн форумчулар өз ойлорун ортого салып жатышты. "Балким, кийинки жолугушууну стол үстүндөгү тенниске шылтоо кылабыз" деген ойлор айтылды.
Максат Кудайбердиев
koom@super.kg