Эмил Токтогонов: «БАБАЛАРЫМДЫН АРБАГЫ АЛГА СҮРӨЙТ»

Эмил, панкратион, башкача айтканда, эрежесиз мушташ менен машыгып калышыңа эмне түрткү берген?
– Эмнегедир өзүм кичине кезимден эле мушташка жакын болчумун. Окууну бүтүп, Бишкекке келээрим менен бир күнү “каратэ”, “ушу” секцияларына барып, машыгып жаткан балдарга көз чаптырдым. Бирок, спорттун бул түрлөрүндө кол менен башка урууга тыюу салынганы көңүлүмө жакпай калды. Себеби, жаш кезимде капка салынган кум менен таарындыны ургулап жүргөн муштумумдун салмагын текшерүүнү көптөн бери самап жүргөм. Андыктан, мен үчүн өзүмө ыла­йык спорт керек эле. Ошентип, 1999-жылы Кыргызстанга эмгеги сиңген машыктыруучу Павел Федотовдун залына барып, профессионалдык таэквандо жана тайбокс менен машыгып калдым.
Эки айдан кийин эле таэквандо боюнча Бишкекте мелдеш өтүп, Казакстандын Адилов деген эл аралык деңгээлдеги спорт чебери менен беттешип, аны утуп алдым. Бирок, калыстар атаандашымдын наамына карап, ага жеңишти ыйгарып коюшту. Мен ага анча деле ка­па болгон жокмун. Машыктыруучум болсо: “Жакшы муш­таштың. Бирок, азыр сен үчүн жеңгениң эмес, тажрыйба топтогонуң маа­нилүү” деп мени кубаттап койду. Ошентип, тушоом кесилген.
2002-жылдын күз айында панкратион боюнча Казакстандын Боровой ку­рор­­­тунда өткө­рү­­лө турган Азия чемпионатына катышууга мага да сунуш түштү. Кыргызстандын курама командасы менен кошулуп, өз каражатымдын эсебинен коңшу өлкөгө сапар алдым. Сапарым байсалдуу болуп, анда алтын медалды утуп алдым. Ошондон кийин эрежесиз таймаш боюнча мелдештерге бир канча ирет чыгып, ийгилик артынан ийгилик жаратып жүр­дүм. Бышып жетилген соң, 2005-жылы Астанада өткөн панкратион боюнча Евразия чемпионатында алтын курду белиме байланып, акчалай сыйлыкка ээ болдум.
Ошол мелдеште уткан ак­чаң корогон денсоолугуңду калыбына келтирүүгө жетеби?
– Албетте, жетпейт. Себеби, эч качан акча менен денсоолугуңду сатып ала албайсың. Бирок, панкратион десе эле эл былчылдашып муш­ташууну ойлошот. Чындыгында андай эмес. Ишен­сеңер айрым бет­тешүү­лөрдө бир сокку тургай бир жерим да тытылбай жеңишке жеткен учурларым бол­гон. Профессионалдар атаандаштарына көп сокку берип майып кылууга умтулушпайт. Колдон келсе буту-колдорун кайрып же муунтуп жеңишке жетүүгө аракет кылышат. Алгачкы беттешүүлөрдө кандайдыр бир соккулар болушу мүм­күн, би­рок, ансыз тажрыйба алып, ийгиликке жете албайсың да.
“Физкультура айыктырса, спорт майыптыкка да жеткизет” деген сөзгө кошулгуң кел­бей жатабы?
– Спортко аралашпай көчөдө жүр­гөндөрдү деле таш менен чаап кетип жатышпайбы. Ага караганда сокку жесем да жеңип, чет жерде Кыр­гызстандын туусун бийик көтө­рүп, гимнин ойноткум келет.
Эрежесиз мушташтан үйрөн­гөн ыкмаларыңды күндөлүк турмушта колдонгон учурларың болдубу?
– Эгер кеп мушташуу тууралуу болуп жатса, анда мындай учурлар кездешкен жок жана кездешпей эле койсун. Кыйынмын, күчтүүмүн деп эле ал­­сыздарды баса калып сабай берген болбойт. Андайларды мен машке иттерди талаган арсыз дөбөт­төргө са­лыш­тырам.
Башыңдан өткөн кызыктуу окуяларга да орун берсек...
2005-жылы 24-28-мартка чейин Алматыда Казакстан президенти Н.Назарбаевдин тайбокс боюнча эл аралык турнири өтүп жаткан эле. Кыргызстанда болсо эл көтөрүлүп, Ак үйдү кантип алышканы тууралуу кабар бардык телеканалдар аркылуу берилип жатты. Ошондо мен беттешүүгө чыккан сайын “кыргызстандык революционер” деп бакырып-өкүрүп залдагылар мени колдоп жатышты. Акырында президенттин кубогун жеңип, туубузду өйдө көтөрүп жатсам, андагылар мага кайрылып: “Кыргызстандын желегин Ак үйдө жерге ыргытып ташташса, сен эмне көтөрүп жатасың?” де­ген суроону узатышканда ичимден аябай жаман болдум.
Сенин оюңча, адам канткенде толук бактылуу боло алат?
– Баш кошкон жубайлар ынтымактуу өмүр сүрүп, бала тарбиялап, кийин алардын үзүрүн көргөндө гана толук бактылуу боло алат. Эгер жуба­йың экөөң ит менен мышыктай ырылдашып турсаң, анда ынтымак да, ырыскы да, бакыт да качат. Үйбүлөлүк бакытка жеткениме эки жыл болуп, учурда бир кыздын атасымын.
Спорттон тажаганда кантип эс аласың?
– Бош убактым болгондо аңчылыкка чыгам. Чарчаганымда болсо кызымды эркелетип ойносом, кадимкидей эс ала түшөм.
Ийгилик жаратууңа сага арка-жөлөк болгон колдоочуларың барбы?
– Өзүм Ормон хандын урпактарынан экенмин. Өспүрүм курагымда “Манас”, “Эр Төштүк”, “Эр Табылды”, “Жаныш-Байыш” эпосторун окуп алып, өтө таасирленчүмүн. Ошолор сыяктуу элимдин баатыр баласы болуп, алардын ак батасын, алкышын алууну көп кыялданчумун. Бирок, баатыр болуу деген мен үчүн бийик, башкача айтканда, жетүүгө мүмкүн болбогон максаттай сезилчү. Адам кааласа бардыгына кудурети жетээрине эми ынанып олтурам. Балким, ар бир таймашта дал ошол баатыр бабаларымдын арбагы мени колдоп, алга карай сүрөп жүргөн чыгаар. Себеби, ар бир беттешүү алдында мен алардан жардам сураймын.

Маектешкен Улан Мамбетов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 205, 6-12-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан