Бул татына жүздүү, уялыңкы актриса көрүүчүлөргө "Күлчү кыздын эжеси", "Чуулгандуу сүрөтчү" сериалдарындагы ролдору менен тааныш. Корей киносунун көркүн ачкан Мун Гын Ён менен тааныштырабыз.
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 6-май
Туулган жери – Түштүк Корея, Кванжу шаары
Кесиби – Актриса, модель
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 43 килограмм
Бош убактысында – Китеп окуйт, кино көрөт, бий курсуна барат жана уктайт
Тартылган тасмалары – «Мэри, түнү бою кайда жүрдүң?», «Күлчү кыздын эжеси», «Менин кичинекей келинчегим», «Чуулгандуу сүрөтчү» жана башкалар.
ТЫҢЧЫНЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨН ЧЫККАН АКТРИСА
Мун Гындын чоң атасы Рю Нак Жин көп жыл бою саясий айып менен түрмөдө отурган адам. Тагыраак айтканда, Кореянын эки бөлүгүнүн ортосундагы согушта Түндүк Кореянын пайдасына тыңчылык кылгандыгы үчүн айыпталып, кийин амнистия менен бошотулган. Ал эми таякелери 1980-жылы Кванжу шаарындагы көтөрүлүштө атууга кетишкен. Албетте, жогорудагы саясий чатактардын запкысы актрисанын үй-бүлөсүнө тийбей койгон эмес. Ошентсе да алар бардык кыйынчылыктарды жеңип, ал тургай үй-бүлөлүк бюджеттин кайсы бир бөлүгүн жардамга муктаж адамдарга берүүнү адат кылып келишет.
СЕКЕЛЕК КЕЗДЕН БАШТАЛГАН КАРЬЕРА
Мун Гын Ён үй-бүлөдө эки бир тууган. Өзүнөн кичүү сиңдиси бар. Ата-энеси жумушта болгондуктан, ал көпчүлүк убактысын чоң энеси менен өткөрчү. Секелек кезинен окууга дилгир, сабакты себепсиз калтырбаган, тырышчаак Мун 3-классында «Белоснежка жана жети эргежээл» спектаклинде роль ойнойт. Мына ошондон тарта анын киного болгон кызыгуусу артып, 12 жашында «Жолдо» аттуу документалдык фильмге тартылат. Бул анын тасма талаасына болгон алгачкы кадамы эле. Актрисанын андан аркы карьералык жолу байсалдуу уланат. 2000-жылы «Менин жүрөгүмдөгү күз» тасмасы менен чет өлкөдө ийгилик жаратып, Мун Гын Ён «Эң популярдуу жаш корей актрисасы» аталган. Өзүн азыркыга чейин секелек кыздай алып жүргөн, бала кыял актриса дайыма үлгүлүү жүрүм-туруму менен кесиптештеринен айырмаланып келет. Ушундан улам корей эли аны «Кемчиликсиз» деп атап койгон.
КАЙРЫМДУУЛУК ИШТЕРИН ЖАШЫРАТ
Корей эли Мун Гын Ёнду актриса катары гана эмес, кайрымдуулук иштерине миллиондогон акчаларын жумшаган мээримдүү кыз катары да таанышат. Айрым атактуулар жасаган кайрымдуулук иштерин басма сөзгө кабарлап мактанганга шашса, актриса, тескерисинче, жардам кылган мекемелерден өз атын айтпоону суранат экен.
Ал эми жеке жашоосуна кайрылсак, турмушка чыгууга азырынча эрте экенин айтат. Актриса идеалдуу мырза деп актёр Ли Кван Суну эсептейт. Мун уялчаак мүнөзүнөн арылгысы келет, бирок айрым бир учурда уяңдык айымдардын сулуулугун арттырат деп эсептейт. "Башка актрисалардан өзгөчөлүгүм, табигат тартуулаган келбетимди, мүнөзүмдү жоготпогонум, сахнада да, жашоодо да табиятымдан кандай жаралсам ошондой болгонго аракет кылам" дейт.
КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР
Лунара Бекиева
star@super.kg