ӨФ, ИЙ, САСЫК ЭКЕНСИҢ, ЖУУНЧУ!

Колоңсо менен шыбоону чыныгы эркектин жыты деп коюшат. Бирок бул жыттар башкаларга гана эмес, адамдын өзүнө да жагымсыз экени талашсыз. Мындай адамдын жанына киши тура албай, көпчүлүк мурдун чүйрүшөт. Жагымсыз жыт эмнеден улам пайда болот жана андан кантип арылуу керек? Ушул суроолорго төмөнкү макалабызда жооп издейбиз.

ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫНА ЭМНЕ СЕБЕП?
Кара жумуш жасаганда, тез кыймылдаганда же күн ысыкта адам катуу тердейт. Кээ бирде жинибиз келип ачууланганда, санаага батып катуу ойлонгондо же толкунданганда көл-шал болуп тердеп, чекебизден тер чыпылдап кетет. Ошондой эле бөйрөгү ооруган адамдар да терчил болушат. Анткени бөйрөк организмдеги зыяндуу заттарды тазалоого үлгүрбөй калат да, тер бездери аларды тер аркылуу дененин сыртына чыгара баштайт. Мындан улам терчил адамдарда жагымсыз жыттар пайда болот. Мунун негизги себеби тер деп ойлошубуз мүмкүн, бирок андай эмес. Анткени тердин курамы суу менен туздан гана тургандыктан, анын эч кандай жыты болбойт.
Адамдагы мурунду өрдөгөн жагымсыз жыт дененин көп тердеген жылуу бөлүктөрүнө (колтук, алаа, таноо, таман) топтолуп, көбөйгөн бактериялардан чыгат. Ошондой эле ичип-жеген ашыбыздын жыты да тер менен сыртка тарайт. Ал эми тамеки чегип, ичимдик ичкен адамдан кандай «аңкыган жыт» чыгары айтпаса да белгилүү болсо керек. Андыктан жагымсыз жыттан кутулуунун негизги жолдору тазалык жана туура тамактануу болуп саналат.

САСЫК ЖЫТТАН АРЫЛУУ ҮЧҮН ТУУРА ТАМАКТАНЫҢЫЗ
Жагымсыз жыттан арылуу үчүн жей турган азык-түлүктү да тандоого туура келет. Майлуу, куурулган тамактар, эт, балык, кымыз, сарымсак, пияз, ачуу калемпир сыяктуу татымалдар жана алкоголдук ичимдиктер жагымсыз жыттын күчөшүнө алып келет. Бул азыктардан убактылуу баш тартуу менен денеңиздеги сасык жыттан арылууга мүмкүн. Ошондой эле денедеги жытты калыбына келтирүүгө төмөнкү азыктар көмөкчү боло алат:

  • Мөмө-жемиштер
  • Жашылча-жемиштер
  • Ашкөк
  • Эгин дандары
  • Көк чай
  • Cуу, жаңы сыгылган жемиш ширелери

Мындан сырткары көп ачууланууга болбойт. Адам өзүн тынч кармап, магнийге бай азыктарды көбүрөөк жеш керек. Бул стрессти төмөндөтүүгө жана тердин аз бөлүнүп чыгуусуна жардам берет.
Колоңсо менен шыбоодон кутулуу үчүн тазалыкты сактаңыз

КОЛОҢСО

  • Тердеген маалда жуунуп туруңуз. Эгер андай мүмкүнчүлүк болбосо, жок дегенде бут менен колтукту суу менен чайкаңыз. Ал эми кечкисин сөзсүз денени толук чайкоо сунушталат.
  • Колтукту жана бутту антибактериалдык самын же гель менен тазалаңыз.
  • Колтуктун жүнү бактериялардын көбөйүп, жайланышына ыңгайлуу болгондуктан, аны кырып туруу керек.
  • Жүндөн, пахтадан токулган кийимдерди алыңыз. Синтетикалык кийимдерден качыңыз.
  • Тер болуп калган кийимиңизди эртеси кийбей, жууп кийиңиз.
  • Жайкы кийимдер кенен болушу шарт. Чыпталышкан ич кийимдерден жана этек-жеңи тыкыс спорттук кийимдерден оолак болгонуңуз туура.
  • Күндө таза кийим кийип, которунуу керек.
  • Аптасына бир-эки ирет мончонун буусуна отуруп, организмдеги уу заттардан жана шлактардан арылып туруу зарыл.
  • 6 кашык кургатылган ромашканы 2 литр сууга кайнатып, 1 саат тыныктырасыз. Кайнатмага 2 кашык сода кошуп, андан соң колтукту сүртүшүңүз керек.
  • Конокко же жолугушууларга барганда жаныңызга лимон сала жүрүңүз. Колтукту алгач нымдуу жүз аарчы менен тазалап, андан соң лимондун бир кесими менен сүртсөңүз жаман жыттан бир нече саатка чейин арыласыз.

ШЫБОО

  • Булгаарыдан тигилген жана шамалдап турган бут кийимдерди кийип жүрсөңүз шыбоодон алыс болосуз.
  • Синтетикалык байпакты кийбеңиз, ошондой эле байпакты күн сайын алмаштырып туруңуз.
  • Кечке басып жүрүп бутуңуз жагымсыз жыттанып калса, сууга сода аралаштырып бутту 7-10 мүнөт сала турсаңыз сасык жыт кетет.
  • Жалбыздын кайнатмасы менен бутуңузду бат-бат жууп турсаңыз шыбоодон кутуласыз.
  • 1 стакан кайнак сууга 1 чай кашык туз салып бутуңузду жууйсуз. Эртең менен жана кечкисин туздуу суу менен жууп турсаңыз 2 жумада жыт кетет.
  • 1 стакан жылуу сууга 1 чай кашык соданы салып, бутуңузду эртең менен жана кечкисин жууп туруңуз. Бутуңуздун тердегени азайып, жаман жыты жоголот.
  • Күн сайын бутуңуздун манжаларынын ортосуна кайыңдын жалбырагын салып жүрсөңүз да шыбоонун жытын жөнгө салат.
  • Таманды лимондун ширеси менен бат-баттан сүртүп турсаңыз жаман жыт тез кетет.

ТАМЕКИНИН ЖЫТЫНАН АРЫЛУУ
Чылым чеккен адамдын оозу ашаткы жыттанып, жанындагы адамды качырат. Тамекини таштай албай жүргөндөр же аны тартууну адатка айланткандар бирөө менен жолугушуунун же коомдук унаага түшөрдүн алдында жарым саат мурда чылым тиштебей эле койгону оң. Эгер эрки чыдабаса, анда ашаткы жытты кетирүүнүн амалдарын эстерине түйүп алганы дурус болор.

  • Жок дегенде сагыз чайнаңыз. Сагыздын жемиш даамдангандарын чайноо керек. Ал эми жалбыз жыттуу сагыздар сасык жытты ого бетер күчөтөт.
  • Мускат жаңгагын же кофенин данынан кемирип алыңыз.
  • Дарыканаларда сатылуучу ооздогу жытты кетирүүчү атайын спрейди жаныңызга ала жүрүңүз.

ДЕЗОДОРАНТ ТАНДООДО КӨҢҮЛ БУРЧУ ЖАГДАЙЛАР
Жөнөкөй дезодорант бактерияларды өлтүрөт, бирок терди токтото албайт. Мунун курамында триклозан жана фарнезол аттуу бактерия өлтүргүч зат болот. Триклозандын организмге пайдасынан дагы зыяны көп. Ал эми фарнезол болсо пайдалуу, анткени ал жалаң эфир майынан даярдалат. Алар, тескерисинче, тер менен күрөшөт. Курамында терди кургатуучу алюминий жана цинктин элементтери болот.
Парфюмериялык дезодорант терди да, бактерияны да жөнгө сала албайт. Болгону өзүнүн жыпар жыттуу композициясы менен колтуктун жаман жытын жоготот.
Дезодорант-антиперспирант эң мыкты натыйжа берет. Бир эле учурда колтуктагы терди кургатат, бактерияны өлтүрөт жана жаман жытты жөнгө салат.

КЫЗЫКТУУ

  • Адамдын денесинде 3 миллионго жакын тер бездери бар.
  • Тер бездери адамдын маанайына жараша жыт чыгарат. Маанайы пас, ачууланган учурда адамдын денесинен жаман жыттар чыкса, маанайы көтөрүңкү адамдан жагымдуу жыт бөлүнүп чыгат.
  • Байыркы римдиктер жагымсыз жыттан корунуу үчүн кичинекей баштыкчага жыпар жыттуу чөптөрдү салып, колтугуна кыстарып алышкан.
  • Эң алгачкы дезодоранттар ашкана содасынан жасалган. Ал денеден чыккан жагымсыз жыттардан жана тердегенден сактаган.
  • XIX кылымдын соңунда, XX кылымдын башынан тартып дезодоранттар менен антиперспиранттарды окумуштуулар ойлоп таап, коомчулукка таратышкан.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
_oichul_
2013-08-19 10:19:49
Чекпе чекпе сигарет,
сигаретте никатин,
андан коро алма же,
алмада бар витамин.....дешкен экен
+3
AFRODITA-89
2013-08-19 11:33:53
Ммм туура...
0
Sava87
2013-08-19 18:42:08
Тамекини еч еле таштай албай койдум
0
jehan
2013-08-20 01:33:20
Тамекини ташташ учун адамга ерк керек,,,,, егер ерктуу болсонуз таштап койуш проблема емес
0
nurik77
2013-08-20 10:19:32
jakshy kenesh boldu
0
Aisuluu7
2013-08-20 11:53:27
Жакшы экен. маек...
0
Kg.lady
2013-08-21 16:45:19
Aisuluu7, кайсы маекти айтып жатасыз?!
0
zzz---zzz
2013-08-20 19:49:19
Колтук менен бутка кайсыл нерсени жэ кайсыл дезодранттын атын толугу менен жазсаныздар болмок
0
guard
2013-08-23 00:06:59
Буттун шыбоосун шыбактын гулун кайнак сууга настойка кылып туруп, бутту 15-20 минутадай салып алып эки бутту бири-бирине жышкылап 3-4 кун эрмектесе кетип калат, анан кытай ботинка, носкилерин кийбеш керек, булгаары ботинка анан пахтадан носки кийүү керек...
0
Asus84
2013-09-09 14:32:13
фу кошмар таза жургулочу
0
Saltanat...
2013-09-25 00:07:53
шыбак менен жалбыздын орусчасы кандай?????
0
№ 563, 16-август-22-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан