ТАГДЫР ОЮНУ-3

(Башталышы өткөн сандарда)

– Билбейм, Айымдын жигити барбы же жокпу, мени кызыктырбайт!- деп чырт эте түштүм. Канчалык жашырсам да болбой, жиним келсе дайыма үнүм дирилдеп кеткени жаман.
– Эй, сага эмне болду? Жиниң татынакай мурдуңдун учунда, ээ?
Мурдумдан тамашалап чертип койду эле, ого бетер кызаңдай түштүм.
– Эркектер кызыксыңар, силерди сырткы сулуулук гана кызыктырат.
Аскат мени тиктеп туруп, мыйыгынан жылмайып алды.
– Сен чын эле чоңоюп калыпсың, Данек! Бирок эркектерди сындагандай боло элексиң али...
Ошентип окуу жылы башталып, кайрадан Аскат экөөбүз чогуу мектепке барчу болдук. Мектептеги достору аны сүйүнө тосуп алышып, алардын «бандасы» кайра ишине кирди.
Айлам канча, кайрадан анын жоруктарын ата-энемден жашырганга аргасызмын. Мектептен чыксам, Аскат Айым менен чыга келди. Жоголуп кетишчүдөй жетелешип алганын айтайын...
– Данек, мен бүгүн кеч барам.
Угуп-укпай терс бурулдум. Кайрадан өзүмө-өзүм түшүнбөгөн суроолор! Эмне үчүн бассам, турсам ойлогонум Аскат?! Эмнеге? Чыдай албадым. Короодон атып кирген мени көрүп ата-энем чочуп кетишти.
– Эмне болду, кызым?
– Айтчы, бирөө бир нерсе дедиби?
– Арыктап да кеттиң, эмне мынча кыйнап жүрөт сени?
Чочулаган алардын жүздөрүнө карай албай көзүмдү ала качтым. Эмне деп айтмакмын? Эмне кыйнап жүргөнүн алар эмес, өзүм түшүнбөй жатсам кантип айтмакмын? Ошол күздө чын эле өңүм сапсары болуп ооруп баштадым. Табитим эч нерсеге тартпайт. Бир күнү эртең менен эч ким тура электе бакчада басып жүрсөм, атам алдыман чыкты.
– Данек?- деп коомай үн катты да, башын жерге сала берди.
– Ии.
– Экөөбүз сүйлөшө турган сөздөр бар. Шаардын сыртына чыгып келели. Макулбу?
Атам мага ашыкча камкор болуп калганын түшүнө албай, акырын башымды ийкедим.
– Жылуу кийин. Көпкө жүрүп калышыбыз мүмкүн.
Экөөбүз машинасына түшүп, шаардын сыртына чыгып кеттик. Свитеримди мурдума чейин тартып алган мен атамдын жетегинде басып бараттым. Алдыбызда сапсары жалбырактар
төгүлүп, ого бетер ындынымды өчүрүп салды. Атам да үн катпай, өз ою менен алагды болуп келе берди.
– Данек...- деди ал маанилүү сөз баштачудай.
– Кел, бул жерге отура туралычы.
Үн катпай томсоруп турган мени аяп кеттиби, саамайымдан сылап койду.
– Мен... мен сени менен көптөн бери сүйлөшөйүн деп ыңгайын таба албай жүргөм. Анын үстүнө чоң энең тирүү кезинде...
Эмне деген турат? Колдорум муздап, жүрөгүм дүкүлдөп чыкты. Тамагыма оор нерсе тыгыла түшүп, кирпиктеримди бат-баттан ирмегилеп жибердим. Атам ого бетер сөзүнүн баш-аягын таба албай бушайман. Мм, айтыла турган сөз жүрөгүмдү жулуп кетчүдөй коркуп, көзүмдү жумуп алдым.
– Данек, сен бизди туура түшүн, биз... мен жана апаң... Мындан 15 жыл мурун...- деп баштады атам, анан өзүн токтотуп, улутуна сөзүн улады.
– Тагдыр, мунун баарын тагдыр деп түшүнүшүң керек, кызым. Билем, сага да оор болот, бирок чындык кайсы бир учурда баары бир калкып чыга келет. Анын үстүнө чоң энең сенин бул чындыкты билишиңди каалады. Мындан көп жыл мурун апаң сен төрөлгөн төрөтканада төрөп, бирок баласы чарчап калды. Эркек бала болчу. Врачтар апаңдын мындан ары эне боло албашын айтышты. Ошентип, сени ымыркай кезиңден багып алганбыз.
– Жо-ок!
Эки кулагымды жаап жибердим. Тура калып көз көргөн жакка качып кетким келди да, шарт бурула чуркап жөнөдүм.
– Данек, кызым, токто!
Атамдын үнү бирде угулуп, бирде угулбай, аңды-дөңдү карабай безип бараттым. Бир нерсеге бутум чалына түшүп, көмкөрөмөн кеттим. Ошол боюнча өксүп-өксүп ыйлап жаттым. Атам мага жете келди, жерде өксүп ыйлап жаткан мени тургузуп, бооруна кысты. Мен ошондо гана атамдын ыйлай ала турганын билдим. Биринчи жолу карегин каптаган кайдигерликтин капкагы күбүлүп түшүп, мени менен кошо ыйлап жатты. Мени бооруна кыса жөлөп келди да, машинага салды. Мен ыйлап бүткөнчө отура берди. Экөөбүз машинада үн-сөз жок отурабыз. Күзгү жамгыр тамчылап терезебизди тыкылдатып кирди.
– Данек, сен менден эч нерсе сурагың келбедиби?
– Менин ата-энем ким?- оюма ушу суроо келди дароо.
– Алар тууралуу билбейм, бирок менин билишимче, ал кыздын турмушка чыкпай боюнда болуп калган экен. Сени төрөтканага таштамакчы болуптур.
Хм, жүрөгүмдүн түпкүрүндө сезген экем. Эмне үчүн атам мага суз мамиле кыларын, чоң энемдин аялуу көз карашын. Кайрадан көзүмдөн жашым куюлуп кетти.
– Үйгө кетеличи,- дедим.
Эмнегедир мурункудай «ата» деп кайрыла албадым. Эмнегедир мындан ары менин ага минтип кайрылышка акым жоктой сезилди.
– Кийинки убактарда кыйналып жүргөнүңдү сезип, чоң энеңдин айтканын эстедим. Кийин уксаң мындан да кыйын болмок. Мени кечир! Бирок бул тууралуу апаң билбей эле койгону дурус. Апаң аны көтөрө албайт. Ал эч качан сага айтпашымды өтүнгөн.
– Сиз туура кылдыңыз, кабатыр болбоңуз, апам эч нерсени билбейт,- дедим думуга.
Ачуу болсо да чындыкты билген оң дешет. А бирок мындан мага жеңил болуп кеткен жок. Билбейм, мурун эле батынбаган жаным, бул үйдө мага орун жоктой, бул үйдө жашап жатканым туура эместей сезиле берчү болду. Өтмүшүмдү тапмайынча, келечегимди да таба албачудаймын. Атама акыры өз ата-энемди тапкым келерин айттым. Ал мага кишилери аркылуу издетерин, кабар болору менен айтарын убада кылды. Кантсе да жүрөктү мыжыккан күз артта калып, айлана ак карга чулганганы жакшы болду. Теребел бейпил, аппак.
Ойлонуп бара жатсам, аркамдан кимдир бирөө кар менен уруп калды. Кылчайсам Аскат экен. Жылмайып, бактылуу болуп келе жаткан аны көрүп эрксиз жылмайдым. Аны жылмайбай карап туруу мүмкүн эмес. Адамдар болот го, кааласаң да, каалабасаң да өз эркине баш ийдирип алган. Бул дагы ошондой.
– Эмне эле эч жагыңды карабай, мени да күтпөй кетип калгансың? Сен мага таарынып жүрөсүңбү?
– Жок.
– Такыр эле жапайы болуп кетпесең болду. Эч кимди жаныңа жуутпай калдың. Ким сени капа кылды, мурдун канжалата коёюн?
– Андан башка жол менен сүйлөшө аласыңбы? Муштумсуз эле...
«Шык» деп башын чайкаган ал чачымдан тартып ого бетер тийише кетти.
– Аа, таптым, сага сүйүү келген окшойт. Ал ким?
Бул сөз жаралуу жаныма өтө катуу тийди. Аскатты жек көрө тиктеп туруп калдым. Көзүмдө огум болсо бир атып өлтүрүп, өзүмдү бул азаптан куткарсам кана?! Аскат мындайды күтпөсө керек, көздөрүн алайта дендароо мени тиктеп туруп калды.
– Эй, сага эмне болду? Эмне кылдым сага?
Үн катпадым. Колумду жулка бошотуп алып, өз алдымча кеттим.
Ошол күндөрдүн биринде өз ата-энем тууралуу кабар уктум. Мени төрөгөн аял (апам дей албадым) мындан бир канча жыл мурун турмушка чыккан экен. Турмушу өзү каалагандай болбосо керек, андан бир кыздуу болуп, ажырашып кетиптир. Азыр кызы менен Ош шаарында турат экенин билдим.
– Кааласаң, телефон аркылуу байланышалы. Же мен өзүм сени алып барып келем,- деди атам.
«Саламатсызбы, мен сиздин көп жыл мурун төрөп, таштап кеткен кызыңызмын. Сизди издеп келдим» деп телефон аркылуу айтышты туура көрбөдүм. Эртеси эле апам менен Аскатка бир шылтоолорду айтып, атам экөөбүз Ошко сапар алдык.
– Рахмат сизге,- дедим машинада баратканда атама.
– Эмнеге?- деди ал таң кала тиктеп.
– Жөн гана бар болгонуңуз үчүн.
– Сен өтө чоң адамдардай сүйлөйсүң, Данек. Кээде көптү көргөн адамдай акылдуу тиктейсиң. Кандай жакшы, менин ушундай акылдуу кызым бар. А Аскат болсо, оюнда эч нерсе
жок... Оюн, күлкү, кыздардан колу бошобойт. Качан чоңоёт, билбейм...
Мен үн каткан жокмун. Батына албадым окшойт. Эгерде мен бир аз эркин болгонумда ага минтип айтат элем: «Ал өжөр, анан ичиндеги сырын бирөөгө айткысы келбейт. Болгону апасына, сизге таарынычы бар. Мен сыяктуу ага да көп нерселер табышмак. Бир жолу «Мен баарына күнөөлүүмүн. Атам да, апам да бактысыз. Мен аларды кошо албадым» деген. Ал да мага окшоп өзүнүн өтмүшүн издейт, бирок таба албай капа болгондо болгон күчүн муштумга чыгарат. Өжөрдүгүнүн аркасында жүрөгү назик, боорукер адам жатат. Бирок баарыбыз эле бет кабыбызды ача бербейт окшойбуз. Мисалы, сиз...» Ооба, ушинтип айтат элем. Бирок бул жолу үн каткан жокмун.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Агата Кристи
2013-08-19 13:03:17
Бема аягында чыгат. Автор сары майдайсактап отурат окшойт)))
0
sara90
2013-08-19 13:49:10
uilagum kelip ketti okup atyp....uwundai da chygarma bolobu adamdyn jurogun ezgen...okup atyp obrazga kirip ketip atam...
0
aruuzat88
2013-08-19 14:52:20
Дагы бир апта кутуу.
0
jemile
2013-08-19 16:57:31
Автору ким эле?
0
angelo4ka_96
2013-08-19 17:13:48
Ммда...ыйлагым келип кетти..(((
0
Агата Кристи
2013-08-19 17:21:01
Расмий автору жазылып турат )))
0
jek87_87
2013-08-19 17:48:07
Эээхх ташбоор тагдыр! Атаны баладан, энени кыздан, жарын жолдошунан айрыбай жашаса кандай болоор эле? Мындай тагдырды эч кимге каалабас элем мекендештер!
0
blak.star.kg
2013-08-19 18:46:16
Ошко качан келет экен э? Мен кутуп алат элем. Данек менен суротко тушуп, агентке коймокмун. :-P
0
jaku_jaku_91
2013-08-19 20:21:19
blak.star.kg, хахасыз го!!!
Эртен жетишет экен:) :-)
0
kgz.girl_kgz
2013-08-19 19:27:42
mm,Danekke kyiyn boldu chyn ele...
0
nooken.kg
2013-08-19 21:19:35
Абдан сонун чыгарма экен. Мурунку чыгамаларга мынчалык кызыгып окубадым эле. Супер инфо башынан баштап окуса болобу??? Кинтип??? Жооп берип койсонуздар. Рахмат алдын ала!!!
0
admin_media
2013-08-20 10:24:13
nooken.kg,
Саламатсызбы! Сериалдын астында баардык сериасы жазылып турат, кирип окуй берсеңиз болот)
0
gulnaz21
2013-08-20 14:10:04
Daneke aitkany tuura boldu sebebi kymyr iw kyrk jylda bilinet degen makal bargo atasy da ubadasyn atkardy,myndar ary emne bolot eken.
-1
N.Bakazova
2013-08-20 14:25:57
Мынааа, эми кандай болот болду экен?
0
Dj__1ove
2013-08-21 17:43:51
Байкушум иии Данегим баарынан да сен кыйналдын го ... Дагы кайсыл табышмак тагдыр кутуп турат сени .. А бирок сенин эми толук укугун бар Аскатты суйгонго...
0
girl_93.kg.
2013-08-25 02:28:04
Интересно книгу не продукте
0
love.is
2013-08-26 09:07:23
Качан киргизесинер чыдамсыздык менен кутуп жатам?
0
№ 563, 16-август-22-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан