Абидин Темиров:«АЗЫР ДА ЧОҢ СҮЙҮҮНҮ КҮТҮП АЛУУГА КУДУРЕТИМ ЖЕТЕТ»

Абидин Темиров мындан көп жыл мурун мааниси маңыздуу, обону жанга жагымдуу ырлары менен кыргыздын кыйырына таанылганы маалым. Ошол кезде кандай эргүү менен иштесе, эмдигиче ошондой энергия менен заман агымына аралашып, талыкпай иштеп келет. «Сулууга», «Курбуларга», «Ойлойсуңбу?» деген ырларды ийине жеткире аткарган обончу, аткаруучу Абидин Темиров менен болгон баарлашууга назар салыңыздар.

– Абидин агай, ырчы болом дегендерди сиздин убакта колдогондор аз болсо керек эле. Сиздин колдоочуңуз ким болгон?
– Калайыктын колдоосу менен ырчылык сапардын жолуна багыт алгам. Эсимде, бир жолу мектептер арасында райондук кароо-сынак болуп калды. Убакыттын аздыгынан жакшы даярдана албай калган элем. Ошондогу комиссиянын алдында сүрдөгөнүмдү айтпа, оозумдан сөзүм учуп, ырымдын текстин унутуп калдым. Мекен тууралуу ыр болчу. Уялганымдан сөздөрдү өзүм токуп ырдадым. Жыйынтыгында булут, асман, сүйүү тууралуу ыр болуп чыга келди. Көрүп отургандар байкаган деле жок, кол чаап, коштоп узатты. Бирок комиссия мүчөлөрү байкашыптыр.

– Анан упайыңызды төмөндөтүп салышкан жокпу?
– Ырдаарын ырдап алып, ичимди бир күдүк ой өйкөп, аябай көңүлүм чөктү. Жүрөгүм дикилдеп, кароо-сынактын жыйынтыгын күтүп отурам. Ошондо 1-орунду алганымды укканда ишенип-ишенбей апкаарыганымды азыр да сөз менен айтып бере албайм. Комиссия мүчөлөрү менин ырымдын сөзүнө аябай күлүп, «Эми облустук сынакта ырыңдын сөздөрүн жакшылап карап кой. Бул белгилүү ыр да. Сен минтип турган жериңден дароо сөз жазып жатсаң, автору таарынат» дешкен. Үйгө келип апамдарга айтсам аябай күлүшкөн. Ошол күн менин чыгармачылык жолго түшкөн күнүм экен. Андан бери канча мезгил өттү...
Жараткан обондорум азыр элге сиңип калды десем аша чапкандык болбос. Ырларым – менин тирүүлүктө тапкан байлыгым, арзуум, тилектерим, жашоом. Мен жүргөн, мен сүйгөн, кыйналсам жөлөп бөлүшкөн, кубансам кошо кубанган, сүйсөм жетине албай төгүлүп-чачылган ааламым ушул. Ырымды бирөө ырдаса же угуп рахат алса, мен кубат алам. Бекер келбептирмин жарыкка деп калам андайда (күлүп).

– Азыркы даражага жеткенге чейин бир топ эле кыйынчылыкты баштан өткөрсөңүз керек?
– Кадимки чыгармачыл адамдар катары эле кыйынчылыктар, мен жетпеген тилектер болду. Кудайга шүгүр, жеткенине жетип эле келатабыз. Бирок кээде акылсыз, кыска ойлуу адамдардын кесепетинен көп тилек-максаттар ишке ашпай, ара жолдо таш каап, көңүл жарты болуп калат экен. Ошон үчүн чийки сүт эмген пенде экенбиз. Азыр, балким, далай аруу, арзуу тилектеримди кырчкан ошол адамдар өкүнүп жүрүшкөн чыгар, балким, эстеп да коюшпайт, ким билет. Өткөнгө өкүнгөндү жаман көрөм, көп нерсеге, тирүүлүгүмө, жакын адамдарым бар экенине, али да болсо кимдир бирөөнү сүйүүгө, кимдир бирөөгө сүйүктүү болууга акым бар экенине кубанам.

– Ата-энеңизге арнап жазган чыгармаңыз барбы?
– Элге анчейин белгилүү боло элек кезде апама арнап «Апакеме» деген ыр жазгам. Апам угуп терисине батпай кубанып, аябай бактылуу болгон эле.
Бул жашоодо мен бир нерсеге өкүнүп калдым. Эненин баркын, салмагын, ордун көзү тирүүсүндө сезбептирмин. Апам баа жеткис байлык экен, көрсө. Анын жан жылыткан мээримин, дил муюткан сөздөрүн, жылмаюусун аябай сагынам. Сагынычтан каңырыгым түтөйт. «Кечинде көп жүрбө, тигиндей бол, мындай бол» десе такыр укпайт элем. Ойлосом, айткандарынын баары туура экен. Апам азыр ошол сөздөрдү айтса, 100гө чыксам да анын айтканын аткармакмын.

– Байкасам, алгачкы сүйүүсүн эч ким деле жашырбайт, сизчи?
– Мен үчүн сүйүү – чоң бакыт, дил толкуткан, маңдай жарып, көкүрөк көкөлөткөн кубаныч. Ошол эле учурда нар көтөрө алгыс кайгы, ичиңден жеген өкүнүч.
Алгачкы сүйүүмө окуучулук кезде жолуккам. Анда 5-класста окуп жаткан кезим. Бир күнү биздин мектепке татынакай практикант кыз келди. Аны көргөндө эле жан дүйнөмө бирдеме тынчтык бербей, дилим дүрбөлөң түшүп калды. Сабакка эрте келип, эжейимди кайтарып отура берем. «Кетерде айтам» деп канчалык шерденбейин, арзуумду айта албай койгом. Кийин ал кеткенде дил кыйнаган бейтааныш сезимдерден улам ыйлаган күндөрүм болгон. Сүйүүмдү айтпай калганыма аябай өкүнгөм. Алгачкы арзуум ошол болсо керек деп ойлоп калам.
Кийин еврей кызын жакшы көрдүм. Жок, сүйдүм десем туура болчудай. Студенттик курагымды таттуу тилектер менен мелт-калт кылган, жаштыгымды көрккө бөлөгөн ал кыз бир башкача аруу жан болчу. Атасы аскер адамы болгондуктан, Ошко көчүп келишкен эле. Мен ал кезде Оштогу Мамлекеттик музыкалык окуу жайында окучумун. Ал киши азыр бир жандын бактысына балта чапканын, ал адам сүйүүдөн бактысыз экенин ойлоп да койбосо керек.
Анда 16 жашта элем. Ал кыз менин окуума жардам берип, орусча да үйрөтүп күйпөлөктөп эле жүргөн. Көрсө, ал да мени сүйүп жүрүптүр. Эркектер мындайды кеч түшүнөт турбайбызбы. Анын сүйүүсүн убагында сезбептирмин. Алар көчүп кетишкенден кийин кызды көргүм келип, өзүмчө куса болуп жүрдүм. Ошондон улам аны сүйөрүмдү билдим окшойт.
Мен анда эң бай студент элем. Токон Эшпаев, Ибрагим Жунусов, «Кыз-Бурак» тобу, Азада Бегимкулова, Рыспай Абдыкадыров менен гастролдорго чыкчумун. Кусама чыдабай, концерттен тапкан акчамды алып ата-бабам көрбөгөн Одесса, Харьковго чейин сүйүүмдү издеп бардым. Аны таппай көзүм жашка, көкүрөгүм дартка зилдеп, акчасы жок, ачка аэропортто 3 күн жатканымды ал билген жок. Апасы ар кайсыны айтып, кызына жолуктурбай койгон. Ошондо «Ойлойсуңбу?» деген ырымды жараткам. Кийин менин обонума дал келген сөздү Надырбек Алымбековдун ырларынан таптым.

– Бул суроо жаныңызда дайыма бирге болуучу жан шеригиңиздин жоктугунан улам берилип жатат. Учурда сүйүүгө даярсызбы?
– Адамдар сүйүшөт, жылдызы келишсе үйлөнүшөт, тагдыр башка салса ажырашышат экен. Мен да ажырашуу ызасын тарткам. Али да албан сүйүүнү күтүп алганга кудуретим жетет. Жанымды сүйүүнүн кадырын, баркын, насилин баалай албаган пенделер кейитти. Сүйүүдөн көңүлүм калган жок, сүйүүнүн баркын билбеген пенделерден көңүлүм калды. Көпкө сыздап ооруган күндөр болду. Азыр мага ыйык нерселер: ыймандуулук, ак пейил, адамгерчилик, тазалык, ынтымак, бекемдиктен өткөн зарылдык жок. А бакыт деп билгеним – тирүүлүгүм, ыр жарата алганым. Мен бактылуумун. Кейигеним – учурдагы ыймандын күйгөнү, кыздардын тентигени, кор болгону, жигиттердин алсыздыгы, жумуштун жоктугу, эргигеним – карылардан кут кете электигин көрүү, наристелердин күлкүсүнүн эч качан күчүнөн кудуретинен тайбаганы.

– Күйөрманыңыз менен сүйүү кемесинде чогуу болгон учур болду беле?
– Күйөрмандар тарабынан болгон сүйүүлөр толтура. Бирок баары эле ырчы менен күйөрмандын мамилесинен ары өтө элек.

– Ырчылардын ичинен ким менен жакын доссуз?
«Кемеге түшкөндүн жаны бир» демекчи, баары менин досторум, тагдырлаштарым, кесиптештерим, сахналаштарым.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Музыка - сыйкырдуу дүйнө" дейт Абидин Темиров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Aidajan
2013-08-26 13:07:42
мен суйгон адам,
0
N.Bakazova
2013-08-26 16:21:49
Jakwyyy.
0
nasik198
2013-08-26 23:28:00
Эн сонун маек болуптур.Суйлогон создору,айткан ойлору тасирдуу.Чыгармачылыгынызга ийгилик .
0
mi-li-na
2013-08-26 23:37:58
...Бул ырчынын коздорунон кандайдыр бир мунду байкоого болот экен... Ушундай адамдын суйуусуно багынбаган кандай айым болду экен,себеби, уйлонбой жургонуно байланыштуу айтканым. Балким кайрылабы деп куткон чыгаар, женил адам болсо,башка кээ бир ырчылар сыяктуу баарына кол шилтеп каалаганын жасамак беле кайра-кайра жубай тандап. Кантип эле ушундай белгилуу инсанга татыктуу жубай жок, тан калган нерсем ушул болду. Эхх жашоо, жашоо, бироого кар дуйно, бироого зар дуйно деген бекеринен эмес даа...
+1
Lika
2013-08-27 21:36:56
мааниси бийик накыл создор,ырларынан да создорунон да кубат аласын, сиздей асыл адамдар коп болсун, бар болунуз!!!
0
Eliza83
2013-08-29 14:29:54
Негизи чыгармачыл адамдын конулу назик болот деп уккам.Аялы муну тушуно албаган го...Сизге чон суйуу жана ийгилик каалайм!Бар болунуз!
0
Narynbek
2013-08-30 00:15:29
Чыгармачылыгын сыйлайм Абидин акенин!Ырлары муңдуу болгону менен жагымдуу.Сизге бакыт жана ийгилик!
0
dinka.vip777
2013-08-31 17:05:22
Биз бир кездерде дос болуп жургомбуз коп жылдан бери корбрдум дагыле ошол бойдон жапжаш.Ырлары сапаттуу аз бирок саз.Чыгармачылык ийгилик каалайм.
0
Jeka
2013-09-06 12:49:26
Абидин - азыркы ырчылардын Абдыкадырову. Обондору уккулуктуу, мукамдуу. Айтмакчы, эми түшүндүм Абидиндин "Кайыр кош" деген ырындагы "Сен менден кеткиң келди, кеткин эми;
Таңга окшош таалайыңа жеткин эми" деген саптардын маанисин.
0
№ 564, 23-август-29-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан