Баткен шаарындагы «Баткен сити» футболдук клубу Ысык-Көлдө сентябрь айында өтө турган «Ысык-Көл-2013» Азия оюндарына кызуу даярданышууда. Бул тууралуу аталган клубдун негиздөөчүсү Сейитмурат Анаркулов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Биздин шаарда футбол боюнча машыгууга эч кандай шарт жок. Бирок ушуга карабай түрдүү турнирлерге катышып келебиз. 2011-жылы Кыргызстандын Жогорку Лигасында 2-орунду ээлегенбиз. Жакшы шарт түзүп, каржылоо жагынан да жергиликтүү бийлик жардам берсе жакшы болмок. Ошондой болсо да жакында боло турган Азия оюндарында жакшы ийгиликке жетүү максатында машыгып даярдануудабыз. Бул оюнда атаандаштык күчтүү болот. Себеби Азиянын мыкты делген кичи футбол клубдары бул мелдешке калтырбай катышып келет.
Гүлжан Эшбаева
batken@super.kg