18-июнь түнү Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектешкен жеринде 3 өзбек чек арачысы кыргыз жаранын 3 жолу атып кетишкен. Каза болгон Бакыт Тагаевдин 5 баласы менен калган аялына жардам бериле баштады. Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов маркумдун үйүнө барып, Жогорку Кеңештин атынан 50 миң сом акча каражатын тапшырды. Мындан сырткары буга чейин райондук, облустук жетекчилер тарабынан бир топ жардамдар берилген. Ал эми Кадамжай шаарынан, учурда Орусияда иштеп жүргөн жергиликтүү тургундардын бири Гүлбахар Якубова да бул үй-бүлөдөн кабар алып, өзүнүн жанынан маркумдун балдарына окуу куралдарын тапшырып кайтты.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg