Айжамал Кабылова 5 бир туугандын улуусу. Жаштайынан сахнага аралашкан ырчы айым бир туугандар арасында кандай эже болгонун иниси Толубай Кабылов айтып берет.
«АЙЖАМАЛ ЭЖЕМ БИЗДИ ЖАЗАЛАЧУ»
-Биз Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынан болобуз. Айжамал эжем экөөбүз эки башка жерде тарбияланып калдык. Анткени мен төрөлгөндөн кийин эле апам ооруп калып, таене-таятамдын колунда, Папанда чоңойдум. Айжамал эжем 6-классынан эле «Кыз-Бурак» тобуна алынып, Гүлшайыр эженин колунда бой жетти. Жайкы каникулда 2 айга үйгө келер элем же болбосо бир туугандарым Папанга, жайлоого барышчу.
18ге чыкканча бир үйдө жашап чоңойбосок да, башыбыз бириккен жерде команда болуп бөлүнө калчубуз. Нурила эжем экөөбүз бир, Айжамал менен иним Өмүрбек бир команда болор эле. Иним кичинекей болгондуктан, көбүнчө Айжамал эжемди жалгызсыратып коёр элек.
Эжем эрте турмушка бышкандыктан, ары үйдүн улуусу болгон үчүн бизден көп нерсе талап кылчу. Мисалы, үйгө келген сайын «эмки келгенимде аткарылып калсын» деп ар бирибизге жумуш дайындап кетет. Келгенде айткан иштери чала аткарылса же бүтпөй калса, сөзсүз жаза алчубуз. Мен таене-таятамдын эркеси болгондугумдан анын бир да жазасына чыдай алчу эмесмин. Дароо Нурила эжеме арызданып, экөөнүн ортосуна от жагып, уруштуруп коёр элем. Ошентсе да Айжамал эжемди негедир бат эле сагынып кетчүмүн. Ал жайлоого барып калганда «ии, эми эртең эле кетип калат да» деп кыйнала берчүмүн. Аны ээрчип ыйлаган күндөрүм да көп болгон.
«АЙТКАНЫ МЕН ҮЧҮН МЫЙЗАМ»
-Эжелеримдин мүнөздөрү ар башка. Бири катуу болсо, бири боорукер. Айжамал эжем ашыкча чолчоңдоп кетсем тыйып, урушуп, ордума коюп турчу. Андайда экинчи эжем мага болушуп, ооруган көңүлүмдү сооротуп калчу.
Эне кантсе да мээримдүү жан да. Апам биздин каталарыбыздын анча-мынчасына көз жумуп коёт. Ал эми атам «эки кыздан кийин сени тиленип жүрүп тапкам» деп көп катуу айтпайт. Мени туура жолго салып тарбиялаган эжелерим болду. Ооба, кичинерээк кезде ага капа боло берчүмүн. Эс тартып, ак менен караны айырмалай баштаганда апамдан кийинки кадырлуу адам катары таазим этип калдым. Көрсө, ал бизди жөн урушчу эмес экен, өзүндөй кылып жашоого эрте бышырганга аракеттениптир. Мага жакшы менен жаманды айырмалап, бул жашоодо кандай жашашты Айжамал эжем үйрөттү.
Учурда Айжамал эжем үй-бүлөлүү болсо да, бизди көзөмөлдөп турат. Анын көз карашынан эле эмне дей турганын билем. Ар бир сөзү мен үчүн мыйзам. Ата-энеге болгон урматы да жогору. Көпчүлүк анын сахнадагы жүзүн гана билишет. Чыныгы адамдык сапатын, үй-бүлөдөгү ордун эч ким билбесе керек. Эжем баарын билгенге, жасаганга аракет кылат, билбеген нерсеси да бар. Ал – «колумдан келбейт» деген сөзү.
«АЛ ЫРДАГАНДА ЗАЛДАГЫ ЭРКЕКТЕРДИН КӨЗҮН ЖААП САЛГЫМ КЕЛЧҮ»
-Эжем айылга келгенинде көп күлбөйт эле, жылмайып гана койчу. Бир жакка түз барып, түз келгендиктен, эч бир бала тийише алчу эмес. Бирөөлөрдүн ал жөнүндө сөз кылгандарын угуп калсам кадимкидей ачуум келчү. Мен окууну бүткөндөн кийин филармонияда музыкант болуп иштеп калдым. Өзүнө билдирбегеним менен, аны күйөрмандарынан аябай кызганчумун. Ал сахнада ырдап жатканда залдагы эркектердин баарынын көзүн жаап салгым келчү. Бирок негедир жездемден кызганбагам. Экөө баш кошордо ата-энелерин тааныштырышкан. Ошондо атамдар менен мен да барган элем. Азыр ойлосом, жездеме эч кандай сын көз караш менен карай алган эмесмин. Көрсө, эжемдин тандоосуна эч кимибиз шек келтирбешибиз керек деген нерсе аң-сезимибизге сиңип калган экен.
«КЫЗДАР ТУУРАСЫНДА СӨЗ КЫЛУУДАН ТАРТЫНАМ»
-7-классты аяктаганда жайкы эс алууга Алматыдагы туугандардыкына баргам. Тоодо жүрүп эле чоң шаарга түшүп калсаң бир башкача сезимде болот экенсиң. Ал жакка Айжамал эжем да иштери менен барып калды. Ошондогу менде пайда болгон бир туугандык сезимди, кусалыгымды сөз менен айтып жеткире албайм. Ыйлагым келип, өзүмдү араң кармагам.
Болочок жубайымдын мээримдүүлүгү апамдай, мүнөзү Айжамал эжемдикиндей болсо дейм. Сүйлөшүп жүргөн кызымды Нурила эжем менен тааныштыргам. Ал эми Айжамал эжем менен тааныштыргандан тартынып жүрөм. Ал кызга эжемдин номерин берип, "өзүң таанышып ал" деп койгом. Кээде эжем кыздар туурасында сөз баштап калат. Андайда тартынып, сөздү дароо башка нукка бурганга ашыгам.
«ЭЖЕМ – МЕНИН МАКТАНЫЧЫМ»
-Бала кезде теңтуштарыңа мактансаң ошону менен кардың тоюп, рахаттанып калат эмессиңби. Убагында эжемдин радиодогу ырдагандары, көгүлтүр экранга чыккандары менин мактанычтарымды кыйла эле күчөткөн. Ал учурда менден өткөн бактылуу адам жоктой болор эле. Алгачкы ирет экранда ырдап чыкканы, үйүбүзгө биринчи жолу жээн неберенин келгени али да болсо көз алдымда.
Бир күнү жаңыдан басып жүргөн иним тумбочканын кырын кармап, сыналгыны тиктеп туруп калды. Карасам эжем «Чын эле, чын эле унуттуңбу?» деп ырдап жатыптыр. Иним наристе болсо да эжемди таанып койгонуна таң кала берем. Кубанып апамдарды чакырып, баарыбыз толкунданып, көзүбүзгө жаш алып көргөнбүз.
Эжем биринчи наристесин Москвада төрөдү, анан бул жакка учуп келди. Аэропортко тосуп алганы бардым, дайыма өзү келчү эжем учактан наристесин көтөрүп түшүп келе жатат. Ишенбедим, «Чын эле жээндүү болдумбу?» деп. Бир туугандардын ичинен үй-бүлөгө көп сыймыкты да, кубанычты да алып келген Айжамал эжем эл ичинде аман жүрсүн.
Уулбү Каныбекова
star@super.kg