Апта башында Талас районунун Кеңеш айылынын Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун 128-чакырымында жол кырсыгы катталды. Маалыматка таянсак, Атай Огомбаев айылынын тургуну, 1984-жылы туулган Айдар Субанбеков өзүнө тиешелүү болгон Хонда Одиссей үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатып, каршысында келе жаткан Москвич-412 үлгүсүндөгү автоунааны койдуруп кеткен. Натыйжада Москвич-412 үлгүсүндөгү автоунаадагы жүргүнчү, Арал айылынын тургуну, 1984-жылы туулган Шумкар Жунушалиев окуя болгон жерден көз жумган. Жол кырсыгы боюнча учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg