Баңгизатын мыйзамсыз алып жүргөн 2 адам кармалды. 17-августта Талас районунун Долоно айылдык аймагындагы талаадан Таш-Арык айылынын тургуну, 1980-жылы туулган К.М. кара куурай чөбүнө окшош чөптү терип жүргөн жеринен кармалган. Текшерүү учурунда К.Мнын жанынан 1 килограммга жакын жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар кургатылбаган чөп табылган. Ошол эле күнү жогоруда аталган жер участогунун талаасынан ушул эле айылдын тургуну, 1980-жылы туулган А.К. чөптү терип жүргөн жеринен кармалып, жанынан 1 килограмм 500 грамм кара куурай кургатылбаган абалында табылган. Учурда бул фактылардын үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатат.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg