Жылмайып жүрөк эргиткен,
Жаныңдан өзүм, садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка...
Мукам үндүү ырчы Гүлнара Кахарованын аткаруусундагы «Бир келип кетчи Ош жакка» деген ырды баарыбыз эле угуп жүрөбүз. Негизи, ырдын скелети – сөзү болсо, ал эми көйнөгү – обону эмеспи. Бул ырга кандайча «көйнөк кийгизгени» туурасында обончу Абдыманап Төрөбеков төмөндөгүлөргө токтолду.
«КҮЙӨӨМДҮН КӨЗҮН КӨРСӨМ БОЛДУ ДЕП ЖАЛДЫРАЙТ»
– Бул ырдын сөзүн журналист Абдырашит Урбаев жазган. Көзү өтүп кетти. Анын «Ак-Буура авандары» деген китеби бар эле. Ошону барактап отуруп, ушул ырга көзүм түшүп калды. 1990-жылдардын башы болчу. Өзүңөр билгендей, Союз урап, үй-бүлөнү багыш үчүн көпчүлүк чет жерге агылып жаткан кез. Эл арасында «тигинин күйөөсү же жигити иштегени кетип, дайынсыз экен» деген кептер согуш убагындай эле айтылып калчу. Ошол кезде мен коомдо болуп жаткан көрүнүштөрдү анализдеп жүрчүмүн.
Бир күнү бир келин менен сүйлөшүп калдым. Ал «Жолдошум 6 жыл мурун Орусияга иштегени кеткен. Салам деген акча-тыйыны турмак, өзүнүн дайыны жок, кабарсыз» деп арманын айтты. Өзү тырмалаңдап базарда иштеп, 3 баласын багып жатыптыр. Ага «Жолдошуң көп жылдан бери дайынсыз болсо, башкага эле турмушка чыгып албайсыңбы?» десем, «жок, ортодо сүйүү деген бар да» деп жатпайбы. «Кудай насип кылып келип калса «Кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың, эмне кабар бербедиң?» деп чатак кылбайсызбы?» десем, «Акчасына да ыраазымын, балдарымдын багына өзү аман келсе болду. Эки көзүн көрсөм болду» деп жалдырайт.
"Саратан күчөп турганда,
Жамгырды чөлдөр күтүшөт,
Жаз келип сайран курганда,
Ак кууну көлдөр күтүшөт",- деген ыр саптарын окуганда көз алдыма чиедей балдары менен жол караган баягы келиндин элеси тартылды. Ырды уккан адам сүйүү жөнүндө экен деп ойлойт. Албетте, сүйүү бар. Бирок мен эл-жерге болгон сүйүүнү бергим келген. Анын үстүнө туулган жерге болгон сагынуу менин да башымдан өткөн. Обонду жаратканга чейин Орусияга барып иштеп келген элем.
«ЫРДЫН КАЙЫРМАСЫН ӨЗҮМ ЖАЗГАМ»
– Ырдын башкы формасында кайырмасы жок эле. Мен кайырмасын жазып, обон чыгардым да, кесиптештерим Лира Раимбекова менен Токон Эшпаевге ырдап бердим. Алар «аябай сонун болуптур» деп кубатташты. Андан кийин дароо ырдын автору Абдырашит Урбаевге телефон чалып, «ырыңызга обон жараттым» деп кабарласам, «келип ырдап бербейсиңби» деди. Бардым да, аккордеон менен ырдап берсем, «мен жазган текстте кайырмасы жок эле го» деп сурады. Ага кайырмасын өзүм кошуп койгонумду, ошон үчүн алдынан өтүп, уруксат алганы келгенимди айттым. Мени кайра ырдатып көрүп «кайырма эле керек болуп жатыптыр, сен жакшы акын турбайсыңбы» деп ыраазы болуп, батасын берген.
Кийин, 1990-жылдардын аягында болсо керек эле, Ош шаарынын күнүнө карата Ошту даңазалаган ырларга сынак жарыяланып калды. Бул ырым сынакка катышып, баш байгени жеңип алды.
«БУЛ ЫР ОШТО ДАГЫ ДЕЛЕ ПОПУЛЯРДУУ»
– Жамбыл Камчиев, Рахман Разыков менин теңтуштарым. Жамбыл Гүлнара Кахаровага «Абдыманаптын жакшы ырлары бар» деп айткан экен. Бир концертте Гүлнара менден ырымды сурап кеткен. Кийин үйүнө чакырып, мени аккордеон менен ырдатып, диктофонго жаздырып алды. Аранжировкасын Эрик Кадырбаевге жасатып ырдап чыгып, элге жайылтты.
Азыркыга чейин Ошто бул ырды баары сүйүп ырдашат.
Бир жолу кафеде тойдо отурсак, бир аял «бир жолу келип кетчи Ош жакка» деп берилип ырдап жаткан. Мени тааныган бирөө тиги аялга тийишип «Эже, бул ырдын автору ким экенин билесизби?» деп койду. «Авторун кайдан билейин, мага аябай жагат» деп коюп эле ырдап жатат. «Мына автору» деп мени көрсөтсө, чуркап келип мени менен таанышып, «жакшы ыр жараткансыз, рахмат» деп ыраазычылыгын айтты. Албетте, бул мен үчүн чоң сыймык.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg