Спортчулардын спорттогу жетишкендиктери менен катар эле алардын түрдүү жоруктары дагы эл оозунда. Булар аты чыгып турса жер өрттөгөн азаматтар.
БАЛА КЫЯЛ БАЛОТЕЛЛИНИН БАЛА КЫЛБАС ЖОРУКТАРЫНАН
Марио Балотелли, 22 жашта, Италия курама командасынын жана «Милан» футболдук клубунун чабуулчусу Кыргызстанда «Апендинин жоруктары» болсо, Европада Марио Балотеллинин жоруктары кенен тараган. Супер Марио жүргөн жеринде бир нерсе жасап жибербесе башы ооруйт. Таланты менен гана эмес, көбүрөөк жосунсуз кылык-жоруктары менен таанылган Марионун жоруктарынан үзүндү.
2011-жылдын октябры Чешир графтыгындагы өрт өчүрүүчүлөрдүн түбөлүк эсинде калса керек. Анткени бул күнү Марио үйүнүн ичинде фейерверк аттырып үйүн өрттөп жибере жаздаган. Кызыгы, ал түндү отелде өткөрүп, эртеси «Манчестер Юнайтедге» каршы оюнга катышкан. Оюн күтүлбөгөн жерден 6:1 эсебинде Балотеллинин командасынын пайдасына чечилген. «МЮнун» дарбазасына гол киргизип (спорт тилинде атаандаштын дарбазасына от жанган), боорундагы «Why always me?» деген жазууну күйөрмандарга көргөзгөн. Мааниси боюнча бул сөз «Эмнеге дайыма эле мен?» дегенди билдирет. Баса, өрткө кабылган үйүн оңдоп-түзөө үчүн Супер Марио
464 миң евро короткон.
Машыгуу учурунда Балотелли менен урушпаса машыктыруучунун куту десек болот. Ал ар бир машыгууда «айырмаланып» турат. Бир жолу өз алдынча форма кие албай кыйналса, биринде экинчи кабаттан майдандагы өнөктөштөрүн «дартс» оюнунда колдонулуучу учкай металл менен аткылаган. Бул үчүн 116 миң евро айып төлөгөн. «Аны акча көптүрдү» дешет.
Балотелли Манчестер шаарынын таксисттеринин эң эле колу ачык кардары болгон. Шаарда адашып калбаш үчүн таксистти айдатып, өзү машинасы менен артынан айдап таксисттерди багып жүргөн. Кийин гана GPS-навигатор деген нерсе бар экенин билип, колдоно баштаган.
Балотелли жөнүндө командалаштары: «Кээде Марио жаш бала жасабаган нерсени жасап баарыбызды күлдүрөт, кээде аны өлтүрүп салгың келет»,- дешет. Ал эми машыктыруучулар азыркыга чейин анын тилин таппай убара.
Суарес:«ИТТИК МЕНДЕН КЕТТИ»
Луис Суарес, 26 жашта, Уругвай курама командасынын жана «Ливерпуль» футболдук клубунун чабуулчусу
Журналисттик кесиптин негизги өзөгүн жаңылык түзөт эмеспи. «Ит кишини тиштегени жаңылык эмес, киши кишини же киши итти тиштегени жаңылык» деген тамашалуу кеп бар. Анын сыңары, англиялык «Ливерпулдун» чабуулчусу Луис Суарес быйыл жазда лондондук «Челсиге» каршы оюнда «жаңылык» жаратты. Ал лондондуктардын борбордук коргоочусу Бранислав Ивановичтин колун тиштеп алган, бирок аны оюн калысы көрбөй калган. Ошондо эсеп 2:1 катыштыгында лондондуктардын пайдасында болчу. Оюндун бүтөрүнө 16 секунд калганда Луис Суарес гол киргизип, тең чыгууну камсыздайт. Эске салсак, Суарес голландиялык «Аякстын» курамында да киши тиштеп жүргөн. Бул оюнда анын көрсөткүчү: 1 голдун, 1 жыйынтыктуу пастын жана Ивановичтин канынын даамын таткан :) Англия Премьер Лигасында 8 оюнга чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган Суарес «иттик менден кетти» деп моюнга алса, эми элдер кан соргучту түндө үйдөн күтпөй, майдандан көрсө болоруна ишенип калышты.
КУРУ НАМЫС МЕНЕН АЛИ МЕДАЛЫНАН АЙРЫЛГАН
Мухаммед Али, 71 жашта, бокс падышасы
Жорго сөзгө тың, укмуш чечен келген мушкер Мухаммед Али орунсуз жоруктарынын бирин «Рим-1960» Олимпиадасынан кийин ишке ашырган. Ал медалын уктаса да, турса да, тамак жесе да моюнунан түшүргөн эмес. Олимпиададан кайтканда шаардын мэри, үйүнөн атасы аны алкап, «Чемпион!» деп тосуп алышкан. Жылуу мамилеге көнө түшкөн Кассиус Клей (өз аты) бир күнү ресторандардын бирине кара терилүү жарандарды тейлебесин билип туруп баш багат. Күткөндөй эле кызматкерлер андан чыгып кетүүнү өтүнүшөт. «Мен Олимпиада чемпионумун» деп медалын көргөзөт. Тигилер көнбөйт. Кызыгы, ал алтын медалды акыркы Алинин моюнунан ошол кызматкерлер көргөн. Анткени чемпион жини менен алтын медалды дарыяга таштап жиберген.
ЧЕМПИОНДУКТУ ЭМЕС, АКЫР ЗАМАНДЫ КҮТКӨН КАРЛОС РОА
Карлос Роа, 43 жашта, Аргентина курама командасынын мурдагы дарбазачысы
Аргентиналык футболчу Карлос Роа чыгарган чечими менен көпчүлүктү таң калтырган. 2000-жылдары испандык «Мальорка» клубунда ойноп жүргөн кезинде аны англиялык «Челси» жана «Манчестер Юнайтед» клубдары өз курамында көргүсү келген. Бирок Карлос Роа ити чөп жей баштаган мезгилде карьерасын жыйынтыктап салат. Мындай кадамга баруусуна анын 2000-жылдары акыр заманды күтүп жүргөн диний уюмга мүчө болушу түрткү болгон. Карлос Роанын планы ишке ашпай калган соң 2001-жылдары кайрадан «Мальорка» клубуна келет. Бирок «ишемби сайын майданга чыкпайм» деген шарт менен ойногон.
Айбала Эргешов
sport@super.kg