МАЛДЫН КЫГЫНАН ГАЗ ЧЫГАРУУНУ ҮЙРӨНҮҢҮЗ

Кадимки эле үй жандыктарынын кыгынан көгүлтүр отун бөлүп чыгарып, аны үй жылытууга, тамак-аш бышырууга колдонсо болот. Мындай ыкманы дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн катарына кирген Япония сыяктуу мамлекеттердин фермерлери да пайдаланат. Биогаз түзүлүшү калдыктарды (кык, өсүмдүк чириндилери) иштетүү менен абага метан газынын таралышын азайтып, иштелип чыккан калдыктар өсүмдүктөргө эң мыкты жер семирткич болуп берет. Бүгүнкү макалабызда чакан фермердик чарбаларда ар бир фермер өзү жасап алууга боло турган биогаз түзүлүшүн сунуштайбыз.

КАНТИП ЖАСАЛАТ?
Реактор жасоо
Реакторду (газ пайда болуучу идиш) жасоо үчүн 10 метр кубга чейинки көлөмдөгү челек керек. Мисалы, суу же күйүүчү май ташыгычтардын чирибеген, тешиги жок цистернасы жарайт. Реактордун оозу резина менен аба өткөрбөгүдөй бекилиши абзел. Бирок ачып-жабып түбүнө чөгүп калган катуу калдыктарды маал-маалы менен тазалап турууга ылайыкталуусу шарт.

Калдык салуучу жана чыгаруучу идиш менен түтүктөр
Калдыктарды салууга узун, туурасы жана бийиктиги 1 метр болгон идиш болсо жетиштүү. Ал эми кыктын реакторго оңой кирип-чыгышы үчүн түтүктөрдүн диаметри 20-30 сантиметр болушу шарт. Аларды реакторго 45 градус жантайыңкы абалда орнотуп, ширетүү зарыл. Кыкты жүктөөдө жана чыгарууда түтүктөрдүн оозун бууп же ачып туруу үчүн атайын крандар орнотулат.

Жылыткыч
Реактордун ичин жылытуу үчүн кадимки үйлөрдү жылытууда колдонулган буу меши (паровой) пайдаланылат. Реактордон чыккан газдын өзү менен буу мешиндеги суу кайнатылып, темир түтүктөр аркылуу реактордун ичи жылытылат. Газ жок учурда электр энергиясы менен жылытса болот. Мешти тутандырып же өчүрүп туруу үчүн бир кишиге ылайыктуу ороо сымал өзүнчө жай казуу керек.       

Аралаштыргыч
Реактордун ичиндеги кык каймактанып калса, анын ичиндеги боштукка газдын бөлүнүп чыгуусу азаят. Ошондуктан реактордун ичине атайын аралаштыргыч орнотулат жана ал кол менен иштетилет.

Орнотуу
Жогорудагы бөлүктөрүн орнотуп алган соң реактордун сыртын жылуулоочу каражат менен ороп чыгуу зарыл. Жылуулап ороп алган соң реактор баткыдай казылган чуңкурдун ичин да таарынды менен толтуруп, анын үстүнөн топурак төгүп жылуулаш керек. Биогаз орнотмосунун үстүнкү бөлүгүн топурак менен көмүп койсо жетиштүү.  

Газ тазалоочу идиш
Биогаз топтолуучу реактордо суу тамчылары көп болгондуктан, ал газдын күйүүсүнө тоскоолдук кылат. Маселени чечүү үчүн реактордун сыртына газ тазалоочу жылчыгы жок, суу куюлган идиш орнотулат. Идиштин үчтөн бир бөлүгү суу менен толтурулат жана реактордон чыккан газ түтүгүнүн башы идиштин үстүнөн түбүн көздөй ийилип, түтүктү суу көмүп турушу шарт. Ал эми газ тазалоочу идиштин үстүнкү бөлүгүндөгү боштуктагы түтүк аркылуу тазаланган газды колдонууга болот.

Компрессор жана газ топтоочу идиш
Компрессордун жардамы менен газ топтоочу идишке көгүлтүр отунду толтуруп туруу керек. Газ топтоочу идиштеги газды андан ары керектөөгө ала берсе болот. 

Газ түтүгү
Түтүктөрүнүн диаметри 1,2-1,8 сантиметрди түзүүсү керек.

Кран
Газ түтүгүнөн газды коё берип же токтотуу үчүн орнотулган крандар атайын газ түтүгүнө ылайыкталган кран болушу шарт. Мындайча суу түтүгүнө коюлган крандар жарабайт.

БИОГАЗ АЛУУДА КӨҢҮЛ БУРУУЧУ ЖАГДАЙЛАР
Биогаз орнотмосу аркылуу газ алуу үчүн үй жандыктарынын (уй, кой, чочко) жана канаттуулардын жаңы кыгын же аларды нымдап туруп салуу керек.
Алгач кык менен газ бөлүп чыгаруучу идиштин үчтөн эки бөлүгүн толтуруу керек. Газ иштелип чыга баштаган соң күн сайын идиштеги кыктын көлөмүнүн ондон бир бөлүгүн түзгөн кык салып туруу жетиштүү.
Газды туруктуу алуу үчүн абанын температурасы жок дегенде 18-20 градус жылуулукту түзүүсү зарыл. Ал эми 20-28 градуста газ бөлүп чыгаруу көбөйөт. Ошондой эле реактордун ичиндеги жылуулук 38 градустан төмөн болбошу керек. Абанын жылуулугу 15 градустан төмөн болсо газды бөлүп чыгаруу иши токтойт.
Жылуулук канчалык жогору болсо, кыктын ачышы тездеп, газдын бөлүнүп чыгуусу да тездейт.
Нымдуулукту сактоо үчүн кыкка жылуу суу куюп койсо болот. 100 килограмм кыкка орточо 35 литр суу жетет. Ал эми кургап бараткан кык канча көлөмдө болсо, ошончо көлөмдөгү суу талап кылынат.
Реактордогу кыкты 4-5 саатта бир аралаштырып туруу керек. Өтө көп аралаштыруу же аз аралаштыруу газдын бөлүнүп чыгуусуна тоскоолдук кылат.
1 килограмм уйдун кыгынан 0,250-0,340 метр куб газ алууга болот.
1 литр сууну кайнатуу үчүн 0,03-0,05 метр куб газ сарпталса, 1 чарчы метр бөлмөнү 1 күн жылытуу үчүн 0,20 метр куб газ талап кылынат.
Газ топтоочу идиш газ бөлүп чыгаруучу идиштин эң аз дегенде бештен бир бөлүгүн түзүүсү шарт.

Эскертүү! Биогаз орнотмосун куруунун алдында адистерден кеп-кеңеш алып, андан соң жасоого киришүүнү унутпаңыз.
Жогорудагы материал боюнча өз маалыматы менен бөлүшкөн Кыргыз улуттук агрардык университетинин евразиялык инновациялык технологиялар факультетинин деканы, техникалык илимдеринин кандидаты Данислан Мелис уулуна ыраазычылык билдиребиз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
olokon39
2013-08-26 11:41:49
ой кимде ким бизнес баштайтурган болсо супер инфого кир болуп калдыго рахмат силерге ушуга окшогон пайдалу кенештерди кобуроок кутобуз

баса менда силерди чакырайын деп атым еле
балчылыкты элдерге кобурок жайайын деген ойлор бар
+1
admin_media
2013-08-26 12:58:43
olokon39,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тийиштүү бөлүмгө кабарлап койдук.
0
tynar92kg
2013-08-26 23:25:18
Супер-инфо атынарга затынар жарашканда силердин.Эн сонун кенеш экен.Башка мамлекеттерден газ алып карыз болгончо.Айыл жерлеринде малы коптор оздоруно газ чыгарып алса болчудай экен.
0
nurikkg1
2013-08-27 02:33:26
чоон рахмат супер инфо мен ушуну жасайын.дагын бир суроо бул канча атмосфера болот реактордун ичинде 5 тен жогору болсо уйдон алыс койуш керекпи жазып койгула жарылып кетпесин чоон рахмат
0
admin_media
2013-08-27 10:03:05
nurikkg1,
Саламатсызбы!
Реактордун көлөмүнө жараша адистер кошумча маалымат беришет.
+1
zhmambetova
2013-08-27 10:00:27
мындан жакшы оноюраагын Жалал-Абад шаарындагы "Нур" ачык акционердик коому эчак эле ойлоп таап, сатыкка чыгарбады беле. анын системасы мындан оной, ошону дагы газетага чыгарсанар болмок
0
Erkin.kg
2013-08-27 10:15:48
Азыркы заманда илгеркидей малдын бокторунун да пайдасы чон экен. Малчылар! ушул ыкманы уйронолу, кон казып тезек кургатпай.
0
KURSHAB
2013-08-28 01:00:57
супер инфо заказ менен жасап беруучулор бар болдубу экен?
0
make8787
2013-08-28 11:37:32
даяр апаратын сатат болду бекен?
0
Nur0421
2014-01-06 18:00:51
Admin_mеdiа бул иштин авторлору менен кантип байланышсак болот?
0
№ 564, 23-август-29-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан