Кыргызстандын сыймыгы, 2008-жылдан бери казакстандык «Актөбенин» курамында ойноп жүргөн футболчу, 26 жаштагы Эмил Кенжесариев Алматы шаарында белгисиз бирөөлөрдүн ур-токмогуна кабылды. 11-август түнү ал баш сөөгү жарылып, эсин жоготкон абалда Алматынын ооруканаларынын бирине жеткирилген. Бир суткадан ашык комада жаткан футболчуга эртеси операция жасалды. Учурда анын абалы жакшырып бара жатканын дарыгерлер кабарлашты. Жердешибиздин бул шумдукка кабылуусун Алматыдан турак жай алууну көздөп, ири суммада акча алып жүргөнү менен байланыштырышууда. Ал эми казак телеканалдары «Актөбенин» ишенимдүү оюнчусунун сабалышын «атаандаштарынын колунан келиши мүмкүн» дешүүдө.
Эмил командасы менен 8-августта УЕФАнын Евролигасынын тандап алуу турунун алкагында исландиялык «Брейдабликти» уткан соң эс алууга чыккан. Анын жоголуп кеткенине тынчсызданып жаткан жубайына, жакындарына оорукананын кызматкерлери чалган. Эмил, кыргыз эли сени менен! Айыгып кетишиңе чын дилден тилектешпиз!