ТАЛАНТ ЖАНА БАЛАЛЫК

СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ:
Мен кичинекейимде өтө бейбаш, тентек бала болчумун. Үйдүн эң кенжеси болгондуктан, эрке да болуп чоңойдум. Ошондуктан, мага эч ким катуу сүйлөчү эмес. Бир жолу өтө эле тентектигим тажатып жибердиби, атам мени катуураак урушуп койду. Ызама чыдабай барып, жайы бою кыйналып жыйнаган чоң үймөк чөпкө өрт коюп жибердим. Андан кийин токмок жегенимди көрө бергиле! Бирок, ушундан кийин да тентектигим калбаса керек эле. Анан да атам жумуштан чарчап келип «балам, мени бирөө сураса жок деп кой» деп үйгө кирип жатып алчу. Бирөө келип атамды сураса эшикти ачып туруп: «Ата, баланча байке келди, сизди бар дейинби же жок дейинби» деп келген кишинин көзүн­чө эле сурап, кайра атамды уят кылып койчумун.

САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА:
– Мен кичинекейимде абдан эрке болчумун. Ошол эркелигим дагы деле кала элек. Эрке болгонум менен музыкага өтө эле эрте жашымдан баштап берилдим. Азыркыдай эле мен кичине кезимде да үйгө ырчылар көп барчу. Ошондо Кенже эжемдер чык дешсе да болбой алар отурган үйгө кирип, ортолоруна кыпчылып отуруп алчу элем. Тост сүйлөнгөндө колума стаканды кармап алып баары менен кагыштырып чыкчумун. Кыязы, ырчылар менен отурган мага кызык сезилсе керек. Мектепке бара элек кичинекей кыз болсом да Кыргызстанда канча ырчы болсо баарынын аты-жөнүн, кайсы ырды ким ырдаганын бүт билчүмүн. Менин ырчы болуп калыптанышыма үйүбүздөн үзүл­бөгөн ырчы коноктордун да таасири тийген болуш керек.

ЧЫҢГЫЗ МЫРЗАЕВ:
– Биз негизи, төрт бир тууганбыз. Бирок, ата-энемдин колунда мен жалгыз болуп, эркелеп чоңойдум. Менин бала чагым Кадамжай районунда өттү. Биринчи класстан үчүнчү класска чейин орус класста окудум. Орусча тексттерди доскадан көчүргөндү ушунчалык жаман көрчү элем. Канчанчы класс экеним эсимде жок, доскадан ыр көчүрүп жатып жарымын жазып эле дептеримди жаап койдум. Балдардын баары бат эле жазып койду дешкенсип мени карашат. Анан үйгө барганда жаңжалды салганымды көрө бер! «Жаттап келгиле» деп берген ырдын жарымын өзүм жазбай коюп, «таап бергиле» деп ата-энемди кыйнадым. Бактыга жараша ошол эжеке бизге жакын жерде жашачу эле. Айласы кеткен апам эжекенин үйүнө барып, ырды толугу менен жазып келип, анан мага жаттатканы эсимде.

НЕЛЯ:
– Мени таятам көп эркелетээр эле. Эмне кылсам да такыр урушчу эмес. Ошонусун билип алып, ага ар өнөрдү көрсөтчүмүн. Бир жолу таятамдын бир жакка жөнөп жатканын көрүп, акырын сыртка чыктым да, эшиктин алдында чечилип турган кепичинин ичине толтура суу куюп койдум. Таятам кепичин көрүп эле бул “кылмышты” менин жасаганымды билди. Бир жолу болсо таятам “кызым, ичкенге муздак суу алып келип берчи?!” деп жумшап калды. Анан мен эмне кылдым дебейсизби?! Чыныга муздак суу алып, калемпир менен тузду аралаштырып сууга коштум. Аны алып келип берсем таятам байкабай ууртап алган. Мен кичинекейимде мына ушундай тентек кыз болчумун.

УРМАТ УСЕНОВ:
– Мен үйбүлөдө эки кыздан кийинки эркек болгондуктан, эркелеп өстүм. Ата-энемди ээрчип конокко барганды жакшы көрчүмүн. Коноктон келе жатып машинанын арткы терезесинен арт жакта келе жаткан машиналарды карап келе берчү элем. Үйгө келээрим менен көргөн машиналарымдын номерлерин баракка жазып койчу экенмин. Ошол кездерде али окуй элек 3-4 жаштагы бала болсом керек эле. Бирок, ошол убактарда эле сүрөт тартканга аябай кызыкчумун. Балага окшоп эшикке чыгып ойночу эмесмин. Бир бурчта отуруп алып эле колума тийген баракка сүрөт тартып отура берчүмүн. Бир жолу апамдын план жазган дептерине сүрөт­төрдү тартып салып, уруш укканым эсимде.

МИРБЕК АТАБЕКОВ:
– Менин бала чагым Таласта чоң ата, чоң энемдин колунда өттү. Менден улуу аталаш агам бар болчу. Көпчүлүк учурда ошол агам экөөбүзгө окшош буюмдарды, кийимдерди сатып беришчү. Ошол сыяктуу экөөбүздүн мектепке көтөргөн сумкабыз да окшош болоор эле. Бир жолу мен мектепке агамдын сумкасын көтөрүп кетип калыптырмын. Сабак башталганда классташтарымдын баары «Математика» китебин алып чыгышса, мен «Алгебра» китебин алып чыгып алыптырмын. Баары күлү­шүп, мен уя­лып... Анан мугалимим кайра мени сумкамды алмаштырып келүү үчүн үйгө жөнөттү. Кычыраган кыш мезгили болчу. Аязга мурдумду үшү­түп үйгө барып, сумкамды ал­маш­тырып келгеним эч эсимден чыкпайт.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 205, 6-12-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан