СЕЛСАЯК АДАМ ӨЛТҮРГҮЧ

Кээде адам өмүрү иттин өмүрүндөй эле бааланып калган учурлар кездешет. Ортодогу болбогон талаш үчүн канчалаган адам өмүрлөрү кыйылып жатат. Өзгөчө эркинин боштугунан аракка алдырып, кылмыш жолуна түшүп кеткендерди угуп, зээниң кейийт. Төмөндө сөз боло турган кылмыш айтылган сөздөргө ачык мисал боло алат десек, жаңылышпайбыз.

Биздин каарман

Биздин бүгүн кеп кыла турган каарманыбыз Сергей Скворцов, Бишкек шаарынын Усенбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүндө күн кечирип келген. Өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн Сергей 1960-жылы Бишкекте төрөлүп, мектепти аяктагандан кийин, атайын орто техникалык билимге ээ болот. Жашоосу бир нукта бара жаткандай болгон бул адам кандайча өзүнүн селсаяктарга кошулуп, көчөдө тентип калганын байкабай калат. Бузулган турмушун ичкиликтен тапканын, бирок артка кайтууга кеч болуп калганын түшүнөт. Көпкө ойлонбой туруп, ушул селсаяктык жашоосун уланта берүүнү туура көрөт. Ал ортодо бир нече жолу соттолууга да жетишет.

Кылмыш жолуна кайтып келүү

Коёндой окшош кайталанган күндөрдүн биринде, Сергей өзүн «Александр Владимирович» деп атаган киши менен таанышып калат. Максаттары арак ичип, чер жазуу экенин түшүнүшкөн экөө тез эле тил табышып алышат. Таанышкан биринчи эле күнү көктөн издегени жерден табылып, спирт ичимдиги колго тиет. Жолу болгон немелер Сергей жашаган Усенбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу №3 үйдүн жер төлөсүнө келишет. Экөө өмүр бою тааныш достордой болуп тим эле шаңдуу отурушат. Анан бир топ кызып калышкан жаңы тааныштардын ортосунда чыр-чатак чыгып кетет. Сергей жанындагы бөтөлкөлөш шеригин жаман сөздөр менен тилдеп кирет. Анда Александр: “Тапкан ырыскыма тоюп алып, кайра мени тилдейсиң”,- дейт. Сергей үй меники дегенсип, жаңы таанышынын сөздөрүнө жини келген боюнча дайым жанында жүргөн бычагын сууруп чыгып, Александрды жүрөк тушка үч жолу сайып алат. Бөтөлкөлөш таап, чер жазууну көздөгөн байкуш Александр ошол жерден жан берет. Скворцов тигинин жанталаша кыйналып жатканын бир топко маашырлана карап отурат. Бир аздан соң өзүнө келе түшкөн Сергей, эми кылмышынын изин жашырууга өтөт. Шашпай отуруп, мыкаачылык менен Александрдын колу-бутун кескилеп жиликтейт. Жиликтенген мүчөлөрдү жок кылуу максатында сумкага салып, денени жер төлөгө жашырып коёт. (Тергөөдө Александр Владимирович деп тааныштыргандын өздүгү такталбай калган).

Закусканын ордуна кескиленген дене мүчөлөрү

Кандуу окуядан бир күн өткөндөн кийин эле Сергей көчөдөн Лариса деген аял менен таанышат. Таанышуу бир күн мурдагы күндүн сценарийи менен эле жүрөт. Экөө дароо эски тааныштардай эле өз ара тил табышып, спирт ичимдиктерин алууга жөнөшөт. Бирок бул жолу Сергей жалгыз эмес болчу. Жанында көңүлдөшү Айжан Келгенбаева да бар эле. Үчөө кошулуп, Сергейдин конушуна барышып, селсаяктардын жашоо образы болгон арак ичүүгө киришишет. Мына ошол учурда Ларисанын билбестиктен жасаган бир аракети өлүмгө алып келет. Ал “закуска” табам деп, Сергейдин сумкасына баш бага калбаспы. “Закусканын” ордуна бир күн мурда өлтүрүлгөн Александрдын колу-бутун көргөн Лариса дароо тийиштүү органдарга айтмакчы болот. Натыйжада, мас болуп калган Сергей бир кылмышын жашырам деп башка кылмышка барууга аргасыз болот. Ал жыгач менен Ларисаны башка чаап, алсыз жатканынан пайдаланып, зым менен муунтуп кирет. Жырткычтын көздөрүндөй болгон көздөрү менен Ларисанын жаны чыккыча карап турат. Андан соң кылган оор кылмыштарынын изин жашыруу максатында Айжан Келгенбаева экөө эки денени ошол эле жер төлөнүн бурчуна көмүп, баса беришет (тергөөдө Ларисанын өздүгү такталбай калган).

Көңүлдөшү башкы күбө катары

Ошентип, Сергей кылган кылмыштарымдын изи жабылды деген ойдо, селсаяктык жашоосун улантып жүрө берет. Арадан убакыт өтүп, суук түшө баштаганда, көңүлдөшү Айжан менен бирге таанышы Эгамбердиев Анвардын Бишкек шаарындагы Дачный чолок көчөсүндө жайгашкан 39-үйдүн мончосунда жашап калышат. «Көнгөн адат калабы» болуп, күндөрдүн биринде Сергей аракка тоюп алып, эч бир себепсиз эле колго жасаган бычагы менен Анварды кууп жүрүп, жүрөк тушка сайып алат. Анвар үйүнө качып кирип, бөлмөсүнө бекинип алууга үлгүрөт. Бирок эч бир жардам болбогондуктан, алган жаратынан жаткан жеринде көз жумат. Сергей өзүнө боору ооруп, башпаанек берген Анвардын денесин камыштардын арасына ыргытып жиберет. Эртеси күнү үйдө эч кимдин жоктугунан пайдаланып, Анвардын денесин мончого алып кирип, жиликтеп кирет. Ошол кезде Айжан келип калып, Сергей кантип жиликтеп жатканын көрүп турат. Жиликтенген мүчөлөрдү сумкага салып барып, Чүй кичи каналына ыргытат. Денеден калган кол, сан жана бир нече эттин калдыктарын мончого өрттөөгө аракет кылышат. Бирок дене мүчөлөр күйбөй туруп алгандыктан, жерге көмүп салышат.

Анварды өлтүргөн соң кошуналардын шектенүүсү менен Свердлов райондук РИИБнин кызматкерлери бул ишти иликтөөгө алышат. Күбө катары мурда кылмыштарга күбө болуп, Сергей менен чогуу жүргөн көңүлдөшү Айжан Келгенбаева көрсөтмө берип, болгон чындыкты айтып берет. Ошентип, мыкаачылык менен жасалган бул оор кылмыштардын бети ачылып отурат.

Сергей Скворцовго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин бир нече бөлүм жана бөлүмчөлөрүнүн негизинде күнөө коюлган. Сергей өзүнүн акыркы сөзүн: “Мен кылган кылмыштарым үчүн күнөөмдү толук моюнума алам. Адам өлтүрүп жатканымда мас абалында болчумун”,- деп аяктаган.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kanat
2009-08-21 15:41:24
омурунун аягына чейин камакта отуруусу керек
0
bemakg
2012-01-24 17:02:43
myndai adam baribir onolboit kan korgon adam dagy ele kalai beret kudai saktasyn myndai myka4ylardan
0
№ 354, 14-20-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан