Бул каарманыбыз керектен чыгып калган буюмдарды чогултуп өз колу менен табигый газ алуучу аппарат жасап алган. Газды үй шартында даярдап, аны күнүмдүк турмуш-тиричиликте колдонуп жаткан Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылынын тургуну КУДАЙБЕРГЕН ДООРОНОВ:
– Эгер эсиңиздерде болсо, бир кезде электр энергиясы аябай кымбаттап, эл анын акчасын төлөй албай калган учурда ушул идея пайда болуп, ошондо жасап калдык. Муну көрүп коңшуларым да заказ беришти. Бирок заказ бергендердин көбү эле «каражат жок» деп жасаткандан баш тартып, жөн гана келип кызыгып көрүп кетип жатышты. Негедир мага анын иштей аларына көздөрү жетпегендей сезилген.
Аппаратты жасоого көп деле каражат кеткен жок. Кадимки эле суу ташыган чоң челекти сурап келдим. Ал эми майда-барат нерселери, тактап айтканда, кадимки эле ар бир үйдө колдонулуп жүргөн суу түтүкчөлөр, көрсөткүч (датчик), кран өзүмдөн эле чыкты.
Өзүңүздөр көрүп тургандай, үстүндөгү оозунан малдын кыгын салабыз, ал салынган кык челектин жарымынан болушу шарт. Анткени кык ачыганда боштукка бүтүндөй газ толот. Ал эми артындагы түтүкчө аркылуу арткан калдыктары чыгып турат. Өзүм алгач жасаганда көбүрөөк болсун деген ойдо малдын кыгын коңшулардан чогултуп келдим. Андан соң өзүбүздөгү эле болгон малдын, кийин тооктун деле кыгын кошуп ачытып жүрдүк. Ал 15-16 күндө ачып, даяр болуп калат. Мындан тышкары атайын тез ачыта турган химиялык каражаттар бар. Эгер аны аралаштырса, буга караганда тезирээк ачыйт да, газ батыраак чогулат.
Челектин үстүндө пайда болгон газдын басымын текшерүү үчүн атайын көрсөткүч орнотулган. Бул түзүлүштүн жардамы менен газдын көбөйүп же азайып бара жаткандыгын көрүүгө болот. Эгер көбөйүп, аша турган болсо, ашыкчасын башка челекке өткөзүп алчу да түтүкчөсү бар. Албетте, булардын баары ширетилет жана кыкты салардан мурун алардын жылчыксыз экенин текшерип алуу шартка ылайык. Кык салынуучу идиш канчалык чоң болсо, ошончолук газ да көбүрөөк алынат. Дагы бир жакшы жагы, арткан калдыктар эң сонун, пайдалуу жер семирткич боло алат. Ошол калган калдыктын 10 литрин 50 литр сууга аралаштырып, даяр болгон аралашманы жерге чачуу керек.
«Өлө жегенче бөлө же» дейт эмеспи, жасайм дегендер болсо үйрөтүп жүрөм. Өткөн жылдын кыш айларында колдонуп баштадым. Эки бөлмөмдү сонун эле жылытты. Бир чайнек чайды 17-18 мүнөттө кайнатат. Кадимкидей эле тамак жасалат. Кызыккандар келип менден сурап калышат «Көө пайда кылбайбы?» деп. Көө пайда кылбайт, анткени бул суу чыпкасынан өтөт.
Колдонуп жүргөн адам катары айтар элем, бул ар бир үйгө керек. Муну жасоо оңой, колдонууга ыңгайлуу жана эң башкысы, бекер болуп жатпайбы.
Гүлназ Атантаева
koom@super.kg