КУМАР ОЮНУНА АКЧА ТАБУУ ҮЧҮН 2 КИШИНИ ӨЛТҮРГӨН

Жакында Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде оор кылмыш катталды. Кылмышкер жалгыз бой аял менен анын 5 жаштагы уулун муунтуп өлтүрүп койгон. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип каза болгон айымдын күйөө баласы кармалып, ал кылмышын мойнуна алган.

ЖООПСУЗ ТЕЛЕФОН, ТАБЫЛГАН ӨЛҮКТӨР
Кумар оюндарынын айынан үй-жайынан, жакындарынан ажырап, карызга белчесинен батып калгандарды угуп-көрүп эле жүрөбүз. Анын кесепетинен кумарга азгырылган адам эле эмес, анын жакындары да жапа чегип келишет. Бүгүнкү биз кайрылган окуяда кылмышкер кумар ойноого акча табуу үчүн 1 эмес, 2 кишинин өмүрүн кыйган.
Үстүбүздөгү жылдын 15-августунда кечки саат 19 чамасында 45 жаштагы Асылкан Исмаилованын жана анын 5 жаштагы уулу Адилеттин жансыз денеси Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаңы конушундагы өз үйүнөн табылган. Алардын баштары полиэтилен баштыктары менен жабылып, үстүнөн жаздык-төшөктөр ташталган. Денелер ысыкта сасып, жыттана баштаган.
Эне-баланын өлүмү билинбей канча жатмак, белгисиз. Москвада иштеп жүргөн кызы Айзада апасына бир нече жолу телефон чалса, албай коёт. Жүрөгү бир нерсени сезгендей ал таежесине чалып, апасынын телефон албай жаткандыгын айтып, үйүнө барып кабар алуусун суранат. Таежеси күйөөсүн ээрчитип эжесинен кабар алганы келсе, үйдү кара кулпу кайтарып турган. Терезеден караганда төшөктө бирөөлөрдүн жатышы, бирок үйдүн сыртынан кулпу илинип турганынан шекшинип, алар милиция чакырышат. Көп өтпөй келген милиция кызматкерлери менен биргеликте үйдү ачып кирип, эне-баланын жансыз денелерин көрүшөт. Бул жырткычча өлтүрүүнүн бетин ачуу үчүн райондук, шаардык милиция кызматкерлери иштеп, бир күн өткөн соң кылмышка шектүү деп маркумдун күйөө баласын колго түшүрүшкөн.

КИШИ ӨЛТҮРҮП, КУМАРКАНАГА ЖӨНӨГӨН
Коңшуларынын айтымында, маркум Орусияга барып иштеп, акча топтоп келип үй салган. Жалгыз кызы Айзада да Москвада иштеп, тапканын үйүнө жөнөтүп, апасы үйүн оңдоп-түзөөлөрүн улантып жүргөн. Маркумдун күйөө баласы Марат кайнежесинин үйүнө келип, майда-чүйдө иштерин бүтүрүп жардам берип турчу экен. 13-август күнү Марат курулушка керектүү иштерин бүтүргөнгө жардам бергени келген. Кайнежеси үйүн оңдоп-түзөө тууралуу алдына койгон пландарын бөлүшкөндө анын жанында ири суммадагы акча бар экендиги билинет. Белгилүү болгондой, ал кумар оюндарынын фанаты болгон. Жанында акча боло калса эле интернет клубдарга жөнөчү экен. Кумар ышкысы тартканбы, айтор, кайнежесинин бекиткен акчасын алмакчы болот.
«Ушул жакка эле жатып калайын» дегенде кайнежеси башка бөлмөгө төшөк салып берет. Акча эсинен кетпеген Марат кечки саат 11лер чамасында турат да, кайнежеси уулу менен уктап жаткан бөлмөгө кирет. Кайнежесин эки колдоп муунтуп, акча кайсы жерде катылгандыгын сурайт. Кай жерде катылгандыгын билген соң Асылкан эсин жоготуп койгуча муунтуп турат. Андан соң ашканага кирип, мештин ичинде 3 литрлик банкада салынып катылып турган 125 миң сом акчаны таап чыгат. Кайрадан уктоочу бөлмөгө кирип, эне-баланын бетине баштык жаап, үстүнө төшөк таштап, анан алар кыймылдабай калгыча үстүнөн басып турат. Ири суммадагы акчаны, уюлдук телефонун алып, эшикти сыртынан кулпулап, анан үйүнө кетет. Телефонун көчөгө чыккан соң ыргытып жиберген.

«125 МИҢ СОМДУ 2 КҮНДӨ УТТУРУП ЖИБЕРГЕН»
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын кызматкери КАРИМА АМАНКУЛОВА:
– Бишкек шаардык ИИББинин жана Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 1985-жылы туулган Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын тургуну Абдрахманов Марат Шералиевич колго түшүрүлүп, кылмышын мойнуна алды. Ал өлтүрүлгөн Асылкан Исмаилованын сиңдисинин кызынын күйөөсү болуп чыкты. Кылмышка шектүү маркумдун каткан 125 миң сом акчасын 14-15-август күндөрү Бишкек шаарынын «Ош базарынын» жанындагы компьютер оюн залдарынын бирине кирип ойноп, уттуруп жиберген. Күнүнө болжол менен 60 миң сомдон уттурган. Анын оюн залына кирип ойногону ал жердеги камерага түшүп калган. Бул факт боюнча Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (эки же андан ашык адамды өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектелип кармалган Марат Абдрахманов убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмү тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

ЖАКЫНДАРЫН ЖОГОТКОН КЫЗ ДАЛЕ ЭСИНЕ КЕЛЕ ЭЛЕК
Кылмыш болгон үйгө барып, маркумдун туугандарына жолукканыбызда алар «Ансыз да айыга элек жараны кайра тырмап ооруткубуз келбейт. Эстеген сайын жүрөгүбүз ооруп жатат. Маркумдун кызы Айзада дале өзүнө келе албай жатат, эсин жоготуп коюп, жаңы эле ооруканага алып барып келдик» дешти.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
125 миң сом үчүн эне-бала өлтүрүлдү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Aizhanka91
2013-08-26 22:14:50
Заман кайда баратат,акча деп нелерге гана барышбайт
0
asil-08
2013-08-26 23:07:00
жаткан жерлери жайлуу болсун маркумдардын ал эми бул зоокурго олум
0
danilka
2013-08-27 01:24:57
Ушуга окшогон мыкаачыларга, каттуурак жаза колдонуш керек, болбосо абактан чыгып алып деле конгон ишин уланта беришет.
0
SatiNur
2013-08-27 12:35:21
эми гана жашоону коруп келе жаткан наристеде эмне кунооооооооо турмого барчы сазайынды беришсин ошол жактан кыйналып отсонда аздык кылат сага омур бою адам эмес айбан
0
servis
2013-08-27 14:35:12
Озу бизде закон катуу болбой жатат. Адамдар ойлогон нерсесин жасап жаткан заман мына Кыргызстанда
0
alibekova94
2013-08-27 16:42:20
дааа ойлоп турсан коркосун чондор козун чооооон ачып законго катуурааак турса екен акча еч нерсени чечип бербейт беш минутта жоголот адамдар не болуп баратат заман кудай озу сактасын аман еле бололучу Кыргыз елим тиги жожо мээ турманун ичинде чирисе екен маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун жакындарына сабырдуулук тилеп кетем!
0
alibekova94
2013-08-27 16:42:20
дааа ойлоп турсан коркосун чондор козун чооооон ачып законго катуурааак турса екен акча еч нерсени чечип бербейт беш минутта жоголот адамдар не болуп баратат заман кудай озу сактасын аман еле бололучу Кыргыз елим тиги жожо мээ турманун ичинде чирисе екен маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун жакындарына сабырдуулук тилеп кетем!
0
alibekova94
2013-08-27 16:42:20
дааа ойлоп турсан коркосун чондор козун чооооон ачып законго катуурааак турса екен акча еч нерсени чечип бербейт беш минутта жоголот адамдар не болуп баратат заман кудай озу сактасын аман еле бололучу Кыргыз елим тиги жожо мээ турманун ичинде чирисе екен маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун жакындарына сабырдуулук тилеп кетем!
0
omurbek9393
2013-08-27 20:20:08
Абактын артында жазаны ал эми эне-бала тушуно кирип алардын арбактары кыйнаса экен.
0
sadykbek
2013-08-28 02:39:42
мундай ешекти ёуэт жер которнбойт
0
kadam
2013-08-28 16:01:12
Өлтүргөнү аз келгенсип, камаарабай, маркумдун тажиясында, ошол үйдө мал союшуп жүргөн жеринен кармашкан.
0
kristall
2013-08-28 18:04:25
Адам кейпин кийген айбан! Кантип гана колу барды, кумурсканы басып алып коруп калсан журогун ооруйт, кылганын кара мунун. Атууга бербейби ары, эмне жакшылык кутсо болот мындан. Оо жараткан, балдарга ыйман бере кор! Деги эле адамзатына ыйман бере кор!
+1
allan
2013-08-28 21:07:04
байкуш кызына боорум ооруп атат.эки жакынынан бирдей ажыраган..((О Аллах,ыйман бере кор баарыбызга!
0
ainur90
2013-08-29 03:08:54
eki duynonun azabi bolsun...........
0
aiza.kyrgyzkyz
2013-08-31 01:46:11
кудай кудай баарыбызга мээрим бер бири бирибизге мээримдуу болойлучу((( не кунго бара жатабыз деги? адамдарда ыйман ынсап калбай бара жатат го
0
№ 564, 23-август-29-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан