Гүлсада Такенова:«ИЧКЕН ТАМАГЫМА МУРДУМДАН КУРТ ТҮШҮП ЖАТТЫ»

Жакында эле жакаңды карматып, тобоңду келтирткен бул окуяны кулагыбыз чалды. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылынын тургуну, 83 жаштагы кутман карынын мурдунан 80ден ашуун тирүү курт түшүптүр. Ал кандайча болгонун иликтөөгө алдык.

Окуянын чоо-жайын билүү максатында эненин небереси, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Эл аралык салттуу жана эксперименталдык медицина академиясынын кенже илимий кызматкери ГҮЛЗАТ ДООРОНБЕКОВАГА кайрылдык.
«КУРТТАР КУЛАГЫНА КИРИП КЕТПЕСИН ДЕП КҮНҮ-ТҮНҮ КАРАДЫК»
– Таенем ак кан оорусу менен ооруганына 15 жылдай болуп калды. Бирок ак кан экендигин, ал тургай анын кандай оору экендигин да билчү эмес. Жашырып айтпай келгенбиз. Адаттагыдай эле дарыланууга райондук ооруканага ушул жылдын апрель айында барган. Таенеме дарыгер «Сиз жакшы болбойсуз, ак кан деген оору менен ооруйсуз. Анын дабасы жок» деп айтып салыптыр. Аны уккан таенемдин кан басымы көтөрүлүп, ичке тамыры жарылып, инсультка кабылат. Кулаганда бети менен түшкөндүктөн, мурду сынган. Биздин баамыбызда, ошол кезде үйгө алып баргандабы же ооруканадабы, айтор, мурунга чымын кирип «булгап» кеткен. Арадан эки ай өтөт, ал арада курттар көбөйүп, мурду ооруксуна баштайт. Кайрадан бейтапканага алып барып, рентгенге түшүрүшөт. Райондук поликлиникадагы лор-врач Эркин Абдылдаева деген айым таенемди кабыл алат. Ошол эле дарыгерге беш жолу алып барышкан. Ал Левомеколь деген мазь жазып берип, мурдуна тампон коё берүүсүн айтат.
Ошентип, дарыгердин айтуусу менен эки жума бир эле майды коё беришиптир. Оору күчөй бергендиктен, тайларым Талас облустук ооруканасына алып барышат. Ал жерде кабыл алган дарыгер мурундун таноолорун ачып көрүп, «Мурду курттап кетиптир, бул рак окшойт» деп Бишкектеги онкологиялык борборго жиберет. Бишкекке жолго чыкканда мурду канай баштайт. Кан менен бирге биринчи жолу курттар түшө баштаптыр. Анан түз эле республикалык ооруканага алып келишти, дароо эле нөөмөттөгү дарыгер кабыл алып, мурдунан 16 курт алган. Ошол эле ооруканадагы профессор Г.А.Фейгин томографияга түшүрүп келүүбүздү айтып, анын жыйынтыгын көрүп эле оорулууну көрүүдөн баш тартты. Бет сөөктөр кара темгил болуп оюлуп, эттери калбай калган экен. Онкологиялык борбордогу дарыгерлер айнек идишке салынган курттарды «Тирүү кишиде мындай курттар болушу мүмкүн эмес, биз клеткаларды изилдейбиз, курттарды кабыл албайбыз» деп көтөрүп барган курттарды карап да коюшкан жок. Облустук дарыгер онкологиялык оору деген диагноз койгон болчу.
Бишкектеги республикалык маанидеги ооруканалардын эң бир тажрыйбалуу, билимдүү деген профессор дарыгерлери кароодон баш тартып жатышты. Таенемди Бишкекке алып келатканда эле биздин академияга алып келгиле десем, «онкологиялык оору дебедиби» дешип апамдын бир туугандары болбой коюшкан эле. Ооруканалар албай койгондон кийин «Айла жок, өзүңөр карап көргүлө эмесе» деп бизге тапшырышты. Академик Нарбеков өзү көрүп, дарылоону баштады. Курттарды түшүрө турган аралашмалар менен мурунду жууп, дарыларды коюп, өзүм карадым. Көп өтпөй курттар түшө баштады. Биздин клиникада алтымыш, жалпы сексенге жакын курт түштү. Эки айдай уктабай калган неме күнү-түнү уктап, биз болсо мурдунан чыккан курттар кулагына кирип кетпесин деп карап жаттык.

Оорулууну айыктырган академик Омарбай Нарбеков:«ДАРЫГЕР БЕРГЕН МАЗЬ КУРТТАРГА ТАМАК БОЛГОН»
– Негизи, мындай нерсе болушу мүмкүн. Кулакты, мурунду, көздү чымын "булгап" кетсе, ал курттап, көбөйүп кетет. Менин тажрыйбамда мурду курттап кеткен оорулуу болгон. Киров районунда практикада жүргөн студент кезимде чабандын мурду так ушундай курттап кеткен. Аны райондук лор-врач эле дарылаган. Андан он жети курт алганбыз. Э.Абдылдаева өзү билбесе, анда облустук же шаардык ооруканага жиберсе болмок. Мурундун таноолорунан курттар көрүнүп турат, чириндинин жытынан жанына киши чыдап тура алгыс. Курттардын этти жеп чыгарган саркындылары бет сөөктүн ферменттерин эритип салыптыр. Дарыгер берген мазь, тескерисинче, курттарга кошумча тамак болуп берген. Ошондуктан алар жылуу-жумшак көбөйө беришкен. 83 жаштагы карыя ооруну сездирбей турган күчтүү дарылардын таасири менен гана күн көрүп калган экен. Бир жаман жагы, улуу адамдын эти өсүп кетүүсү кыйын, сөөктүн оюктары да оңой менен бүтпөйт.

ГҮЛСАДА ТАКЕНОВА апанын ден соолугун билүү үчүн өзү менен телефон аркылуу сүйлөштүк.
«АРЫЗДАНМАК ТУРГАЙ ШААРГА АРАҢ БАРБАДЫМБЫ»
– Азыр жакшымын, айланайын. Мен ак кан менен ооруганымды укканымда эле оозу-мурдум кыйшайып кулап түшпөдүмбү. Ошондон кийин мурдумдагы балекет башталды. Бара-бара бетимдин ичи бүлкүлдөп кыймылдачу болду. Уул-кыздарыма ооруксунуп жатат десем, алар «Апа, дарыгердин айтканын кыла туралы» дешти. Анан Таласка барсак, ал жактагы дарыгер Бишкекке жиберди. Биринчи барган ооруканадан бир топ эле курт алышты. Кийин профессорлор кабыл албады, «Операциядан чыкпай калса, апаңардын сөөгүн алып кетесиңерби» деп болбой коюшту. Мурдумдан чыккан курттар ичип жаткан тамагыма чейин түшүп жатты. Омарбайга барып, анын дарылары жакшы таасир этти, буюрса. Уйкум келип, эс алып эле калдым. Айылдагы Ильяз Нотбеков деген терапевт келип «Эмне Бишкекке чейин барып арызданасың?» дейт. Мен «Борборго арызданганы эмес, дарыланганы бардым» деп айттым. Арызданмак турсун шаарга өзүмдү араң билип барбадымбы. Чындыгында арызданар оюбуз да жок, эч кимге деле айта элекпиз.

Гүлсада апанын окуясын уккан соң мындай учурда оорулуулар кайсы адистиктеги дарыгерге кайрылыш керек болчу? Ким көзөмөлгө алуусу шарт деген суроолорубуз менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы ГҮЛМИРА ИБРАЕВАГА кайрылдык.
«КЫЗМАТТЫК ИЛИКТӨӨДӨН КИЙИН ЖООП БЕРЕ АЛАМ»
– Кандай гана учур болбосун ооруга чалдыккан кезде айылдык медициналык пунктка кайрылуулары керек. Ал дарылай албаса райондук ооруканага, райондук поликлиникадан айыктыра албасына көздөрү жетсе, шаардык же облустук ооруканага жибериши зарыл. Бирок мунун баары тез арада, бат-бат болушу керек. Алар ошон үчүн айлык акы алып иштеп жатышат. Гиппократтын антын ичкенден кийин адамдын ден соолугуна кам көрүүгө милдеттүү да. Ал апанын мурду жабырлангандыктан, лор-врачка кайрылышкандыктары туура. Мындай учурда ошол бөлүм көзөмөлгө алат. Бул окуяда эмнеден улам мурун курттап кеткендигин, канча убакытта көбөйүп кеткендигин атайын кызматтык иликтөөгө алынгандан кийин гана айта алам.

Мына замандаш, беттен алган куу замандын дагы бир жүзү. Соо эле кишинин тирүүлөй курттарга таланып жатканын байкабай, эки жума карап жүрө берген дарыгер Эркин Абдылдаева менен байланыша алган жокпуз. Кесиптештеринен Эркин айым эс алууда экендигин билдик.
Биз бул окуяны башка жарандарыбызга мисал болсун деген ниетте бердик. Экинчи тарап менен байланыша албагандыктан, аларды да угууга даярбыз.

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тирүүлөй курттарга таланган апа
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (48)
danilka
2013-08-27 00:48:38
Кудай сактасын, этият бололуда.
0
miss.bonbona
2013-08-27 01:07:42
bir ele talastyky emes balykchynyn da daarygerleri nachar.
0
eliza89
2013-08-27 01:43:22
Райондук врачтын акылынын жоктугунун кесепетинен ушунун баары болуп жатат да.Кайсы жинди "Сиз жакшы болбойсуз,ак кан менен ооруйсуз,дабасы жок"деп оорулуунун озуно айтат,биринчи туугандарына кабарлагандын ордуна.Алар апага айттырышпайт эле да.
Анан дагы суйлошууго келгенде баары эле эс алууда болуп калышат...
-1
rusana
2013-08-27 10:08:00
Э тообаа, асахфирулла, кээ бироо 1 тиши ооруп олуп кете бергендер бар, бул апанын бетин 100 дой кутр 4-5 ай жеп журуптур. Жаны бышык апа экен. Айыгып кетсин эми. Ошончо жашты бизге да берсин кудайым.
0
dikeii
2013-08-27 12:21:42
ой бул апа менин соседим да. жаман болуптур, биздин айыл да деле жакшы врач бар эле, ага да не болгон билбейм. сакайып кетиниз эне.
0
gooool
2013-08-27 14:57:35
Врачтарга такыр ишенич кыйын болуп калды,жанакыл акча менен окуган врачтарды токтотуш керек,ооруп бирине барсан бир нерсесин жазып берет,ишенбей экинчисине барсан анысы башка эле нерсени жазып берет тушунбой ман болосун кайсынысын ичишти билбейсин.
0
cholponbekgu
2013-08-27 20:56:09
Врач ушул окуядан кийин (намызы болсо)оз ыктыяры менен жумуштан кетип калышы керек эле.Ал эми Нарбеков аксаклга ден-соолук каалайм ар дайым бар болунуз.Гульзат окуучунуз оконуздор элдин батасын алып,элге керегиниздер тийип журо бериниздер ишиниздерге ийгилик каалайм.
+4
batima
2013-08-28 06:20:37
бул чон апанын небереси менен кантип байланышсам болот?? кичине болсо да жардам берсек.
0
rozka
2013-08-28 09:56:15
Тообаа врачтарга соз жоокк
0
alibekova94
2013-08-28 20:16:33
тообо укпаган окуялар болуп баратат деги баарына кайрылат елем жашоодо достойный жашагылачы! бироолорго колдон келишинче жардам бергилечи деп! врач болгондон кийин караш керек болчу ! азыр деген акча чечип калбадыбы врач еженин уяты жок го апасындай аялды конул коюп карап койсо олот беле ! Чон апага узун омур ден соолук тилеп кетем! коп ойлонбонуз баары жакшы болот айыгып кетесиз демекчимин!
0
alibekova94
2013-08-28 20:16:33
тообо укпаган окуялар болуп баратат деги баарына кайрылат елем жашоодо достойный жашагылачы! бироолорго колдон келишинче жардам бергилечи деп! врач болгондон кийин караш керек болчу ! азыр деген акча чечип калбадыбы врач еженин уяты жок го апасындай аялды конул коюп карап койсо олот беле ! Чон апага узун омур ден соолук тилеп кетем! коп ойлонбонуз баары жакшы болот айыгып кетесиз демекчимин!
0
tynara81
2013-08-29 22:28:13
Азыр мед.факка жалан акчалуулар окуп калган, мээлуулор эмес. Акча менен буткон врач соройдон жакшылык кутпой эле койгон он. Контрагы оной акча болбой атса, окугусу келген эле окуй бербейт экен да. Эч болбосо ушул тармакка мээсине карап кабыл алса болмок. Айыгып кетсин эне.
+1
fpfhbj
2013-08-30 17:12:45
Hobot. Апанын башындагы курттар тушуп жакшы болду, эми мамлекеттин башында жургон курттар тушсо абдан жакшы болмок
0
akkuu2013
2013-09-01 09:02:49
ушу врачтар каттачылыгынан адамдар жабыркабасын экен .былтыр апам стамотологго барып геппатит в с ны жууктуруп албадыбы ал билинбей журуп жыгат экен адамды азырга чеин жакшы боло албай журот кичине кыймылдаса эле бооруна куч келип болницага жатат бечара апам жеген тамагын корсон боорун ачыйт тузу жок кайнатылган куруч жейт кордо же алыс жолгочыга албайт..
0
Narbekova
2013-09-01 21:03:50
akkuu2013,
Бизге кайрылгыла жардам беребиз!!!!Апанардын жакшы болуп кетишине..
0
Elmara
2013-09-02 02:43:01
Байкуш апа чыдап жургонун элестеттим иий,убактылуу ооруну басып кое турган дарыларды ичип коюп,чыдап...Нарбеков колунуз дарт корбосун,сиз болбосонуз дагы канча кыйналмак байкуш апа.
+1
№ 564, 23-август-29-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан