«БУТУ-КОЛУҢДУ БАЙЛАП, ӨЛТҮРҮП ЫРГЫТЫП ЖИБЕРЕМ ДЕГЕН»

«Уулум Жылдызбектин аман калганына шүгүр. Бирок сөзсүз өлүп же майып болуп калганда гана жаза колдонбой, ушундай нерсенин алдын алыш керек»,- деп тызылдады эне. Кара-Кулжа районунун Түшүнүк айылынын тургуну Үмүт Мурзабекова уулу айылдашынын колунан токмок жеп ооруканада дарыланып жатканы тууралуу айтып берди. Жабырлануучу Жылдызбек Коңурбай уулу да окуяны мындайча баяндады.

«СЕН КЫЙЫН БОЛУП КАЛДЫҢБЫ?»
– Мен чөп чаап айылда элем, келинчегим, балдарым жайлоодо болчу. 25-июль күнү кечинде чөптөн келип уктап калыпмын. Мен жаткан бөлмөгө айылдашыбыз Медет Аданбаев аттуу жигит кирип келип «Канат агам чакырып жатат сизди» деп ойготту. Чыгып барсам айылдашым, бирге иштеген кесиптешим Канат Жусупов рулда отуруптур. «Жыке, кел отур» деп калды. «Тынччылыкпы?» десем, «тынччылык» дейт. Жаман оюм жок машинага отурдум. Жакшы эле сүйлөп бараткан, биздин айылдан үч айыл бери жактагы Насирдин айылындагы «Чаканек» ат майданына келип калганда мага асыла баштады.
3 ай мурун атамдын иниси Канаттын агасынын машинасында баратып жол кырсыгына учурап каза болгон эле. Аны да киши колдуу болду деп шектенгенбиз, анткени себеп бар эле. Агамдын сөөгү чыга электе, биз ызы-чуу түшүп жүрсөк «элчилик кылып койгула» деп кайра-кайра элди чогултуп тынчыбызды ала бергенде аксакалдардын бирине «сөөк чыксын, тополоң кылбай тургула, кийин сүйлөшөбүз» деп койгом. Ал сөзүм Канатка жакпаган экен, ошол кептерди козгоп «Сен менин абаларымды токтоткудай кыйын болуп калгансыңбы?» деп асыла баштаганда анын бир аз кызуу экенин билдим.
«Буту-колуңду байлап, өлтүрүп ушул жардан ары ыргытып жиберем» деген сөздөрдү айта баштады. «Эмне өчүң бар, мен сага эмне кылдым?» десем мурдума муштап жиберди. Анан муунта баштады. Эшикти ачайын десем кармагычтарын алып салыптыр. Бир убакта эшик кандай ачылды билбейм, мен жыгылып, менин үстүмдөн Канат да кулап түштү. Ары жактан Медет чуркап келди эле, «жипти алып кел» деп буюрду. Экөөбүз кармашып турганбыз, бошонуштун айласын кылып көйнөгүмдү чечип качып жөнөдүм. Канат машина менен кууп келе жатат, мен жолдон сыртка чыгып камыш аралап качып баратып сазга батып, бут кийимим анда калды.

«КАРАКУШУМА ТАШ ТИЙИП, ЭСИМДИ ЖОГОТУПМУН»
– Сормо саз болгондуктан, бир аз баскандан кийин тиземе чейин сазга кирип кеттим. Мени бир метрдей аралыктан чыныдай болгон таштар менен ургулай башташты. Бирөөсү белиме, дагы бири желкеме, каракуш тарапка тийди, эсимди жогото баштадым. Бир убакта өзүмө келсем чылада жатам, аябай муздап калыпмын. Бөлөм агаларымдын үйүнө жеткирип, алар ооруканага алып келишти.
Канат экөөбүз бирге иштейбиз. Мен мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы элем. Кызматка байланыштуу, булардан башка майда-барат иштер менен көп кыжылдаша кетчүбүз. Ошолордун баарын ушул жол менен бүтүрөм деген окшойт, «сени эл алдында баскыс кылам, ушул жерден өлтүрүп кетем» дей берди. Алардын кылыгына, мамилесине, жиптерди даярдап алгандарына караганда алдын ала сүйлөшүлгөн окшойт.

Жылдызбек Коңурбай уулунун апасы ҮМҮТ МУРЗАБЕКОВА да сөзгө кошулду.
– Баламды ооруканага көрсөтүп, аны менен убара болуп жүрсөк Канат баламдын медэкспертизасын «Жылдызбектин тууганы болом» деп жеңилдетип жаздырып алыптыр. Баарын жасалма документ менен бүтүрүп жатат. Биз арыз жазган күнү аны Кара-Кулжа райондук ИИБине алып келишти да, эртеси чыгарып жиберишиптир.

Бул окуя боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жаткан Кара-Кулжа райондук ИИБинин тергөөчүсү БоЛОТ ДООРОНОВ мындай дейт:
– Тергөө убактысы эки ай, эки айдан кийин ишти сотко өткөрүп беребиз. Кылмышка шектүү Канат Жусуповду кармап сурак кылганбыз, эми Жылдызбек дарыланып өзүнө келип алса, экөөнү беттештирүүгө туура келип жатат.
Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, эгерде кылмыш оор болбосо, шектүүнүн өздүгү аныкталса, туруктуу жашаган үйү, иштеген иши болсо, тергөө учурунда эч кандай катачылык кетирбесе, анда анын тергөө бүтүп, сотко өткөрүлүп берилгенче сыртта болгонго укугу бар.

Экинчи тараптын пикирин угуу үчүн КАНАТ ЖУСУПОВ менен телефон аркылуу байланыштык.
– Мен жөнүндө айтып жаткан кептердин көбү негизсиз. Биз урушканга чейин эле мени жумуштан кетиребиз деп кызматыма асылып жүрүшкөн. Жылдызбек экөөбүз бир жерде иштеп, бирге жүрүп, бир нанды бөлүп жеген адамдарбыз, анын бул жолго барарын билбептирмин. Ал окуяда саат 12лер чамасында башка айылга бензинге бара жатканбыз. Жылдызбекти кошуп алган элек. Жолдо баратып уруша кеттик, ал биринчи мени жакалап, жаакка чаап жибергенде гана мен ага кол көтөрдүм. Болгону бир-эки уруп, бир-эки тепкем. Камыштан 200 метрдей алыста болчубуз, өзү качып барып камыштын ары жагына өтүп кетиптир. Жазган арызында менин адамдык аброюма, кызматыма шек келтирип, негизсиз нерселерди жазып, «билими жок» дегенге чейин барыптыр. Менин укугумду коргой тургандар бар.

Ал эми Канат Жусуповдун жактоочусу ЭРКИНБЕК ЖАКЕЕВ төмөндөгүлөргө токтолду:
– Канат айылына бир топ жакшы иштерди жасаган. Спорт аянтчаларын куруп, «Адашбек» деген волейбол командасын түзүп, аларды өзү каржылайт. Жабырлануучунун «өлтүрөм деди» деген арыздануулары негизсиз. Бул жерде эч кандай киши өлтүрүүгө аракет кылуу эмес, бейбаштык болгон. Аны эч ким зордоп унаага отургузган эмес. Анан да «жипти алып кел деди» деп жатат, бирок ал жерден эч кандай жип табылган эмес. Бул иш боюнча түзүлгөн протокол менен арыздар такыр эки башка.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
aruuzat88
2013-08-26 15:13:54
Биздикилер биринин бири козун чукуп эле журо беришет.
-2
Rostov-on-Don
2013-08-26 16:27:18
Бирин олуп,бирин кал дегин.Козун менен корбогондон кийин чын журоктон баары бир!
+2
zzz---zzz
2013-08-26 17:51:12
Сатылган жактоочу ага бир аз акча берсен жакшыны жаман, ал эми жаманды суттон таза кылып корсотот.
-2
netsa
2013-08-26 18:03:50
Эмне болуп баратабыз деги?Эки жуздуу,жузу кара адамдар! Кимге ишенээринди да билбейсин,эгерде Канат чын эле куноолуу болсо созсуз жазасын алыш керек!
+1
jemile
2013-08-26 19:00:49
Кимисине ишенейин,бир кудай билетда!
+1
Altyn10076
2013-08-26 19:29:21
Урган учун ооруканада жатата ,каяктан тапмак эле жипти . Акча берсе жакточу киши олтургон адамды таза кылып чыгарат.
-2
asil-08
2013-08-26 23:00:53
даа айыгып кет
+1
nurka_85
2013-08-27 23:19:07
канат менин классташым ,жылдыз экоо тен заочный окуган . Билимдери бирдей эле. Анан медет менин иним ал андай ишке барганына ишенбей турам. Айып кимде экенин билбедим го жылдыздын айткандарына ишенбедим бир аз кооп кетсе керек. Анан канаттын абалары киши олтуро турган адамдар эмес аттуу баштуу адамдар. Менимче канатта айып болгон кундо деле аз эле. Урганы эле болбосо. А медетти аралаштырбасын. Жылдыз ушуну газетага жазып эркек заучтун ишин кылбаптыр. Мындай болсо дагы башкасынан да жейт го дала
-1
nurka_85
2013-08-27 23:20:06
айыгып эле уйундо экен
0
sss01
2013-09-01 03:12:48
бул жерде канаттын келечегине балта чабууга аракет болуп жатканы айдай ачык корунуп турат. Демек жабырлануучу тарап толугу менен канаттын кызматтык ордуна кызыгып,оздору тарабынан тузулгон сценарий ишке ашырууда.Жылдызбек акылын менен бол,сен мектеп тарбиячысын эсинен чыгарба жалганды жазсан да орду менен жазбапсын эч качан аганын олумун озунун башынан отуп жаткан тагдырына байланыштырба бул сенин тагдырын эртен ушунун баары оз ордуна тушуп,кайра эле Канат экоонор кездешесинер ЭРКЕК БОЛСОН!!
+1
sss01
2013-09-01 03:32:12
жылдыз супер инфодон барып суротко тартканда кайсы бетин менен олумуш болуп тушуп бердин уят,эркектик намыс,эртенки кундогу эл арасындагы кеп,достсрдун арасында отуруу дегеле мен эркекмин деп айта ала турган эч нерсен калбаптыр го сенде эми ушунча болду аялынын юбкасын кийип ал сага менимче аябай жарашат болуш керек ,олумуш болуп суротко тушуп интервью берип эле 1 сааттан кийин айылга барып чоп чаап жургонун кандай сен ордунан туралбай жаткан адам элен го элди алдаба "эл тараза-калк калыс"
+1
asmat6
2013-09-13 16:42:37
мен бул макаланы окуп алып аябай тан калдым мен ошол окуя болгон айылдан болом Бул иш мынчалык болбош керек еле Жылдыз менин досум ал еми Канат иним болот а жанагы Медет деген да менин иним болот бирок ал балдардын мынчалык мушташышып бирин бирин олтурууго дараметери деле жетпейт бул жон гана бейбаштык болсо керек Барыбыз эле бир уруудан болобуз кечиришкиле эми Канатты уй булоосу менен кочуробуз деп атасынар жалпы эл келип ортого тушушту бирок Жылдыз досум кечиримдуу бол доске
0
asmat6
2013-09-13 16:49:29
Жылдыз сен озун жаш да болсон коптогон ийгиликтерге жетиштин бир мектептин болум башчысын билимдуу кадрсын биз достор сени менен аз да болсо сыймыктанабыз сен кечиримдуу болсон дагы да болсо зоболон которулот Канаттын бул кылганы да жакшы эмес канча адамды азапка салып олтурат ээми туулуп оскон айылын таштап каяка кетеер екен сабырдуу бол досум
0
№ 564, 23-август-29-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан