Урмат Усенов: “УУЛУМДУ ТӨРӨЛГӨНДӨ ЭЛЕ МЕНЧИКТЕШТИРИП АЛДЫМ”

Акыркы эки жыл Урмат менен Неля үчүн жемиштүү болду. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, бири “2008-жылдын Супер ырчы мырзасы” деп табылса, экинчиси “2008-жылдын Супер ырчы айымы” деп табылды. Андан көп өтпөй экөө тагдыр жолунда кол кармашып, бирге түтүн булатууну чечишти. Эми минтип уулдуу болуп отурушат. Бизде конокто ата болуп кубанычы коюнуна батпай жүргөн мачо Урмат Усенов.

– Бешик боо бек болсун, Урмат, бир күндө өзүңдү чоңоё түшкөндөй сезип жаткандырсың?
– Ооба. Бала төрөлгүчө болгон оюмдун баары Неля экөөндө болуп жатты. Анан врачтар жаңы туулган баланы көкүрөгүмө жаткызып коюшса, ошол замат өзүмдү башка адамдай туюп кеттим. Көкүрөгүңдө “беззащитный”, али көзүн ача элек наристе жатса, өзүңдү анын алдында жоопкерчиликтүү сезип, ушул наристеге калканч, жөлөк болуу керек экенин туят экенсиң. Баламды кармап көрмөк тургай, катуураак дем алып жиберсем бирдеме болуп кетчүдөй көзүмдү албай, демди ичке катып, эки саат жалдырап эле карап жаттым. Мурун пландар 5-10 жылга алдыга түзүлсө, эми алар дароо кеңейе түштү.
– Балакай кимге окшош экен?
– Кичинекей кезимдеги сүрөттөрдү карап отуруп, өзүмө окшотуп жатам. Азырынча кызыл эт бала да. Бирөөгө окшоштуруш деле кыйын болсо керек. Бирок болбой эле өзүмө окшоштургум келип, окшоштуктарды таап жатам.
– Нелянын ден соолугу жакшыбы?
– Башында бир аз кыйналды эле, азыр кудайга шүгүр, оңолуп калды. Толгоосу башталгандан төрөгүчө моралдык жактан колдон келген жардамды берип жаттым. Кыйналып жаткан кездеринде “ушул оорунун жарымын эле көтөрө алсам, бөлүшө алсам гана” деп кайра-кайра айта бериптирмин. Аны эми айтып күлүп жатат. Азыр жакшы, ал деле баланы көрүп кубанып, ошону менен алаксып, ооруганын унутуп койду окшойт.
– Баласын эч кимге карматкысы келбей кызганып жаткандыр?..
– Жо-ок, ооруканадан чыга электе эле уулумду мен менчиктештирип алгам. Ошондуктан Неля эмес, көбүрөөк мен кызганып жатат окшойм.
– Төрөт кезинде­ ка­­­­ты­­­­шып­­­­ты­­­р­­­­сың. Көңүлүм калып, ирээнжип калам деп чочулаган жоксуңбу?
– Төрөөрдүн алдынан консультацияларга чогуу барып жүрдүм. Ошолордун жардамы Неляга жакшы эле тийди окшойт. “Төрөт учурунда кирип, жанында турсаң болот” деп деле айтышты. Бирок анчалыкка барган жокмун. Кандай десем, эми бул эркектин көзү көрө турган нерсе эмес болсо керек. Эркектердин көзүнө көрүнбөй турган аялдардын дагы бир өзгөчөлүгү, чыдамкайлыгы го дейм. Бизде буга чейин эч бир эркек төрөткө катышкан эмес. Мен да ошолордун жолун жолдодум.
– Баланы чоң энеси менен таенеси “мен багам” деп талашышпай элеби?
– Бизде бул жагынан салт катуураак. Таенеси таене катары келип, өзүнүн ырымдарын кылып кетти. Биздикилер башынан эле “небере биздики” деп кубанып жатышты. Бирок таенеси деле биз кандай кубансак, ошондой кубанып, жыргап жүрөт.
– Атаңдын тун небереси турбайбы, эмне энчиледи?
– Асыл тукум тай энчиледи. Бала алтыга чыккыча эки асый байлап калат экен. Алтыда өзү минип калат да, кудай буюрса.
– Сыр болбосо айтсаң, уул төрөп бергени үчүн Неляга эмне белек бергени турасың? Же берип койдуңбу?
– Азырынча бере элекмин. Бирок жанагынча кыйналганын көрүп-билген соң азыр эмне кааласа, эмне сураса бут алдына төшөгөнгө даяр турат окшойм. Бала төрөлгүчө “ушул аман-эсен көз жарып алса экен, аман-эсен төрөлсө экен” деп тилеп жаттым. Анан төрөлүп, менин көкүрөгүмө коюлары менен “ушунун келечеги кең болсо экен, ден соолугу чың болуп, эр жетсе экен” деп тилене баштадым.
– Биринчи сүйүн­чүнү кимге айттыңар?
– Негизи, салт боюнча сүйүнчү таенесине айтылышы керек болчу. Бирок таенеси да, чоң энеси да жанында болгондуктан, сүйүнчүнү өкүл атабыз Рысбек байкеге айттык. Алар да тынчсызданып күтүп жатышкан болчу.
– Эми чыгармачылык жагы кандай болот? Сахнадан алыстап кетпейсиңерби?
– Жок, андай деле болбойт го. Эки-үч ыр даярдап койгом, Неляга арнап. Буюрса, сентябрдын аяктарында жаздырып, ырдап чыгат. Көпчүлүк «экөө үйлөндү, эми сахнада да бир үйбүлө катары жалаң чогуу ырдап, чогуу иштешет» деп ойлошот экен. Бирок мен экөөбүздүн чыгармачылыгыбызга тең жекече мамиле кылмакчымын. Ылайыгы келген жерде дуэттер деле болот дечи. Ошентсе да ушунча ийгиликке эмгек менен жетишкен адамдын чыгармачылыгын үй-тиричилигине таптатып, тебелетип койгум келбейт. Өзүм сахнадан алыстасам да, Нелянын чыгармачылыгынын өнүгүшүнө шарт түзүп бергим келет.
– Адатта сахналаштар баш кошуп калышса, бири экинчисине продюсер болуп кетчү эле. Сенде андай пландар жокпу?
– Жакынкы үч-төрт жыл болбосо дагы, келечекте таланттуу жаштарга кичине жөлөк-таяк болуп, тарбия бере турган мектеп ачсам деген ниетим бар. Албетте, Нелянын жанында жолдошу эле эмес, дайыма продюсери катары да кызмат кыламын.
– Аял кишиге тамак жасашып, таштандыларды төгүп келип, жалаяк жуушуп дегендей, үй-тиричилигине жардам берүү­гө кандай карай­сың?
– Эгер айылда же бойдок кезде жалгыз жашоо башыма түшсө, балким, мен деле тамак жасап, кир жууганды үйрөнүп калмакмын. Бирок үйдө да, бул жакка келгенде да эжекем, карындашым менен жашап жүрүп, бир да жолу аял кишиге тиешелүү жумуштарды жасап көрбөптүрмүн. Ошондон болсо керек. Азыр деле андай жумуштарды жасаганга көңүл жок. Неля деле буга көнүп калган. Негизи, эркек деген үйдө да, тышта да өз ордун билгени жакшы. Ошентсе да тамак жасаш колунан келген эркектерге кээде кызыгып кетем. Анткени менин колумдан келбейт. Аябай зарыл болсо, жумуртка кууруй алсам керек. Бирок картошка кууруган сыяктуу татаалыраак тамактарды жасасам эч ким жебей койсо керек. Эгер тамак жасап бере турган адам жок болсо ачка деле жүрө берем. Болбосо азыркы заманда кафеге барсаң деле курсагың тоёт да.
– Батышта, ал эмес жакынкы эле Орусия, Казакстанда жылдыздар жаңы төрөлгөн балдарынын сүрөттөрүн гезит-журналдарга сатып, акча жасашат. Мындай иштерге сенин көз карашың кандай?
– Эгер балаңдын сүрөтүн чыгаруу үчүн эле баланча миллион доллар сунуштап жатышкан болсо, демек, сен ошончолук белгилүү, ийгиликтүү, көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан адамсың. Бирок бул нерсе Батыштын көз карашында алып караганда. ­АКШда же Орусияда жашап, белгилүү болсом, мен деле Брэд Питт же дагы башкаларга окшоп бул ишти жасамакмын. Бирок Кыргызстанда жашап жаткан соң элибиздин, жергебиздин салттарына, менталитетине баш ийем. Алар деле бир күндө эле кокусунан жарала калган эмес да. Мисалы, азыр апам Неля экөөбүзгө “баланын кыркы чыккыча сүрөткө тарттырбагыла, чоочун көзгө көрсөтпөгүлө” деди. Улуулар айткан соң аны аткаруу керек да. Ошол үчүн баланын сүрөтүн алып келген жокмун.
– “Супер-Инфонун” окурмандарына, “Тумар” радиосунун угармандарына СМС аркылуу балага ат тандоо сынагын жарыялаган элеңер. Биздин почтага эки жүздөн ашуун билдирүү келип түштү. Арасында сага жаккандары болдубу?
– Окурмандардан келген аттардын арасынан кыргыздын нукура аттары жакты. Мисалы, Байхан, Нурдан деген ысымдар. Дагы бирөө Арген деген атты түшүндүрмөсү менен жөнөтүптүр. Ушул ат да жагып турат. Назгүл Насиева сунуштаган Атабий деген ат да өзгөчө экен. Атам өзү Баэл, Нурэл деген ысымдарды айтып жаткан. Анан күйөрмандар жөнөткөн ысымдардын арасынан Нурэлди көрүп аябай кубандым. Учурдан пайдаланып, убактысын, бирдигин аябай, Неля экөөбүздүн кубанычыбызга ортоктош болуп жаткан күйөрмандарыбызга, “Супер-Инфонун” окурмандарына ыраазычылык билдиргим келет. Мисалы, мен өзүм СМС жазганды жаман көрөм. Тамгаларды терип отуруп бир ойду жазгыча ичим бышып, башым айланып кетет. Тез да жаза албайм. Андан көрө мага телефон чалып, айтып койгон жеңил. Ошол үчүн да эрикпей узун-узун билдирүүлөрдү жазгандарга ыраазы болдум. Эл Неля экөөбүздүн эмгегибизди азбы-көппү баалашат экен деп кубанып жүрөм.
– Кубанычың мындан да арта берсин. Уулуң эл керегине жараган жигит болуп жетилсин. Ийгилик сага!

Шаиста Шатманова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
BAK
2009-08-17 17:40:57
Куш бооунар бек болсун! Бала оз моонотундо эле торолдубу?
0
timoshek
2009-08-20 07:07:31
baktyluu bolgula,
Urmat jakshy ata bolo alasyn degen oidomun
0
Ciara
2009-08-24 00:51:33
Urmat, pozdravlyayu tebya s rojdeniem syna!!! Jelayu, chtoby on ros na radost vam!!!
Vsego vam samogo nailuchshego!!!
0
№ 354, 14-20-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан