Ильяз Андаш 17-август күнү Каракол шаарында дүңгүрөтө той берип, элден бата алды. Анда Ильяздын тоюнан алынган фоторепортажга күбө болуңуздар.
– Ильяз, тоюң тойго улансын! Тойду кандай өткөрүп алдың?
– Рахмат! Баары жакшы өттү. Урук-тууган, досторум, санаалаштарым болуп отуруп 300дөй адам келип, Сүйүү экөөбүзгө ак тилектерин арнап кетишти.
– Чыгармачыл адамдын тоюнда өз чөйрөсүндөгү адамдар көрүнбөсө өөн учурайт экен...
– Досторумдун баарын эле чакырганмын. Эми ырчыларды билесиңер да, бир күндө 3-4 тойго чакыруу алып бошобой калышат. Бошобой калыштыбы же жолдун алыстыгыбы, айтор, келишкен жок, капа деле болгон жокмун. Бирок кеч болсо да Аида Кулуева менен Дайыр Исмадияров келип, куттуктап кетишти. Аларга ыраазымын.
– «Неге үйлөнүп алдың?» деп күйөрман кыздарың телефон чалып тынчыңды албай элеби?
– Кыздар чалып жатышат, куттуктап, тилектерин айтышып. Ал эми социалдык тармактарга азырынча баш бага элекмин. Менимче, ал жак түрдүү куттуктоо, сын-пикирлерге толуп кетсе керек (күлүп).
– Сүйүү, Ильяздын үй-бүлөсүнө көнүп калдыңбы?
– Ооба. Апам менен атам мени өз кызындай кабыл алып, жылуу сөздөрүн айтып, эркелетип жатышат.
– Келген конокторго жүгүнүп, чай куюп колуң бошобой жатса керек...
– Бир үйдүн эң кенжеси, эң эркеси болуп өскөндүктөнбү, «турмушка чыксам кантем, эрте турушум керек, бүт жумушту мен жасасам керек» деп бойдок кезде ойлоно берчүмүн. Билбейм, азырынча жасаган иштериме эч ким сын айта элек. Ошентсе да биринчи күнү кайындарыма чай сунуп жатып аябай сүрдөдүм. Анан кайнежем жаш экенимди түшүнүп жардам берди. Азыр көнүп калдым. "Эрте тур, жумуш жаса" деп кыйнашпайт. Эртең менен саат сегиз жарымдарда ойгонобуз. Кыскасы, түйшүк деле жок.
– Байкашымча, жалаң орусча сүйлөйт экенсиң. Кыргызча билбейсиңби?
– Өз оюмду кыргызча толук түшүндүрө албайм. Ошондуктан орусча сүйлөйм. Кудай жалгап, кайненем жумушунда жалаң орустар менен иштейт экен. Андыктан экөөбүз кыйналбай эле тил табышуудабыз.
– Той күнү түшкөн сүрөттөрүңдү карап отуруп кабагың салыңкы экенин байкадым...
– Ошентип түшүп калыптырмынбы? Аябай тартынып, уялганымдан болсо керек, өзүм деле байкабапмын (күлүп). Ал күнү ичимден сүйүнүп эле жүргөм. Негизи, шайыр, күлүп-жайнаган эле кызмын.
– Бактылуу болгула!
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg