Сокулук районунда күч колдонуу менен 20 жаштагы кызды зордуктоого катыштыгы бар эки жарандын бири колго түшүрүлдү. Чүй облусунун ИИББинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 17-август күнү Сокулук РИИБине 20 жаштагы бишкектик тургун арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 16-августта кечки саат 10:00 чамасында Комсомол айылында Аралбай жана Жоомарт аттуу эки жигит күч колдонуп аны зордукташкан.
Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган кылмышка шектүүлөрдүн бири, 20 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну Ж.Б. аттуу жаранды кармашкан. Ал эми экинчисине издөө жарыяланды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg