ФУТБОЛЧУ ЭМИЛ КЕНЖЕСАРИЕВДИ КҮЗӨТ КЫЗМАТЧЫСЫ САБАГАНБЫ?

11-августта Алматы шаарында белгисиз бирөөлөрдүн «чабуулуна» туш болуп, баш сөөгү катуу жабыркаган Эмил Кенжесариев тууралуу сөз кылабыз. Эмилдин абалы азыр талантын сыйлаган кыргызстандыктарды жана аз убакытта жүрөгүн ачып берген казак күйөрмандарын түйшөлтүп жатат.

Эмил Кенжесариев 1987-жылы, 26-мартта Бишкекте төрөлгөн. Кыргызстандын чемпиондугунда 2003-жылы дебют жасап, 2004-жылы «Мыкты футболчу» аталган. Кыргызстан курама командасы үчүн 3 оюнда 1 гол киргизген. 2009-жылы Казакстандын жарандыгын алган. «Актөбенин» курамында 3 ирет (2006, 2008, 2009-жылдары) Казакстандын чемпиону аталган. Трансфердик баасы 750 миң доллар. Баасы боюнча андан казакстандык футболчулардан Самат Смаков, Максим Шацких жана Талгат Нусербаев гана ашат.

ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ
21-августта Алматы шаарында «футболчу Эмил Кенжесариевди сабаган» деп шектелип 20 жаштагы жигит кармалгандыгы маалым болду. Түнкү клубдардын биринде күзөт кызматында иштеген шектүүнүн канааттандырарлык көрсөтмө бергени да айтылууда. Анын айтымында, мас абалында көчөдө белгисиз бирөө менен кагышып, ортолорунда чыр чыккан. Мурун бокс менен машыккан жигит Эмилди муштум менен башка уруп, окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда тергөө иштери анын сакайып кетүүсүн күтүп жатат. Кылмышкер кармалганга чейин эл ичинде кылмышка төмөнкүдөй божомолдор айтылган:
1. Акча. Эмилге кол салгандар анын акчасына кызыккандар болушу мүмкүн. Бул пикир футболчунун турак жай алуу үчүн ири суммадагы акча алып жүргөнүнө байланыштуу. Бирок анын телефону, айрым буюмдары жана бир канча миң теңгеси чөнтөгүндө калганына карап, казак полициясы «бул талап-тоноочулук үчүн жасалган иш эмес» деди.
2. Атаандаштар. Эмил ойногон «Актөбе» клубу Казакстан Премьер Лигасынын биринчи айлампасын атаандаштардан 6 упай озуп жеңген. «Актөбенин» күйөрмандарынан «бул иште атаандаш командалардын күйөрмандарынын тиешеси бар» деген шектенүүнү табууга болот.
3. Сырткы күчтөр. Күйөрмандардан «чыгаан футболчуну сындырып, кыргыз менен казакка сырткы күчтөр эч нерсе ыраа көрбөйт» дешүүдө. Бул пикир ириде Казакстан курама командасына барып такалат. Ал Кыргызстан үчүн 3 оюн ойногондуктан Казакстан курама командасына ойной албайт эле. ФИФАнын жобосу боюнча, бир мамлекетке ойногон футболчу башка мамлекеттин формасын кийүү үчүн 5 жыл күтөт. 4 жыл мурун Казакстандын жарандыгын алган футболчу эмдиги жылы бул мөөнөттү толтурмак.

АЭРОПОРТКО ЖЕТПЕЙ КАЛГАН
Эмил Кенжесариевге кол салуу 11-август түнү болгон. Футболчуну эсин жоготкон абалда Алматыдагы Абылай хан менен Жамбыл көчөлөрүнүн кесилишинен табышып, "Тез жардам" кызматы ооруканага жеткирген. Жакындары аны 12-августта издеп башташкан. Алгач жубайы клубга чалып, анын дайынын биле алган эмес. Жыйынтыгында Эмилдин чөнтөгүндө калган телефону аркылуу кабарды дарыгерлер клубга билдиришкен. Кылмышкерлер Актөбеге учмак болгон футболчуну аэропортко жеткиришкен эмес. Оор сокку баш сөөгүн катуу жабыркатып, эсин жоготкон. Кийин баш сөөк кесилип, операция жасалды. Азыр анын баш сөөгү ачык бойдон, түтүк менен жасалма дем алып жатканы маалым болду. «Актөбенин» башкы машыктыруучусу Владимир Никитенко жергиликтүү басылмаларга билдиргендей, оюнчулар акыркы оюндан кийин 3 күнгө тыныгууга чыгышкан. «Эмилсиз биздин оюн башкача өңүткө бурулат. Ал биздин баалуу оюнчуларыбыздын бири. Дарыгерлер Эмилди бутка тургузуу үчүн баарын кылышууда. Бирок анын майданга кайта алары туурасында пикир айтуу эрте» деп кошумчалады ал.

ОРЗУБЕК НАЗАРОВГО ДА АЛМАТЫДА КОЛ САЛЫШКАН
Мындай окуя мындан 14 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1998-жылы ноябрда атактуу мушкер Орзубек Назаровдун катышуусунда ушул эле Алматы шаарында катталган. Ал достору менен аэропортко баратканда аларга 4 ирет ок атылып, мушкердин 2 досу көз жумган. Акырекке ок жеп, бактыга жараша, аман калса да, бул окуя Орзубек мырзанын профессионалдык карьерасына чекит койгон. Кылмыш жасагандар табылбай калган.
Эмилди Орзубек Назаров менен салыштырып жатканыбыз жарандык менен байланыштуу. Азыр Эмилдин Казакстандын жарандыгын алгандыгы үчүн жердештери «бөтөн жерде султан болгуча, өз элиңде ултан болсоң болмок» деп жатышат. Орзубек мырза да кезинде Япониянын желеги астында чыккандыгы үчүн ага жан тарткан журтташтар аз болгону белгилүү. Эң негизгиси, Эмил аман калганы кубантат.

ДАГЫ 2-3 АПТА ООРУКАНАДА БОЛОТ
«Актөбе» клубунун президенти Сагат Енсегенулы Эмилди кароосуз таштабасын билдирди: «Эмил биздин күчтүү футболчуларыбыздын бири катары чоң жоопкерчиликти алып жүрөт. Ага 2-3 жылдык келишим сунуштоо алдында бул окуя болуп кетти. Биз аны кароосуз таштабайбыз»,- дейт ал. Ал эми команданын башкы дарыгери Сергей Елисеев футболчунун абалы тууралуу: «Азыр ал команын эң жеңил баскычында. Эмил бул кыйынчылыкка жаштыгы жана организминин күчтүүлүгү менен туруштук берүүдө. Эми 2-3 апта ооруканада болот. Бирок мурунку калыпка келүүсүнө канча убакыт кетет белгисиз»,- дейт.

Эмил жергиликтүү басылмаларга берген маектеринде футбол тууралуу төмөнкүдөй ойлорду айтып келген:
Футбол: «Мен футболду сүйөм. Өзүмдү футболдон башка тармактан көрө албайм».
Курама команда: «Мага «5 жыл күтсөң Казакстан курама командасына киресиң» дешкен. Бирок Кыргызстанда мен карыздар кишилер көп. Андыктан Казакстанга ойноймбу же ойнобоймбу чече элекмин».
Чет жерде ойноо: "Легионер негизги курамда ойноо үчүн жергиликтүү футболчулардан 2 тепкич өйдө туруш керек. Эгер ал жергиликтүүлөрдөн айырмаланбаса, клубга анын кереги эмне?"
Кыргыз футболу: "Эгер мен КРнын Футбол федерациясынын президенти болсом, колумдан келишинче жаштар жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебин өнүктүрмөкмүн".
Пландар: "Жакын арадагы пландарым, кайрадан Казакстандын чемпиону болуу. Командага болушунча артыкчылык алып келүү".

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Juliakalt
2013-08-26 15:36:56
Аллахым озу колдоп айыгып кет Эмил!
0
jora.kg
2013-08-26 21:47:58
Кудайым озу шыпаасын берсин . Казак туугандар коралбастык кылып жататко дейм Эмилдин ойногонун
0
bosmos7
2013-08-27 14:54:33
Коро албасттык! Кыргыз одо болсо жаман корушот булар чамада?
0
jibi
2013-08-27 21:05:47
Alla jardamchynyz bolsun,bul kundordu korbogondoi bolup ketiniz INSHALLAH.
0
№ 564, 23-август-29-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан