ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (26-августтан 1-сентябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Жардам сурап кайрылгандарга кол сунуп, ишин бүтүрүүгө убада берүүдөн алыс болуңуз.  Болбосо ашыкча жүктү сизге артып, мойнуңузга минип алышат. Апта ортосунда түгөйлөрдүн пикир келишпестиги жаралып, айрымдар эки жолго түшүшү мүмкүн. Эс алуу күндөрү өзүңүздү сыртыңыздан сынап, жаман адаттардан арылууга аракет кылсаңыз, жашооңуздун нугун жакшы жакка бурууга жетишесиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Белгиленген иштерди соңуна чыгарууга аракет кылыңыз. Тийиштүү адамдардын тилин табыңыз, көздөгөн максатыңызга жетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Акчаны да эсеби менен керектүү жерге жумшасаңыз, пайда көрө аласыз. Аптанын экинчи жарымында жеке буюмдарыңызга сак болуңуз, жоготуп алууңуз мүмкүн. Дем алыш күндөрү жакын адамыңыз көңүлүңүздү калтырып, маанайыңыз бузулат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Баштаган иштериңизди бүтүрүүгө билек түрө киришсеңиз, эмгегиңиздин акыбети кайтып, сиз ойлогондон да жакшы натыйжаларга ээ болосуз. Шейшембиде жакын деп эсептеген адамыңыз сизди сатып кетет. Анын бул кадамы ортодогу мамилеге чекит коюп, жүз карашпай калууңуздар мүмкүн. Апта соңунда көптөн күткөн тилектериңиздин бири орундалмакчы.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта узак сапарга аттануу жана романтикалык кечтер менен коштолот. Сүйүү жаатында бойдоктор түгөйлүү болушу ыктымал. Шаршембиде тамак-аштан ууланып калуунун алдын алыңыз. Бейшембиде жагымсыз жаңылык угуп маанайыңыз чөгөт. Апта аягында кайдигерлик мамилеңиз досторуңуздун көңүлүн кирдетип коёру эсиңизде болсун.

АРСТАН (23.07-23.08)
Кыялыңыздагы ишти ишке ашырууга мүмкүнчүлүгүңүз жетеринен кам санашыңыз ыктымал. Бирок ойлогон оюңуз реалдуулуктан алыс деп андан баш тартпай кадам шилтесеңиз, ийгилик сиз тарапта болот. Ал эми сүйүү жаатында жактырган адамыңызга сезимиңизди билдирүүгө убакыт жетти. Бейшембиде күтүлбөгөн жаңылыктарга ээ болосуз. Эс алуу күндөрү жеке жашооңузда чоң бурулуш жасай турган чечим кабыл алууга туура келет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта ичинде уруш-талаш, оору, кырсык сыяктуу жагымсыз окуялар коштошу күтүлүүдө. Көздөгөн максатына жетүү үчүн айрым адамдар чагымчылдык кылып сизди козутуусу мүмкүн. Шаршембиде жолдо этият болбосоңуз, кырсыкка кабылып калуу коркунучу жогору. Апта аягында жасап жаткан ишиңизди артык кылам деп, шашып жатып тыртык кылып алышыңыз ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул аптада ийгилик коштоп, каражат жаатында капчыгыңыз кампаят. Иш издегендер жолдуу болушат. Сүйүү жаатында жактырган адамыңызга сезимиңизди билдирип, оң жооп алууга жетишесиз. Бейшембиде түшүнбөстүктөн улам кесиптешиңиз менен таарынышып кетүүңүз мүмкүн. Ишембиде баалуу буюм сатып аласыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын алгачкы бөлүгүндө жашооңузда чоң өзгөрүүлөр орун алат. Күтүлбөгөн бир кабар угасыз жана каржылык чыгымдарга тушугасыз. Тааныш адамыңыздын алдамчылыгынын курмандыгы болуп калышыңыз ыктымал. Жума күнү курч, учтуу буюмдарды колдонууда этияттык талап кылынат. Эс алуу күндөрү бош жатпай, иштерди бүтүрүү менен алектенүүгө туура келет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Чоң чыгымга дуушар болбоюн десеңиз жети өлчөп, бир кесиңиз. Пайда табуу үчүн пландаган ишиңизди башкаларга ачыктабай, өз күчүңүзгө ишениңиз. Болбосо олжосуз калышыңыз мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында баштаган ишиңиздин үзүрүн көрө баштайсыз. Жекшембиде туугандардын бири менен пикир келишпестик жаралып, кайым айтышуу орун алат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Баштаган ишиңизди так аныктап албасаңыз, кетирген катачылык чыгымга алып келет. Буга улай бейтааныш адамдардан белек алуудан да сак болуңуз. Аптанын экинчи жарымында ынак мамиледеги адам менен романтикалуу кечти чогуу өткөрүү күтүлүүдө. Дем алышта коноктор төрүңүздөн орун алышат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Дүйшөмбүдө жашооңузга бурулуш жасай турган чечим кабыл алууга туура келсе, аны кийинкиге жылдырганыңыз оң. Шейшембиде маселелер сиздин пайдаңызга чечилет. Каржы жаатында жакын адамыңыз карыз сураса жок деп кутулбасаңыз, кийин мамиленин салкындашына себепкер болот.  Апта аягында коомчулукта кадыр-баркыңызга доо кетирип алуудан абайлаңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта ичи ийгиликтерге бай. Жумшаган аракетиңиздин берекесин көрүп, жакшы жыйынтыктарга жетишесиз. Чыгармачыл чөйрөсүндөгүлөр жаңы эргүү менен жаңы чыгармаларды жаратууга үлгүрүшөт. Бейшембиде айрымдар базар аралап кийим жаңыртса, айрымдар жолугушууларга шашат. Эс алуу күндөрү конокко барууңуз күтүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 564, 23-август-29-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан