«УУЛ-КЫЗДАРЫМДЫ КӨРГҮМ КЕЛЕТ»
– Келинчегим Тахмина менен мындан 10 жыл мурда ажырашкам. Келинчегиме жаңы үйлөнгөндө Нарын облусунун Ат-Башы районунда жашачу элек, кийин Көлдүн Бостери айылына көчүп келгенбиз. Келинчегим менен ошол жактан эки башка жолго түшүп, ортобуздагы 3 бала анын колунда калган. Алар: Мимоза 1995-жылы, Азирет 1999-жылы, Темирлан 2001-жылы төрөлгөн. Уул-кыздарыма жолуккум келет.
Нурлан Барктабасов,
тел.: 0778 71-76-03
«ГРУППАЛАШТАРЫМА ЖОЛУКСАМ ДЕЙМ»
– 1977-жылы Фрунзе финансы-экономикалык техникумунун айыл чарбасынын бухгалтери адистиги боюнча «З» группасын бүтүргөн группалаштарымды издейм.
Ысык-Көлдүн Саруу айылынан Кумар, Созул, Оштон Каныкей Мышыкова, Чүйдөн Айна, Гүлмира, Майрамбек, Күлүйпа. Күлүйпага 1997-жылы жолуккам. Андан кийин кабарлашпай калдык. Эгер бул катты окусаңар, мени менен байланышкыла.
Сүйүн Изакова,
тел.: 0777 19-37-02
«КУРБУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Мен 1978-жылы туулган группалаш досум Максүтова Махабат Эсенбаевнаны издейм. Ал Алайдан болот. 2000-жылдан бери анын кабарын биле албадым. Тааныгандар болсо, кабарлашканга жардам берүүңүздөрдү суранам.
Сара Сулайманова,
тел.: +8926 856 72 99
«АСКЕРДЕ ЧОГУУ КЫЗМАТ ӨТӨГӨН ДОСТОРУМДУ ИЗДЕЙМ»
– 1987-89-жылдары Томск шаарындагы №55244 аскердик бөлүгүндө чогуу аскердик кызмат өтөгөн досторумду издейм. Алар: базар-коргондук Турат Кулиев («Тракторист» деп койчубуз), Абдимиталип Гапаров. Эгерде бул досторумду тааныган адамдар болсо, кабарлап коюшуңуздарды суранам.
Алайдан Замир Сатаев, тел.: 0555 29-66-04
«3 ЖЫЛДАН БЕРИ ИЗДЕП КЕЛЕМ»
– 1978-жылы Баткен облусунда туулган Рахат Кайымованы издейм. Москвада чогуу иштеген болчубуз. Ага жолуга элегиме 3 жылдын жүзү болду. Эгерде тааныгандар болсо, кабарлап коюшуңуздарды өтүнөм.
Улук, тел.: 0708 24-58-00
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону:(0312) 47-43-43
Асхат Субанбеков
koom@super.kg