Аваз Акимов:«КЫЗДАРДЫН СӨЗҮНӨ ЭРИП, ӨЗҮМДҮ АРНАП ЖИБЕРМЕЙИМ БАР»

Алгач Айганыштын үйүн айланып өтүп, кийинчерээк ашыгы менен сүйүү деңизинде сүзүп, кыздарды гүлгө теңеп, сулуулугуна суктанган бул ырчы жигиттин кыргыз эстрадасында жүргөнүнө көп болду. Ырларында «жаным-жаным» деп эркелетип сүйүүнүн балын таттырып жүргөн ырчы Аваз Акимов сүйүү, кыздар, чыгармачылык тууралуу маек куруп берди.

АВАЗ ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 1-март
Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Тоо айылы
Билими – М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын бүтүрүүчүсү. Учурда Кыргыз экономикалык университетинин студенти
Үй-бүлөдө – 4 бир тууган. Эжеси, байкеси жана иниси бар
Бою – 168 сантиметр
Салмагы – 60 килограмм
Сүйүп уккан чыгармалары – Ильяз Абдыразаковдун ырларын жакшы көрөт
Репертуарындагы ырларынын саны – 20га жакын, жеке концертин бергенге жетет
Популярдуу ырлары – «Айганыш», «Сагынамын», «Гүл кыздар», «Жаным», «Ай, ай, ай» жана башкалар

– Аваз, учурда «Ай, ай, ай» деген ырың популярдуу болуп жаткан кези, чыгарманын автору ким?
– Бул ыр казактардыкы экен. Аны мен жакында эле билдим. Бир байке кыргызча ырдап жүргөнүнөн ойлогом, өзүбүздүкү болсо керек деп.
SUPER.KG порталынын «Элдик видео» бөлүмүнө бирөө ырдын оригиналын, анан меникин кошо жүктөп коюптур. Ошондон кийин билдим, казактардыкы экенин.

– Сахнага бала кезден баштап аттанганыңды билебиз. Азыр ырчы болбосоң ким болмоксуң?
– Негизи ким болсом да элге таанымал, эл көзүндөгү адам болмокмун. Себеби кичинемде депутат, министр, ырчы, айтор, белгилүү болсом деп кыялданчумун.

– Ал кыялдарың ишке ашып жатабы анан?
– Четинен ишке ашып жатат. Көчөдөн мени таанып, ырларымды радиодон суранышып дегендей. Бул нерсе деле кайсы бир эмгегимдин үзүрү да. Калган багындырчу популярдуулук али алдыда, дагы көп иштеш керек.

– Өзүң курдуу сахналаштарыңдан айырмаланып тургуң келеби?
– Азыр баш-отум менен таанылгыс болуп өзгөрүп алсам, эл да түшүнбөй калышы мүмкүн, «Буга не болгон?» деп. Өтө «скромный» жигитмин. Жарашса-жарашпаса деле шалбырап-балбырап, ар нерсени чаптап жүргөндү аша чапкандык деп эсептейм. Анан да биздин элди батыштагыдай таң калтыра албайсың, туура эмес кабыл алышат. Мен ырларым менен гана өзгөчөлөнбөсөм, калганы өз ордунда эле болгону оң.

– Сени пайдаланып кеткен кыздар болгонбу?
– Пайдаланып кеткендери болгон эмес. Бирок кандай десем... жок, болбоптур (күлүп). Кыздар жөнүндө такыр сүйлөгүм келбей калды, ишенесизби? Бая күнү айылга барсам да ата-энем «Кыздар менен сүйлөшүп жатасыңбы?» деп сурап жатышпайбы. Азырынча чыгармачылык менен эле болом, кыздар менен сүйлөшкөндөн жалтанып калдым.

– Эмне болду анчалык?
– Мен аябай бала кыял, «наивный», ишенчээкмин. Ким эмне айтса чын жүрөгүмдөн ишенип алам. Кыздар кичине жакшы сүйлөп койсо эле жан дүйнөм менен берилип, кыялданып, аны келечектеги жубайым катары көрүп кетем. Алардын бир сөзүнө эрип, өзүмдү арнап жиберет экенмин да (күлүп). Адамга көнүп калсаң да жаман эмеспи. Азыр кыздар менен таанышсам аларды көп жакындатпай, алысыраак болгонго аракет кылып жатам.

– Сүйүү жаатында мырзалар алдаганды, пайдаланганды жакшы өздөштүрүшөт эле, сенчи?
– Азыр тескерисинче го дейм. Кыздар жаман көрбөсүн, бирок учурда алдаган жактан кыздар эркектерден кем калышпайт. Дос-тааныштардан эле билем, бирөө менен жүрүп, аны менен катар бул болбосо экинчиси деп башкасы менен да жүрө беришет. Жеке мен кыздарды алдап, сыздаткан эмесмин. Эгер сүйүктүүмдүн көзүмө чөп салганын билип калсам, дароо мамилемди үзөм.

– Кыздар менен таанышканда алгач эмнесине көңүл бөлөсүң?
– Тазалыгына, тыкандыгына көңүл бөлөм. Өзүн таза алып жүргөн кыз үйүндө да ошондой болот. Анан ашыкча боёнгон кыздарды көрүп, «Ии, боёгун өчүрсө кандай кыз болду экен?» деп кызыга берем.

– Нурлан Насип экөөңөрдүн ортоңордо достуктан тышкары атаандашуу да бар дешет?
– Чыгармачылыктагы адамдардын баары бири-бирине атаандаш. Бирок достук өз жолу менен деп ойлойм. Мисалы, Нурлан жакшы ыр жаздырса, «Ии, мен да ошондой жазайын» деп аракет кыласың. Нурлан экөөбүздүн ортобузда достук эле бар.

– Жашоодо эмнеден коркосуң?
– Өзүмдүн ордумду таба албай, же тияктан, же бияктан жок ара жолдо калгандан корком. Бирок аракетчилмин, баштаган жумуштун өтөсүнө чыкмайынча жаным жай албайт.

– Репертуарыңда кайсы ырың өзүңө жакпайт?
– Кайсы ырымды эл укпаса, ошол жакпайт, ха-ха... Билбейм, баары эле көзүмө жакшы көрүнөт. Бирок башында жазган ырларым анча эместей туюла берет. Акыркы жаздырган ырларым көңүлүмө жакын. Жанымда эч ким жок болсо, машинада үнүн чоңойтуп алып кошулуп ырдап калам.

– Сага эң көп берилген суроо?
«Качан семиресиң?»,»Толбойсуңбу кичине», «Ии, арыктап калыпсың го» деп көп айтышат. Минтип суроо бергендер, демек, мени жакшы билишпейт. Анткени башынан эле мен ушундай арыкмын. Семирейин деп көп тамак жеп алсаң ашказанга күч келсе эмне кылмак элең. Өзү бир убакыт келет экен, мен да жаш курагым, убактым келгенде толсом керек.

– Эсте калган күйөрман кызыңдын жоругу...
– Бир телеберүүдө түз эфирде отурсам күйөрман кыз кайра-кайра чалып суроо берет. Эфирден мени кечки тамактанууга кафеге чакырды. Мен болсо уялып эмне дээримди билбей калдым. Сени канча эл карап отурат. Андай жерлерде маданияттуу сүйлөш керек да, тиги күйөрман кыз «Акчасынан кам санабаңыз, кафенин чыгымын бүт өзүм төлөйм» деп боорду эзсе болобу. Мен берүүдөн чыккыча имараттын алдында даяр болуп күтүп туруптур. «Эртең баралы» деп алдасам да такыр болбойт десеңиз. Азыр барам, анан барам деп жатып араң кетирдим. Кайра-кайра телефон чалып «Качан келесиз, каердесиз?» деп шаштымды алды, тажабаган кыз экен. Акыры чакырган жерине барууга аргасыз болдум.

– Жакында жеке концерт берейин деп жатыпсың?
– Ооба, сентябрь айында Ош шаарында жеке концертимди берейин деп жатам. Туулуп-өскөн шаарымда алгачкы концертим десем болот. Анткени буга чейинки Бишкектеги концертимди Сыймык атам уюштуруп берген эле. Боло турган концертиме өзүм чуркап, өзүм түйшүгүн тартып, айтор, абдан кыйналып жатам. Өзүнчө иштегендин да түйшүгү көп турбайбы, көрсө.

Лунара Бекиева
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аваз Акимов: "Кыздарга бат берилем"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
BORN.kg
2013-08-26 11:41:08
Жасалмалуулугу жок интервю берипсин...
0
Jamalym
2013-08-26 12:50:18
Жонокойлугу жакты.Башка ырчы болгондо кафеге бармак тугул ал кызды согуп-согуп салмак,куйорманынды сыйлап барганын бул сенин адамгерчилигин.Азамат!
0
love.is
2013-08-26 13:15:17
Чыгармачылынызга ийгилик каалайм.
0
aruuzat88
2013-08-26 14:50:30
Ийгилик каалайм жаны,жаны ырларды кутуп калабыз.
0
Gulu-5kg
2013-08-26 18:53:30
4ynynda aiabai ele skromnyi da bul jigit... Yrlary jagat. Iygilik!
0
AFRODITA-89
2013-08-26 22:14:57
Суроту сонун чыгыптыр, тиги учунчусу Илгиз дегени ырдабайт бекен же мен тааныбаймбы?
0
alibekova94
2013-08-27 12:05:17
AFRODITA-89, ооба ИЛГИЗ АБДАЛИЕВ жакшы ырдайт ал деле
0
Kuka95
2013-08-31 10:22:02
AFRODITA-89, Илгиз Абдалиев дегенди таанысанар керек, Адашкан суйуу, Арбалдым, Саманчынын жолу деген ырларды ырдайт ...
0
danilka
2013-08-27 01:07:29
Керемет жигитта, ийгилик.
0
dinaika95
2013-08-27 02:50:26
Суйуу денизи деген клибине девушкасын тарткан деп уккам, кыздар жонундо суйлошкум келбейт деп калыптырго не болду экен
0
alibekova94
2013-08-27 12:03:18
мени черный списокго салып койгонсузгоооо ерибей еле))) оло жагат ушул ырчы ырларын уга берип тажабайм уну кичинекей козунун унундой )) анан черныйга салганын естесем жиним келип кетет..... суроо бере берип тажаткам да))) ИЙГИЛИК ! сизди емес унунузду талантынызды суйомгооо)))озунузду суйсом баары бир крабайсыз да )))))
-1
Aisuluusha
2013-08-28 17:42:49
Оо,жердеш болот турбайбы бул бала! болгону ал Яссы (чынында туура жазылышын билбейм)дарыясынын наркы бетинде,биз берки бетинде.Балакайга ийгилик!
0
Aisuluusha
2013-08-28 17:43:34
Оо,жердеш болот турбайбы бул бала! болгону ал Яссы (чынында туура жазылышын билбейм)дарыясынын наркы бетинде,биз берки бетинде.Балакайга ийгилик!
0
Nurzada88
2013-08-30 22:54:00
Аваз сага ийгилик каалайм, ар дайым кыргыз элинин, кыздарынын суймончук ырчысы болуп журо бер! Жонокой жигитсин...
0
Kuka95
2013-08-31 10:19:24
Аваз байке аябай жонокой, ичинде кири жок, ак конул адам. Мага озу да, ырлары да, стили да, айтор бут-бут жагат, таалантынызга таазим!!! ишинизге ийгилик! дагы коп-коп жакшы ырларды, клиптерди жаратып журо бериниз!!! мы любим вас!!!
0
Tattygul
2013-09-10 14:27:04
ИЙГИЛИК!!! Жонокойлук адамдын эн баалуу сапаттарынын бири, бар бол!
0
madazimova92
2013-09-24 09:07:49
жакшы адамдын жакшылыгы жузунон эле билинет да,ишинизге ийгилик
0
№ 564, 23-август-29-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан